КОЗУ КАРЫН ЖҮРӨК-КАН ТАМЫР ООРУЛАРЫНЫН АЛДЫН АЛАТ

Козу карын жаӊы терилген, кургатылган, маринаддалган, туздалган түрүндө тамак-ашка колдонулат. Курамы витаминдерге, белок, май, микроэлементтерге бай. Андыктан жегенде чачтын, теринин, тырмактын абалы жакшырат. Ушундай касиетке ээ козу карынды колдонуу тууралуу сөз кылабыз.

КОЛДОНОРДОН МУРДА...
Жаӊы терилгендерин бышырардан мурда 4-5 сыйра жууӊуз. Ал эми лисичка жана чүкчүгүйдү туздуу сууда 15 мүнөт кайнатып алуу керек. Туздалган жана маринаддалгандарын тамакка кошордон мурда муздак сууга чайкаӊыз.

КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?
Подагра, бөйрөк, боор, ашказан-ичеги, тери оорусу барлар 1 айда 1 гана жолу сууга бышырылганын жесе болот. Ал эми куурулганын, туздалганын жесе, оорусу күчөп кетет. Сиӊиши оор болгону үчүн 8 жашка чейинки балдарга бербеш керек.

«УУЛУУ КОЗУ КАРЫНДАР ООРУКАНА ЖЫТТАНАТ»
Светлана Мосолова,
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун микология жана фитопатология лабораториясынын жетекчиси:
– Кыргызстанда козу карындардын 2167 түрү бар. Мунун 98 түрү желе тургандар (уулуу эмес). Аларга вёшенка, лисичка, опёнок, кайыӊчыл (подберёзовик), кыкчыл (новозник), байтерекчи (подосиновик), талаа ак козу карыны, сыроежка, чүкчүгүй (сморчок) жана башкалар кирет. Уулуу козу карындар: куу поганка (бледная поганка), кол чатыр сымал козу карын, жалган опёнок, жалган лисичка, уулуу шампиньон жана башкалар.
Кээ бир уулуу козу карындар сыртынан уулуу эместерге окшош, мисалы, уулуу куу поганка желчү шампиньонго. Айырмасы куу поганканын калпакчасынын алды ак өӊдө, ал эми шампиньондуку күлгүн. Желчү лисичканын калпакчасынын жээги толкун сымал, жалган лисичканыкы тегиз.
Козу карындын уулуу же уулуу эмес экенин жыттап ажыратса да болот. Эгер жыттаганда же бышырып жатканда карбол кычкылы (дарыканага же ооруканага киргенде жыттанчу жыт) жыттанса, анда уулуу козу карын. Ууланып калбоо үчүн өзүӊүздөргө таанымалдарын териӊиз же болбосо билген адамдарга кайрылыӊыз! Жолго, аэропортко, завод-фабрикага жакын жерлерде өскөндөр уулуу болушат, аларды терүүгө болбойт!
Козу карын медицинада дары катары ХVII кылымда колдонула баштаган. Англия, АКШ, Индия, Япониянын окумуштууларынын изилдөөлөрү боюнча, козу карындын жардамы менен бир нече оорулардан айыгууга болору аныкталган. Козу карындан түрдүү дарылар жасалып, алардын жардамы менен рак, кургак учук, урук чыктагыч бездин, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга болору билинген.
ЭТ ЖАНА КОЗУ КАРЫНДАН СУЮК ТАМАК
Керектелүүчү азыктар:

Уйдун эти – 200 грамм
Жаӊы терилген козу карын – 150 грамм
Сабиз, картошка – 2 даанадан
Пияз – 1 даана
Ун – 1 аш кашык
Суу – 1.3 литр
Каймак – 2 аш кашык
Өсүмдүк майы – 30 грамм
Ашкөк, петрушка – 2 талдан
Туз, мурч татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
1. Уйдун этин сууга бышырып алабыз.
2. Пиязды, сабизди, картошканы аарчып, көк чөптөрдү кошо жууп, туурайбыз.

3. Көмөч казанга майды куюп, алгач пиязды, сабизди, анан картошканы, эӊ артында козу карынды кууруп, ашкөк менен петрушканы салып, 10 мүнөттөй демдейбиз. Эми ун кошуп кууруй түшөбүз да үстүнө бышып, майда тууралган этти салып жиберебиз. Жай отто 7 мүнөттөй кармайбыз. Анан эттин шорпосун үстүнө куюп, туз, мурч салып, жай отто 10 мүнөттөй кайнатабыз. Дасторконго берер алдында каймакты, көк чөптөрдүн калганын кошуп коёбуз.

КАЙМАКТА БЫШКАН КОЗУ КАРЫН
Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Жаӊы терилген козу карын (уулуу эмес түрлөрүнүн баарын колдонсо болот) – 800 грамм
Пияз – 2 даана
Каймак – 200 грамм
Өсүмдүк майы – 60 грамм
Петрушка (же ашкөк) – жарым боо
Туз, мурч татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
1. Козу карынды жакшылап жууп, калпакчасынан кесип туурайбыз. Ал эми пияз жарым шакекче түрүндө тууралат.
2. Көмөч казанга өсүмдүк майын куюп, пиязды куурабыз. Анан козу карындарды салып, чогуу бир аз кууруйбуз. Эми капкакты жаап, отту басаӊдатып 10 мүнөт кармайбыз. Түбүнө тартпашы үчүн аралаштырып туруу керек. Анан үстүнө каймакты куюп, тууралган петрушканы кошуп аралаштырып, жай отто 15 мүнөт демдейбиз. Даяр тамакты
чыгарып, үстүн кооздоп коёбуз.
Эскертүү: Каалоочулар спагеттини (макарон) сууга бышырып, тамакка гарнир катары колдонушса болот. Ошондой эле 1-2 кызыл болгар калемпирин туурап, каймактан мурун кошуп жиберүүгө да мүмкүн.

ШАМПИНЬОН КОШУЛГАН САЛАТ
Керектелүүчү азыктар:

Ышталган тоок эти (же сууга бышырылган) – 250 грамм
Сыр (катуу сорту) – 150 грамм
Маринаддалган шампиньон – 250 грамм
Сабиз, картошка – 2 даанада
Жумуртка – 4 даана
Жаӊгак – 10 даана
Майонез – 300 грамм
Туз, мурч татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
1. Картошканы, сабизди, жумуртканы сууга бышырып, аарчыйбыз. Анан аталгандарды жана сырды сүргүчтөн өткөрүп, ар башка идиштерге салабыз.
2. Тооктун этин майда туурап, жаӊгакты майдалап, өзүнчө идиштерге салабыз.
3. Эми тарелкага 1-катмарды жайгаштырабыз. Ал үчүн сүргүчтөн өткөрүлгөн азыктардын жарымын колдонобуз. Алгач сабиздин, анан сырдын, жумуртканын, эӊ үстүнө картошканын жарымын салабыз. Үстүнө туз, мурчту себелеп, майонезди куябыз. Эми булардын үстүнө этти, анан козу карынды, жаӊгакты себелейбиз.
2-катмар тескерисинче жайгаштырылат: картошка, жумуртка, майонез, сыр, эӊ үстүндө сабиз. Салат даяр.

УУЛУУ ЭМЕС КОЗУ КАРЫН

УУЛУУ КОЗУ КАРЫН

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
diiazbek
2015-04-29 10:43:47
Бизде чукчугуй козу карын осоот курууп жесеен ооооо олоо сонундаа
0
№ 651, 24-апрель-30-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан