КУМАР АЗАБЫ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Жылдыздын көктөн тилегени жерден орундалды. Акылды өз канынан бүткөн наристесиндей асырап багып жатты. Жазгүл баласын бөтөн бирөөгө таштап кеткенине ичи ачышып жүрдү. Кийин төркүнүнө таштап келген балдарын колуна алган соӊ алаксып кетти. Эки аялдын ортосунда чайналган эле Садыр. Акылга арбалып өз үйүнөн кетпей койсо, жаш жубайы «баланы алгандан кийин ушундай кыласыӊарбы?» деп кыйкырып чыгат. Жазгүлдү айланчыктап алса Жылдыз кулагын жейт. Айтор, аны эки анжы ой жеп бүтмөй болду. Миӊ ирет кыйналсаӊ деле убакыт токтоп турбайт тура. Акыл бир жашка толуп, кылыгы чыгып, там-туӊ басып калды. Тили да «ата» деп чыкты. Кечке аталап басып жүрөт. Балалуу боло албай жүрүп көргөн үчүн наристенин таттуу кылыгы бүткөн боюн бийлеп алды. Баласынын жанынан карыш жылгысы келбегендиктен көптөн бери Жазгүлгө бара элек. Оюнда ал жаш, үй деле алып бердим, эми карыганда мени калжаӊдатпай, теӊ арычу түгөйүн таап кетсин деп Жазгүл менен сүйлөшүүгө барды. Адаттагыдай анын айтар сөзү белен.
– И-и, Акылды өзүӊөр багып алдыӊар. Аялыӊ экөөӊөрдүн тилегиӊер ишке ашты!- деп ачууланды. Садыр саамга үн каткан жок.
– Оозуӊузга талкан салып алгансып унчукпайсыз да,- деп сөз учугун улады.
– Акылдай уул төрөп бергениӊе ыраазымын. Сен жашсыӊ, мен канча жашайм ким билет? Сага татыктуу
жолдош боло албайм.
– Аялыӊыз сөздү бышыктап жиберген экен,- деди сөз төркүнүн түшүнүп.
– Менин көп өмүрүм артта калды. Өзүӊ теӊдүү мырзага турмушка чык, бактылуу өмүр сүр деп айтайын дегем.
Угуп жаткан сөздөр Жазгүлдүн жүрөгүнө жебедей сайылды. Ачуу кыйкырык салгысы келди. Баланы кайра талашууну ойлоду. Бир үй-бүлөгө үмүт берип жатканын ойлоп, кайра өзүн колго алды.
– Жан дүйнөӊөр ушундан жай алып, бактылуу болсоӊор мен макулмун. Акылды талашпайм,- деди көзүнөн аккан жашын сүртүп.
– Сага энчилеп койгон малды алдырып ал,- деди Садыр кубанычы коюнуна батпай элирип. «Акылды талашпайм» деген сөздү укканда төбөсү көктү тирегендей эле болду. Бул сөздү Жылдыз дагы кубануу менен кабыл алды. Тынч жаткан көлдү шамал келип толкуткандай, экөөнүн бейпил турмушу бир заматта өйдө-ылдый чайпалып, кайра нугуна түшкөндөй болду.
Алар азыр мурункудан да бактылуу. Баласы улам чоӊоюп келе жатат. Акылдын балдай таттуу тилине, кылык-жоругуна тойбогон ата-энеси анын азыр эле бой жетип кетишин каалашат. Өлбөй тирүү жүргөнгө күн өтө берет эмеспи. Арадан алты жыл өттү. Акыл быйыл башталгыч класска барды. Ал абдан эрке, назик. Ата-энеси үстүнөн үйрүлөт да турат. Тамакты тандап ичип, кийимди да тандап киет. Ага үйдө катуу сөз айтуу кайдан, ата-энеси анын кареги менен теӊ айланышат. Эркелигинен сабакты да жакшы окубайт. Мугалимдери «балаӊыздарды үйдөн окутсаӊыздар, тарбияласаӊыздар» деп күндө какшашат. Андайда алардын жообу даяр: «Баламдан айланбагыла. Окугусу келген учурда өзү эле кызыгып окуп кетет. Бизге аман жүргөнү байлык»,- дешет. Садыр менен Жылдыз баласын ашкере эркелеткенинин запкысын тартарын кайдан билишсин? Акылдын айтканын аткарып жүрө беришти. Мугалимдер дагы тажагандан даттанганын токтотушту.
«Эл оозунда элек жок» деген бекер эмес тура. Дүкөнчү Айшанын ичин бир нерсе кытыгылагансып чындыкты балага айткысы келди. Анын негизги милдети эле ушул. Дүкөнгө киргендерди бирине бирин жамандап, чабыштырып эле отурат. Айылда эмне болуп жатканын билип турбаса башы ооруйт. Дүкөнгө таттуу алганы кирген балага:
– Сенин атыӊ Акылбы? Ооба дегенчелик кылып башын жай гана ийкеди.
– Сага өз апаӊ ким экенин айтышты беле?- деп билмексен болуп сурады.
– Апам Жылдыз экенин билем!- деп так кесе жооп кайтарды Акыл.
– Сенин апаӊ башка. Аты Жазгүл,- деди дүкөнчү.
– Эмне?! Сиз алдап жатасыз. Апама айтам!- деп ыйлап үйүн көздөй жөнөдү.
Үйүнө бакырып ыйлап келди.
– Менин апам ким? Мени багып алыптырсыӊар!
– Сен биздин өзүбүздүн эле балабызсыӊ. Ким айтат ошентип?
– Дүкөнчү, дүкөнчү!- деп бышактады.
– Оӊбогон Айшабы? Ал айта берет. Акылсыз неме. Ошого да ушунча ыйлайсыӊбы, кулунум?- деп баланы бооруна кысты. Акылды сооротуп, тамактандырган соӊ дүкөнгө барды.
– Айша, каргадай балада эмне өчүӊ бар эле?
– Эмне дедим?- деп өлүмүш болду ийин куушурган Айша.
– Ушакчы, бир нерсени билбе, билсеӊ аны айтпасаӊ ичиӊди тешип чыгат! Эмне упай топтоюн дедиӊ?!- деди ызырынып.
– Апасы башка экени жалганбы?
– Аны сен айтпасаӊ деле эл билет. Сага корогон кайран сөз, дагы бир ирет бул тууралуу айтчу болсоӊ, капа болбо!- деп сөөмөйүн кезеп дүкөндөн чыгып кетти. Бала эмеспи, Акыл бат эле андай сөздөрдү унутуп калды. Улам чоӊойгон сайын эркелиги калгандын ордуна кайра күчөдү. Көӊүлүнө бир нерсе жакпай калса жаӊжал чыгарат. Какыс-кукус кылыш кайдан, Садыр менен Жылдыз өзүлөрүн сен деп, баласын сиз деп жашашат. Коӊшулары мындай кылыгы бир күнү баштарына муш болорун далай ирет айтышты. Аларга «азыр балабыз жаш, чоӊойгондо силерден акыл сурабайт. Кичине шоктук кылса эле даттана бересиӊерби?» деп таарынышчу. Акылды ашыкча эркелетип жиберишкендерин өздөрү деле түшүнүштү. Бирок урушуп койсо баланын «апам башка, мени сен багып алгансыӊ» деп айтарынан Жылдыз чочулайт. Ошентип күндөр өтө берди. Акыл 9-классты аяктап жатканда өз апасы башка экенин билди. Ошондо чоӊ чыр салды.
– Эмнеге менин апам башка экенин айткан эмессиӊер?!- деп жер муштады. Атасы болгон жагдайды түшүндүргөндө гана араӊ токтоду. Канткен менен чоӊойткон апасын кыя алмак беле, «сен менин апамсыӊ» деп Жазгүлгө кантип барат? Аргасыз турмушка баш ийди. Ошондон тартып акыл токтоткондун ордуна мурдагыдан бетер кыялы өзгөрдү. Тамеки тартып, ичимдик ичүүнү адатка айлантты. Кечинде көчөгө чыгып кетет да, түн бир оокумда үйүнө кайтат. Кээде көчөгө же бирөөнүн үйүнө түнөп калчу болду. Жылдыз күйөөсүн күндө жемелейт.
– Балага бир нерсе десеӊчи. Көп баскан аяк бок басат болуп бирдин үстүнөн чыкпаса болду,- десе:
– Баарына сен күнөөлүүсүӊ. Баланы эрке кылып өстүрдүӊ! Айтор, бирин-бири жемелеп бүтпөйт. Акыл болсо ата-энеси менен жарытылуу сүйлөшпөйт. Сабакка кааласа барат, көӊүлү келбесе кечке уктап, кеч киргенде көчөгө чыгып кетет. Короодон кой-эчкини сурабай сатып, акчасын чачат. Өткөөл курак, кийин токтолот деп уурулугун билишсе дагы унчугушчу эмес. Акылдын мындай жүрүм-туруму айылдагы кумарпоз карт бөрүлөрдүн чырагына май тамызып жатты.
– Садыр менен Жылдыздын байлыгын ушул чачпаса, алар көрүнө көтөрүп кетчүдөй кымтышат. Арабызга кошуп, кылтакка түшүрүш керек,- деди кумарчы Искен. Чоӊ ачылыш жасагансып санын чаап кубанып күлдү да, үй-жайынан безип кумардын артынан кууп жүргөн Кеӊешке «Акылды арабызга кошосуӊ!» деп кесе айтты. Ал Акылды бүгүн болбосо эртеӊ сөзсүз өзүлөрүнүн арам тобуна кошот. Арам тилектерин ишке ашыруунун жолун издешет...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Titi
2015-04-27 09:56:16
Она кызыксыз
0
Biikech93
2015-04-27 10:36:52
Ali kyzygy aldyda
0
dinkat
2015-04-27 12:04:18
кызыксыз экен
0
mirana9395
2015-04-27 16:03:04
Жакшы жакты
0
Ledi89
2015-04-27 16:28:15
Кийин эмне болор экен,кутоо туурайынчы.
0
nuris208
2015-04-27 18:25:13
Эмне кумар болду экен
0
Bermet_Kasymova
2015-04-27 20:55:39
ушундан баштап кызыгы кирет окшойт...
0
magic1721
2015-04-27 23:33:08
ата энесин сызга отургзат экен да...
0
Ashka
2015-04-28 00:18:20
Зеригичтууго.
0
malika14
2015-04-28 01:18:34
Kiziktyy eken
0
roza.90
2015-04-28 01:52:25
Кызыксыз
0
Online007
2015-04-29 09:06:38
Ооба кызыгы кетти
0
jakka.9999
2015-04-29 12:20:30
байкуштар каарыганда кор болушат окшойт
0
jakka.9999
2015-04-29 12:21:44
ээми кызыгы башталатко деп ойлойм
0
admin_media
2015-04-29 14:29:04
Sezya,
Эскертүү! Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
0
№ 651, 24-апрель-30-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан