КҮН КАРАМА АКЧАНЫ ДА, МЭЭНЕТТИ ДА АЗ ТАЛАП КЫЛАТ

Күн караманын данынан алынуучу май тамак-ашка, андан тышкары самын жана лак, сыр чыгарууда колдонулат. Күнжарасы малга тоют ордуна берилет. Мына ушундай пайдалуу өсүмдүктү өстүрүп, пайда тапкандардын бири Бишкектин Ак-Босого конушунун жашоочусу Икрамидин Кубатов. Ал күн караманы өстүрүү жаатында кеӊеш бермекчи.

КЕЧ ЭГИЛСЕ КУРТ ТҮШҮП КЕТЕТ
– Мен күн караманын заря сортун (ак-кара жолдору бар) жылда 3 гектар жерге айдайм. Бул өсүмдүк Чүйдө апрель ичи айдалат. Мартта эксе да болот, бирок күн суук болгондуктан 2-3 жалбырак ачкандан кийин ооруп, өсө албай калат. Кеч себилсе, жер кургап кетип жакшы чыкпай калышы мүмкүн. Анын үстүнө даны катыганга үлгүрбөй, курт түшүп, түшүм жакшы болбойт. Андыктан апрелде сепсе, курт көпөлөктөр чыккыча өсүп, убагында дан алып, курт да түшпөйт.
Семиз жерге айдаганга болбойт, анткени бою өсүп кетип, башында даны аз болуп калат. Ошол себептүү төө буурчак, беде айдалган жерге айдалбайт. Жүгөрү, буудай, картошка же жашылча айдалган жердин ордуна эксе, түшүм жакшы берет.
Айта кетчү нерсе, күн карама мээнетти көп талап кылбагандыктан жумуштан кийин бош убактысы барлар деле эгип, киреше таба алышат. Мисалы, мугалимдер, врачтар.

1 ГЕКТАР ЖЕРГЕ ЭГҮҮ, ӨСТҮРҮҮ
Жазында жер айдалып, малаланат. 1 гектарга 10 килограмм урук трактор менен 2-3 сантиметр тереӊдикте себилет. Арадан 7-10 күн өткөндө күн карама өнүп чыгат. Бою 1 карыш болгондо отолуп, суюлтулат. Муну үйдөгүлөр болуп өзүбүз бүтүрсөк болот. Эгер жумушчуларды жалдасак, 3 адам 4 күндө бүтүрүп берет. Өсүмдүктүн бою 30 сантиметрге жетти дегенде аралыгы 70 сантиметрден кылып жөөктөр тартылат. Ошону менен күн карама гүлдөгөнгө чейин күтөбүз (болжол менен эккенден 2 ай өткөндө). Толук гүл ачканда сугарылат. Андан кийин 4 ирет (ар бир 15 күн сайын) сугарылат да, анан токтотулат. Даны 120-130 күн дегенде бышат.
Күн карама башка өсүмдүктөрдөй болуп көп оорубайт. Андыктан дары бербейм. Бышканда күн караманын башын жыйноочу комбайн менен жыйнап аласыӊ. Кокус комбайн табылбай адамдарды жалдап кол менен кесип жыйнаса, анда 10 миӊ сом чыгым тартасыӊ. Түшүм карап-бакканга жараша 2-3 тонна алынат. Анан жүктөп келип, базардагы суроо-талапка жараша четинен дүӊ баада чийки түрүндө өткөзө берем.

Киреше
Гектарынан 2 тонна (же 2000 килограмм) алынып, дүӊүнөн 60 сомдон сатылды дейли.
2000x60=120 000 сом.
120 000-33 700=86 300 сом.
Таза киреше-86 300 сом

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
talant87
2015-04-27 11:11:13
айтаберсен жомок аны азабы бар айткандай боло берсе баарысы эгет эле 60 сом эмес 20сомдон жогору болот
0
vera23
2015-04-27 16:13:13
60сом бишкекте еле болушу мумукун а озгондо 20 сомдон 25сомго чейин еле болот 60сомдон болсо жакшы болот елего.
0
abai
2015-04-28 03:42:06
2000x20=40000
40000-33700=6300
Таза киреше - 6300
Рахмат билип алдым ертен себем
+2
sergo
2015-04-28 08:32:24
abai,
0
Aiperi0105
2015-04-28 12:48:25
Эч кандай аз мээнет талап кылынбайт. Эн коп мээнетти ушул кун карама талап кылат.
0
moskva.slezam.neverit
2015-04-28 16:15:55
Айтып отурса баары жомок жазып коюш женил эле а анын меенетичи меенетин жазып койгон адам билеби же сееп жургон адам билеби????????????????????????????????????
0
omor.86
2015-04-28 18:03:34
Жердин ижара акысы бизде 500сом бир сотх.бир гектар 50мин сом.
0
tagokg
2015-04-29 10:10:13
Канымжан, Сизге рахмат, изилдеп, тактап, гезитке чыгарганыныз учун. Мага дегеле гезиттин ушул рубрикасы жагат. Пайдалуу жактарын озум кээде колдонуп журом.
0
№ 651, 24-апрель-30-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан