ХИЛЛАРИ КЛИНТОН – ТАКТЫНЫ КӨЗДӨГӨН ХАНАЙЫМ

Хиллари Клинтон АКШнын экс-президенти Билл Клинтондун жубайы. Бүгүн ал АКШнын Ак үйүнө биринчи айым эмес, президент болуп кирип баруу дымагында. Ооба, ал Америка Кошмо Штаттарында 2016-жылы өтүүчү президенттик жарышта фаворит болору талашсыз. Биз бул айымдын жашоосу кандай башталгандыгын, кандай уланып, кандай бурулуштарга дуушар болгондугуна үӊүлүп көрдүк.

Толук аты-жөнү – Хиллари Дайан Родэм Клинтон
1947-жылы 26-октябрда Чикаго шаарында туулган
1969-1973-жылдары Йель университетинин юридика факультетинде окуган
1993-2001-жылдары АКШнын биринчи айымы
2000-2009-жылдары Нью-Йорк штатынан сенатор
2009-2013-жылдары АКШнын Мамлекеттик катчысы
Учурда АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер
Үй-бүлөлүү, 1 кыздын энеси

КОСМОСТУ КЫДЫРГЫСЫ КЕЛГЕН КИЧИНЕКЕЙ ХИЛЛАРИ
Хиллари Дороти жана Хью Родэмдердин тун кызы. Дороти үй кожойкеси болсо, Хью чакан текстилдик ишкананы иштетүү менен алектенип келген. Кезинде алар өздөрүнүн сүйкүмдүү наристеси АКШнын өнүгүп-өсүшүнө салым кошкон инсан болорун боолголошпосо керек. Бирок Хиллари бала кезинен тарта өзгөчө активдүү болгон. Ал сууда сүзүүгө, бейсбол ойноого жана кайрымдуулук иш-чараларына катышканга да жетишер эле. Бала кезинде космос мейкиндигин аралап, космонавт болууну да самачу.
Хиллари жаштайынан эле саясатка кадам таштаган десек болот. 1964-жылы президенттикке талапкер Барри Голдуотердин шайлоо штабында эмгектенген. 1965-жылы ал Уэлслли колледжинде окуп баштаганда жаш республикачылардын коомунун президенти болуу менен, коомдук иштерге активдүү аралашып, Вьетнам согушуна каршы нааразычылык акциясын өткөргөн.

БИРИНЧИ АЙЫМДЫККА БИРИНЧИ КАДАМДАР
1968-жылы Хиллари жогоруда аталган окуу жайды аяктап, Йель университетинин юридика факультетине тапшырган. Бул университет Хилларинин жеке жашоосундагы чоӊ бурулуш жасаган жай десе болчудай. Себеби келечектеги жолдошу Билл Клинтон менен дал ушул университеттин китепканасынан таанышкан.
1975-жылдын 11-октябрында Билл менен Хиллари үлпөт тоюн өткөрүп, баш кошушкан. Ал кезде Билл 29, Хиллари 28 жашта болчу. Сүйүктүүсүнүн колдоосу мененби же экөөнүн баш кошушу ийгилик алып келгенби, айтор, бир жылдан кийин эле Билл Клинтон Арканзас штатынын башкы прокурору болуп дайындалган.
1978-жылы Билл аталган штаттын губернатору болуп шайланган. Штаттын биринчи айымы катары Хиллари коомдук иштерге, кайрымдуулук иш-чараларына активдүү катышып, өзүн жакшы жагынан көрсөтө алган. 1980-жылы алар Челси аттуу кыздуу болушат. Замандаштары алар тууралуу «Билл менен Хилларинин үй-бүлөсү – бул өзгөчө күчтүү биримдик» деп айтканы да бекеринен болбосо керек. Себеби 1993-жылы Билл Клинтон АКШнын президенти болуп шайланган.

КҮЙӨӨСҮНҮН БАШЫН ЖУЛУП АЛГЫСЫ КЕЛГЕНДЕ...
Көпчүлүктүн айтымында, АКШнын тарыхында Хиллари Клинтон эӊ көз карандысыз жана эӊ таасирдүү биринчи айым боло алган. Бирок Хилларинин жашоосу дайыма ийгиликтер менен коштолуп жүргөн эмес.
1998-жылы көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган идеалдуу үй-бүлөнүн атасы, АКШнын президенти Билл Клинтон Ак үйдө практика өтөп жүргөн Моника Левински аттуу 25 жаштагы бийкеч менен интимдик байланышта болгондугу ачыкка чыгып кеткен. Мындай ызы-чууда Билл Клинтон адегенде бардыгын танып, Хиллари күйөөсүн колдоп, окуяны президентке карата уюштурулган каралоо катары баалаган. Окуядан улам кылмыш иши козголуп, сотто Билл Клинтон менен Моника Левинскинин ортосунда 1995-1997-жылдар аралыгында интимдик байланыш болгондугу аныкталган.
Хиллари Клинтон өзүнүн «Жандуу тарых» китебинде жогорудагы окуя тууралуу күйөөсүнө ишенгендигин айтканы менен, көзүнө чөп салгандыгын билгенде «аял катары Биллдин башын жулуп алгым келди» деп жазат. Айтор, мына ушундай сыноону да Хиллари татыктуу көтөрө алган. Айрымдар «Хиллари өзүнүн саясий келечеги үчүн Биллди кечирди» деп да айтып чыгышкан эле. Бирок алар азыркыга чейин бирге.

ИЙГИЛИК УЛАНУУДА
2000-жылы Хиллари Клинтон Нью-Йорк штатынан сенатор болуп шайланган. 2006-жылы кайрадан шайлоодо ишенимдүү утуп чыккан. 2008-жылкы президенттик шайлоодо каарманыбыз өлкө башчы болчу талапкерлердин арасындагы көзүр болчу. Ал Демократиялык партиянын атынан талапкер болууга катуу аракет кылган, бирок анын партиялашы Барак Обама ага караганда кыйла популярдуу эле. Мындан улам Хиллари Клинтон Барак Обаманын талапкерлигин колдоп чыккан. АКШнын теги африкалык биринчи президенти болуп шайланган Барак Обама өлкө башына келери менен Хиллари Клинтонду Мамлекеттик катчы кызматына дайындаган. Хиллари Клинтон экс-биринчи айым болуу менен кийин сенатор, Мамлекеттик катчы кызматына барган биринчи инсан. Бул кызматта ал 2013-жылга чейин эмгектенди. Бир ирет Биллден «аялыӊыз сизден озуп кетишинен коркпойсузбу?» деп сурашканда ал: «Мен дайыма күчтүү айымдарды жакшы көрчүмүн. Эгер адамдар менин аялым жакшы президент болот деп ойлошсо, бул мага зыян деле тийгизбейт. Анын үстүнө мен да ошентип ойлойм»,- деп жооп берген.
2015-жылдын 12-апрелинде Хиллари Клинтон Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер болуп чыгарын Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Ал: «Америкага күн сайын лидер керек, мен ошондой лидер болгум келет»,- деп билдирген. Учурдагы АКШнын башчысы Барак Обама бул боюнча «Ал менин досум. Менимче, Хиллари Клинтон эӊ жакшы президент болот» деген оюн айтты. Эгер ал шайлоодо жеӊип чыкса, АКШнын эӊ биринчи аял президенти болуп калат.

КАДДАФИ ӨЛГӨНДӨ «ВАУ!» ДЕП СҮЙҮНГӨН
Хиллари Клинтон өзгөчө көз караштагы адам экендигин коомчулукта дайым далилдеп келет. 2012-жылы Дублинде «Советтештирүү процесси Бажы союзу же Евразиялык биримдик деген аталыштар менен берилип жатышы мүмкүн. Ката кетирбеш керек. Биз анын максаты эмнеде экенин билебиз жана ал процессти басаӊдатуу же таптакыр болтурбай коюу үчүн эффективдүү каражат издеп жатабыз» деп ачык эле айтып койгон.
Ал эми Мамлекеттик катчы болуп турган кезинде СМС аркылуу Ливиянын башчысы Муаммар Каддафи көтөрүлүшчүлөрдүн колуна түшүп, сабалып каза болду деген маалыматты окуп, «Вау!» деп сүйүнгөн эмоциясын жашырган эмес.

КЛИНТОН КЫРГЫЗСТАНДА
Эсиӊиздерде болсо, Хиллари Клинтон 2010-жылы бир күндүк иш сапары менен Кыргызстанга да келип, ал кездеги президент Роза Отунбаева менен жолугушкан. Анда ал Борбор Азияда биринчи ирет аял киши президент болуп жатканын кубануу менен кабыл алгандыгын айтып, Кыргызстандын парламенттик башкарууга өтүү кадамын эр жүрөктүк экендигин белгилеген.
Хиллари Клинтонду АКШнын кийинки президенти болуп калышы мүмкүн экендигин эксперттер бир ооздон айтышууда. Бирок америкалык саясат «сюрприздерге» бай экенин эске алсак, келечекти айтуу маанисиздей туюлат. Баса, Хиллари Клинтонго негизги атаандаштыкты экс-президент Жорж Буштун иниси Жеб Буш түзүшү мүмкүн деген божомолдор да бар.

“Билл менен Хилларинин үй-бүлөсү – бул өзгөчө күчтүү биримдик”.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
tilek-x
2015-04-27 14:52:50
Бул АКШда Клинтондор менен Буштардан башка президентке татыктуу адамдар жокпу?
+1
№ 651, 24-апрель-30-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан