КУМАР АЗАБЫ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Жазгүлдүн ачуулуу жүзүн көрүп, Садыр таӊ кала чочуп да алды.
– Эмне болду, Акыл ооруп калдыбы?- деп суроолуу караган жолдошуна:
– Бала жакшы, уктап жатат,- деген жооп узатты.
– Анан эмне, Жылдызга бир нерсе болдубу?- Садырдын каштары биригип, кабагы түйүлүп чыкты.
– Садыр аке, мени төрөп бериш үчүн эле алдыӊыз беле?- деди Жазгүл. Күтүүсүз берилген суроого жооп таба албай саамга туруп, анан жооп узатты.
– Эмне дейсиӊ? Жөн жай эле сурап жатасыӊбы?
– Сүйүктүү жубайыӊызга бала керек экен. Эшеги ылайдан өтүп, менин кетишимди чыдамсыздык менен күтүп жүрүптүр. Төрөп таштап кеткендей инкубаторду тапкан экен. Темселеп ач калсам да баламды бербейм!- деп ачууланды. Садыр «Эже-сиӊдидей эмес беле, булар дагы аялдыгын кылып жатышкан экен» деп үйгө кирип, Жылдыздан:
– Силерге эмне болгон? Жылан чакпай, жылкы теппей маанайыӊар пас?- деп сурады.
– Көрүп турганыӊдай. Жаш катыныӊ айтып берсе керек.
– Айтты.
– Айтса укканыӊдай болду!- деди ачууланган жубайы.
– Отурчу, сүйлөшөлү,- деди Жылдызга.
«Үйлөн, балалуу бол» деген өзүӊ. Эми эмне, кызганып жатасыӊбы?
– Өзүм кылган иш башыма муш болорун кайдан билдим? Башында билгенимде куу баш болуп өтсөӊ да мындай кылбас элем,- деди армандуу үшкүрүп.
– Аял алып бергениӊди милдет кыласыӊбы?!
– Милдет эмес. Экөөбүз жалындаган жаштык кезде тааныштык. Сүйүшүп баш кошуп, коломтобузду өчүрбөй, нечен жылдан бери жашап келе жатабыз. Бала төрөп бербегеним эле болбосо, ылдыйда жөлөгүӊ, өйдөдө өбөгүӊ болдум. Мага мурункудай карабай калдыӊ. Жазгүлдүн жанынан үйрүлүп чыкпайсыӊ. Бала экөөӊөрдүкү экенин
айтпасаӊар да билем. Бирок...
– Бирок эмне? Эмне керек? Эмне жетишпей жатат?- деди Садыр ордунан козголуп.
– Менин жан дүйнөм сыздап, сенин жылуулугуӊ жетишпей, көӊүлүм муз болуп бара жатпайбы?! Эмне болгонун жүрөгүӊдө мурункудай мага болгон сүйүү болсо билмексиӊ, түшүнмөксүӊ! Запкы тартып, уйкусуз түндөрдү кечиргенимди сезмексиӊ!- деп жаны ачып безеленди. Жубайынын сөзү Садырдын жүрөгүн ойготту өӊдөнөт. Күнөөсүн моюнуна алгансып, үн катпай отуруп калды. 
Уруш кимге жаксын? Үйдө мурдагыдай шаӊ жок. Күн өтүп Акыл салмак кошуп, көзгө сүйкүмдүү көрүнүп баратат. Жылдыздын жай айткан сунушуна ачууланганына Жазгүл кээде туура эмес кылдым деп өкүнсө, кээде менин да үй-бүлөм болуш керек, бактылуу болгонго мен дагы акылуумун деп кекирейип алчу болду. Жылдыз санааны башына үйүп, азаптын оор жүгүн көтөрүп жүдөө тартып кеткен. Эки аялдын ортосунда Садыр дагы чайналды. Биринин көзүн караса, экинчиси кызганат. Бирөөнө жакшы сүйлөсө, бири таарынат.  Эмне кылсам деген ой аны жеп бүтмөй болду.
Бир күнү Жылдызга:
– Көптөн бери азапка башыӊды малып жүрөсүӊ, өзүӊдү колго алчы.
–Айтчы, кантип колго алам? Жүрөгүмө канжар сайып, кайра дарылайм дейсиӊби?!- деди бышактап.
«Төрөп бердиӊ. Эми колуӊ бош, жолуӊ ачык, төркүнүӊө кете бер» дейинби? Кайсы эне  баласын «ме, ал!» деп берип кетип калсын?
– Сүйлөш, баланы бизге берсин. Эмне кааласа алып берели.
– Кантип кет деп айтам?
– Андай болсо өзүм сүйлөшөм. Ал дагы эне, түшүнүп калар. Жылдыз бар үмүтүн артып, жалынып-жалбарса дагы баланы алууну ойлонду. Аялдарынын тил табыша албай, чатак чыгып кетишинен чочуп Жылдызды токтотту.
– Макул, мен көндүрөм. Акылга өзүӊ апа болосуӊ. Тарбиялап чоӊойтосуӊ. Энелик бакыт эмне экенин өз жон териӊ менен сезесиӊ!- деди. Бул сөздөрдү укканда анын үстүнөн оор жүк түшкөнсүп үшкүрүп алды.
Садыр Жазгүлгө иштин жайын түшүндүрдү. Кечинде төшөктө жатканда шыпты тиктеп «Жазгүл» деди. Ал угуп жаткандай түр көрсөтүп башын ийкеди.
– Билем, Жылдыз экөөӊөр тил табыша албадыӊар.
– Ооба, түз качырып «баланы бер да, кете бер» десе, унчукпай калат белем? Эжеден мындай сөз угам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес.
– Баланы бер дегени, ал дагы эне болгусу келип жатпайбы. Жарыкчылыкта баладан өткөн бакыт жок. Тилекке каршы, Жылдызга эне болуу бактысы буюрбаптыр,- деди жай гана.
– Садыр аке, «баланы бизге таштап кет дейин» дейсизби?!
– Жок, мен сени менен кетем. Коӊшу айылдагы үйгө көчүп кетебиз. Бир үйдө эзелтеден эки аял ынтымактуу жашаган эмес. Акылды болсо Жылдызга берели,- деп оозун жыйгыча:
– Баламды эч качан бербейм!- деп ызырынды. Азыр эле бирөө тартып алчудай баланы кучактаган Жазгүлгө:
– Экөөбүз көп балалуу болобуз. Акыл дагы биздин балабыз болот. Аны көрүп турасыӊ.
– Жок, баламдан карыш алыстабайм!- деди башын чайкап.
–  Эжеӊди адам катары аяп койчу. Эми биз Акылсыз жашай алмак белек, ал баарыбыздыкы. Сен төрөгөн апасы болсоӊ, Жылдыз баккан энеси болот. Аман-эсен бой жетсе, баарыбызга теӊ болот,- деп Садыр жалооруду. Түнү менен жалдырап, көндүрүүнүн жолун издеди. Коӊшу айылдагы үйдү анын наамына жаздырып бермей болуп Жазгүлдү эптеп көндүрдү. Эртеси Акылдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү «апасы» деген жерди «Жылдыз Кеӊешова» деп өзгөртүштү. Ал тогуз ай көтөрүп, толготуп төрөгөндөй кубанып алган. Жазгүл баласын бирөөгө таштап кетип жатканына бушайман болгону менен, Садыр мени таштабайт экен, буга да шүгүр деп өзүн сооротуп жатты. Ишти кызуусунда бүтүрүүнү ойлоп, машинага тиешелүү буюм-тайымдарды жүктөп Садыр аны көчүрүп кетти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
aiyma887
2015-04-20 10:55:11
Салам Супер коп-коптон жазгылачы. Эми бир жума кутмой
0
mirana9395
2015-04-20 15:36:40
Эми кызыгына келгенде бутуп калды дааааааааа
0
martaprelmay2015
2015-04-20 16:35:34
Эркек деген ушул да...Садырдын кылган иши мага жаккан жок,жаш катындын артынан ээрчип кетип жатканын,баласын да таштап...озу башында максаты эмне эле?ушундайларды окусам эркек аттуунун баарын жек коруп кетем...байкуш Жылдыз акыбалы не болоор экен.
+1
tynara81
2015-04-20 18:02:33
martaprelmay2015, мен да ушинтип ойлоп жанып кашайып атат. Алдап- соолап көчүрүп барып, үйүн каттап берип, кайра келээр деп үмүттөнө туралычы.
0
ferideMS
2015-04-20 18:35:21
Эхх мынча журокту оорутчу чыгарма((
0
ZaRi_RaYa
2015-04-20 20:54:32
иииий ээми кызып окуп баштадым эле бутуп кплды коооооооптон эле жазгылачы
0
Elnuram090
2015-04-20 20:58:54
ал келиндин башка балдары эмне болдукен ал да кызык болуп жатат экоо стен акылдуу аял экен.
0
Aruukeramazan
2015-04-21 04:34:37
Карап турсан учооно тен жалко. Ар биринин чындыгы дегендей
0
Ledi89
2015-04-21 11:29:23
Кызганыч эх, жаман адамды туготот! Мындай ахыбалдан туура чечим чыгаруу кыйын,эчкимдин башына салбасын.
0
Mamalashka_2013
2015-04-26 13:37:04
Турмушта сабак болчуу чыгарма экен.Супер коптон еле жазгылачы сураныч..
0
№ 650, 17-апрель-23-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан