Концертке келиңиз
21-22-декабрь күндөрү борбор калаабыздагы Спорт Ордосунда жылдын суперлери аныкталат. Тагыраак айтканда, “Супер-Инфо” гезити ар жылы салтка айланып калган супер концертин өткөрөт. Концерт кандай өтөт, кандай кызыктар күтүлүүдө, негизи эле супер концерт тууралуу анын уюштуруучусу белгилүү продюсер жана режиссёр Рысбек Жабиров кеп салып берди.
КОНЦЕРТ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА
– 21-22-декабрда өтүүчү концерт жылдын супер концерти болот деп ишендирем. Ага келген да, келбеген да арманда. Негизи, ар жылы өтүүчү концертти элге жылдын супер ырчыларын аныктап берүүчү чоң долбоор десек да болот. Жылдын суперлерин тандоо долбоору жылдан жылга бир тепкичке өйдө көтөрүлүп, жакшы жакка өзгөрүлүүдө. Бул ыргак менен кете берсе, аталган долбоор республикалык деңгээлде өтүүчү фестивалга айланышы толук мүмкүн.
ЭЛ ЭКИ КҮН ТЕҢ ЧОҢ ПОЗИТИВ АЛАТ
– Эки күн болуучу концерт катардагы кечелерге окшошпойт. Айырмасы чоң. Түзүлгөн сценарийди карап, келген элди уктатпай жакшы маанай тартуулай алабыз деген ишенимдебиз. Биринчи күнү келип көргөн адам экинчи күнү такыр башка кечени көрөт. Ошондуктан көрүүчүлөргө айтар элем, чыгынып туруп эки күн катар келсе ыраазы болуп, позитивдүү маанайда кайтат. Биз ал үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз.
КОНЦЕРТТИН СЦЕНАРИЙИ
– Концерт көнүмүшкө айланып калган бий тобу эмес, сонун жасалган слайд-шоу менен ачылат. Көрүүчүлөр популярдуу “Супер-Инфо” гезитине тиешелүү кызыктуу маалыматтарды камтыган сүрөттөр, видеороликтерди көрө алышат. Ал эми алпаруучулар өзүнчө чоң тема. Аларды карап, төрөлгөндө эле колуна микрофон кармап жарыкка келгенби, деген ой кетет. Концертте атактуу адамдар да болот. Көрөсүңөр го, алар да эки чылбыр бир тизгинди кармашып, залды дүңгүрөтөт. Алардын ким экени, азырынча сюрприз. Калган толгон-токой кызыктарды ачпай эле коёюн, кечеден көрүп алыңыздар. Андыктан жылдын супер концертине кош келиңиздер демекчибиз.
БИЛЕТ БААСЫ АРЗАН
– Чоң ырахат алуучу, жогорку деңгээлде уюшулуп жаткан супер концерттин баасы супер кымбат эмес, арзан эле. 100 билеттин баасы гана 350 сом болот. Калганы 200 сомдон эле. Бул акча табуучу концерт эмес, бренд концерт. Анан да келген көрүүчүлөр кетирген акчасына ичи оорубай ыраазы болуп кайтат. Буга бир себеп – өлкөбүздүн мегапопулярдуу ырчыларынын баары катышышы.
КАТЫШУУЧУЛАР ЖАНА КОНОКТОР КИМДЕР?
– "Концертиңерде бир ыр ырдап берейинчи, катышайынчы?" дегендер көп. Убакыттын тардыгына байланыштуу баарын катыштыра албадык. Концертке Тата Улан, Кенже Дүйшеева, Ильяз Абдыразаков, Жанета Бобкова, Мирбек Атабеков, Айпери Кубик кызы, Жаным Айзат, Добр, Каныкей, Сайкал Садыбакасова, Бекчоро, коноктордон болсо Гүлнур Сатылганова, Бек Борбиев, Урмат Усенов, Неля, Даниель, Айдин Шер жана башкалар катышышат.
ЖАҢЫ ЖЫЛГА ЖАРКЫН МААНАЙ МЕНЕН
– Жылдагыдан айырмаланып жогоруда атап кеткен чоң позитивдүү маанайды элге тартуулоо үчүн концертти атайын Жаңы жыл босогосуна алып келдик. Бул да болсо элибиз Жаңы жылга жаркын маанай менен кирип баруусуна кандайдыр бир деңгээлде өбөлгө болсун дегенибиз. Ал эми концерттин өзүн көрбөй калгандар өлкөбүздүн алдыңкы телеканалдарынан көрө алышат.
P.S. Супер концерт тууралуу фоторепортажды гезитибиздин келерки санынан окуй аласыздар.
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg