КЫРГЫЗСТАНДЫК ЫРЧЫ МЕЛАДЗЕНИН ТАРБИЯСЫН АЛУУДА

Орус-украин композитору, продюсер Константин Меладзенин кезектеги окуучулары тууралуу маалымат беребиз. Түштүк Кореянын «Мыкты жигиттер» тасмасындагы каармандардын жана канадалык ырчы Жастин Бибердин стилиндеги «MBAND» тобунун түптөлгөнүнө аз гана убакыт болду. Ага карабай алардын «Ал кайрылып келет» («Она вернётся») аттуу ыры учурдун хити. Аталган топтун мүчөсү Анатолий бир кезде кыргыз сахнасынын жылдызы болгонун айта кетпесек болбос. Кезинде Толик Кыргызстандагы «МКД» тобунда ырдачу. Аталган топтун «Сауле» аттуу ыры учурунда хит болуп, көпчүлүктүн эсинде калган.Анда кеп 4 жигит тууралуу болсун.
«Меладзеге баргым келет» («Хочу к Меладзе») – музыкалык реалити-шоу. Белгилүү композитор жана продюсер Константин Меладзе жигиттердин жаӊы тобун түзүү максатында 2014-жылы КМШ өлкөлөрүндө жашаган таланттууларга тандоо жарыялаган. Ошол эле жылдын 22-ноябрында тандоонун жыйынтыгы көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү аркылуу жыйынтыкталып, жеӊүүчүлөрдөн «МBAND» аттуу топ түзүлгөн.

АРТЁМ ПИНДЮРА
1990-жылы 13-февралда Киев шаарында жарыкка келген. Артём буга чейин хип-хоп стилиндеги ырларды ырдачу. Бул жигит тандоо турунда рэп окуп, Тиматинин сүймөнчүгүнө айланган эле.
Артём: «Мени долбоордун жүрүшүндө Тимати аябай колдоп турду. Бирок шоунун алкагындагы мугалимим Сергей Лазарев болду. Поп ырчысы менен кантип тил табышам деп кооптондум эле, Сергейдин иш билгилиги, тажрыйбасы мени таӊ калтырды»,- деген.
Артём аталган долбоор үчүн сүйүктүүсүнөн баш тарткандыгын айтат. Анын: «Буга чейин эки анжы ойдо болчумун. Чыгармачылыктын жолун бууп, биротоло өзүмдү үй-бүлөгө багыштасамбы дегем. Себеби менин ырдаганымды, рэп окуганымды эч ким колдочу эмес. Өзгөчө менин сүйлөшкөн кызым «бул обу жоктордун иши» деп айта берчү. Топ түзүлгөн соӊ акыркы чечимимди чыгардым. Ал – топто калып, бир туугандай болуп калган жигиттер менен музыка дүйнөсүн багынтууга умтулуу эле»,- деп айтканы бар.

ВЛАДИСЛАВ РАММ
1995-жылы 17-сентябрда Орусиянын Кемерово шаарында туулган. Бул жигит долбоордун кастингине келгенде ырчы Вера Брежневага болгон сезимдерин айтып, элдин эсинде калган болчу. Бирок ошол эле күнү ал үй-бүлөлүү экенин жар салып, көрүүчүлөрдү эки эсе таӊдандырган. Чындыгында, Владиславдын жашоосу аталган шоуго келгенден кийин такыр башка нукка бурулду.
Владислав: «Мен жашоомдогу эӊ кыйын тандоону жасадым. Кош бойлуу жубайым менен ажырашып, өзүмдү бүтүндөй музыкага арноону чечтим. Бирок мен үчүн мындай тыянакка келүү аябай оор болду»,- дейт. Ошентип Слава өзүн чыгармачылыкка багыштап, учурда музыкадан башы чыкпай жүргөн кези.

НИКИТА КИОССЕ
1998-жылдын 13-апрелинде Орусиянын Рязань шаарында төрөлгөн. Топтун эӊ кичүүсү. Буга чейин түрдүү эл аралык сынактарга катышып келген. Никитанын талыкпаган эмгеги акыры аны атактуу продюсердин колуна алып келди.
Никитанын: «Тандоого келгенде Меладзеге жагам деп ойлогон эмесмин. Бул долбоор мага эӊ сонун мүмкүнчүлүк берди. Менин сахнага чыгып ырдоо кыялым орундалды»,- деп айтканы бар.
Алдыда Никитаны жана топтун башка мүчөлөрүн дагы көптөгөн бийиктиктер күтүп турат. Анын арасында кыздардын дагы көӊүл чордонунда болууга көнүү керек. Топтун күйөрмандары Никитаны Жастин Биберге окшоштурушуп, өзгөчө жакшы көрүшөт.
Никита: «Менин жүрөгүм бош экенин айтып коюшум керек. Азырынча мага сүйүү мамилелерин курууга болбойт. Бул менин негизги максаттарымдан тышкаркы маселе. Бирок сүйүүдөн качып кутулбасам керек»,- дейт.

АНАТОЛИЙ ЦОЙ
Анатолий 1989-жылы 28-июлда туулган. Бул жигиттин өӊү да, үнү да баарыбызга тааныш. Анткени Бишкекте жаралган «МКД» эстрадалык тобунун мүчөсү катары мекендештерибиздин эсинде. Кийин чыгармачылыгын Казакстанда улантканын билебиз. Бирок Толиктин долбоордун жүрүшүндө Кыргызстан тууралуу бир да жолу үн катпагандыгы көпчүлүк мекендештерибизди капалантты.
Анатолий: «Долбоор мен үчүн жашоомдун жаӊы тепкичи болду. Буга чейин алгач Казакстанды, кийин Орусияны багынтам деп алдыга максат койгон элем. Тилектерим орундалып жатканына ишенбей турам. Азыр дагы түш көрүп жаткандай абалда жүрөм»,- деп сүйүнүчүн жашырган эмес.
Бул катышуучу тандоо турунан тартып Константин Меладзенин сүйүктүү талапкерине айланды. Долбоордун финалында Анатолийдин топко мүчө болору айдан ачык болуп калган эле. Чыгармачылык кадамдарын Кыргызстандан баштаган Анатолийдин кесиптештери менен байланышып, ал тууралуу кененирээк маалымат алдык.

Айя Садырова, сахналашы: «ТОЛИК МЕНЕН АЗЫР БАЙЛАНЫШЫБЫЗ ЖОК»
– Толик менен 2005-жылы таанышканбыз. Аябай таланттуу, аракетчил жигит. Ата-энеси аны жаштайынан эле музыкага аралаштырып өстүрүшкөн, ошондуктан анын ийгиликтерине таӊ калбайм. Кыргызстанда 3 жылдай ырдаган соӊ «Казакстанда мүмкүнчүлүктөр көп» деп ошол жакка кетти. Кийин эки-үч жолу байланыштык. Акыркы ирет «Бишкекке кайтпай турган болдум» деген болчу. Музыкага болгон кызыгуусу аны Орусиянын сахнасына жетеледи.

Бир кездерде «МКД» тобунда чогуу ырдап жүргөн Төлөн Турсуналиев: «ТОЛИКТИН ИЙГИЛИГИН КӨРҮП КУБАНДЫМ»
– Анатолий экөөбүз 13 жыл мурун таанышканбыз. Абай жана Чыӊгыз аттуу досторубуз менен бир концерттен аны көрүп калдык. Ырдаганын жактырып, «МКД» тобун түзүү сунушун киргизип, чогуу иштей баштаганбыз. Биздин топ сахнада 3 жыл жашады. Ал убакыт ичинде «Жибек» аттуу ырлар жыйнагын чыгардык. Анын ичинде «Сауле», «Мой сон», «Апакем» сыяктуу ырларыбыз менен жалпысынан 12 ыр бар болчу.
2007-жылдан тартып Казакстанда дагы ырдай баштадык. Бирок мен Бишкекти сагынып келе бердим. Толик «бул жактан эле иштейли» деп далай жолу чакырды. Мен мекенимде калууну чечтим. Досумдун талыкпаган эмгегинин акыбети кайтууда. Азыр мекендештерибиз «чыгармачылыгы Кыргызстанда башталганын айтса болмок» деп жатышат. Туура, бирок буга долбоордун ички саясаты жол бербеди окшойт. Толик Казакстандын Талдыкорган шаарында туулган. 2001-жылы ата-энесинин жумушуна байланыштуу Бишкекке көчүп келишкен. Бул жерде музыкалык мектепте жана орто мектепте окуп жүрдү. Бишкекте экөөбүзгө вокалдан сабак берген Ирина Васильевна аттуу эжейибиз жашайт. Толик ага жолукканы дайыма келип турат. Досумдун ийгилигине эжейибиз дагы абдан кубанып жатат. Мен дагы ага ийгилик каалайм!

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
eliza5566
2015-04-27 09:27:30
онорунор оркундой берсин
0
suiuktuujar
2015-04-27 12:00:16
ийгилик.
0
aikol87
2015-04-27 12:45:30
Кайсы санынан таап окусам болот,суроту турганын.Суперлер айтып койгулачы сураныч.
0
Bermet_Kasymova
2015-04-27 13:45:34
Рамм олло красавчик да). келишим боюнча жеке жашоону унутуш керек деген бар окшойт сыягы. Никита жаман жаш го
+1
mirana9395
2015-04-27 15:20:54
Владислав красачик аябай жагат,бирок бул топтун жигиттери баары озуно топ келишкен жакшынакай кулгондору озунчо эле укмушко.
0
biyke_kg
2015-04-27 16:35:50
ушул "хочу к Меладзе" долбоорун баштан аяк кордум го кутуп, ар ишемби. Таланттуулар тандалды. Чын эле Цойдун Кыргызстан жонундо эч ооз ачбаганы танкалычтуу
0
Afina
2015-04-27 18:39:43
Анатолий Цой абдааааан жагат да))))) мен ал Кыргызстанды ырдагынын биринчи жолу билип атам.
0
Ashka
2015-04-28 00:41:28
Биринчи чачтары корун0тко булардын. О алдындагы экоо,ажырашпай эле чыгармачылыка барса болбойт бекен,соссуз ажырашпай.
0
asad345
2015-04-28 08:01:13
меладзенин колунда тарбия алса анда жакшы экен,/ кыздар да болуш керек меладзеде
0
Senuchunzhashaim
2015-04-28 22:09:39
Бул ырчыны тааныбайт экенмин, Кыргызстандык экенин айтпаса жок)) эмнесине капаланалы? Мындан башка Кыргызстандын атын чыгарчу жаштарыбыз толтура! Алмаз байке Атайчиктер... Эн негизгиси аман болсун! Ийгилик!
0
kanyshaikg
2015-04-30 20:39:14
Ушул группа аябай жагат. Она вернётся деген ыры сонун да
0
balaary
2015-05-04 05:32:53
Кандай гана коколобо кайдан биринчи туз таткан жеринди унутпа дейтго)))) а он оказывается забыл об этом))))
0
№ 651, 24-апрель-30-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан