ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (27-апрелден 3-майга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта жаӊы иш баштоо үчүн абдан ылайыктуу. Эгер ойлоп жүргөн идеяларыӊыз болсо, жетекчилигиӊизге же өнөктөшүӊүзгө дароо сунуштаӊыз, кабыл алынат. Бирок айтылган сындарга терикпей, тескерисинче чыйралууӊуз кажет. Ийгилик баары бир сиз тарапка жылмаят. Үй-бүлө мүчөлөрү менен конфликтке жеткизген кырдаал жаралышы мүмкүн. Жөнгө салуу үчүн сабырдуулук талап кылынат. Эс алуу күндөрүн табият коюнунда өткөрүү ылайыктуу.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта башында сунушталган келишимдерден баш тартпай туруӊуз. Сизге пайдалуу болушу ыктымал. Шейшемби жана шаршемби күндөрү кесиптеш болобу же жакыныӊыз болобу, түшүнбөстүк жаралышы мүмкүн. Акылга салып чечиӊиз. Убактылуу негативди жеӊүү үчүн жаӊы таанышуулар, кызыктуу нерселер менен алек болуу сунушталат. Соода-сатык иштери менен алектенгендерге апта ийгилик менен жылмаймакчы.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бардык нерсеге сабырдуу көз караш менен мамиле жасаӊыз. Демиӊизди ичиӊизге басып, бир калыпта жүрбөсөӊүз, ашыкча иштер моюнуӊузга илинип, жөндөн-жөн кооптуу жагдайга чалынып калышыӊыз ыктымал. Түгөйүӊүздүн сизди канааттандырбаган мамилеси кыжырдантып, акыры аны кандай жаралса ошондой кабыл алышыӊыз керек экенин түшүнөсүз. Апта аягында карьерада же жеке жашоодо чечилбей келген маселени чечүүгө мүмкүнчүлүк чыгат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сиз эӊ бейкапар же жалкоо адамдардын катарына кирсеӊиз дагы, бул апта күжүрмөн иштөөгө түрткү берген апта болот. Талыкпай тер төгүп иштөөӊүз керек. Жыйынтыгы күзүндө жемиштүү түшүм алуу же иш боюнча ийгиликтүү өнөктөш табууга жеткирет. Жадатма күндөрдөн тажап жүргөн кожойкелерге казан-аяктан алыстап, апта аягында кызыктуу эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаӊыз!

АРСТАН (23.07-23.08)
Эч кимден жардам күтпөй, өз күчүӊүзгө ишенип гана иш кылыӊыз. Сиздин артыӊыз менен бирөөлөргө жакшы көрүнүп же идеяларыӊызды ишеничиӊизге кирип алып уурдап ишке ашырчу шылуундарга кезигип калышыӊыз мүмкүн. Ишиӊиздин ийгилигин бейшембиде көрөсүз. Апта аягында жеке жашооӊузда болгон жаӊылыкты майрамдап, мейман күтүшүӊүз ыктымал. Көӊүлүӊүздү эс алууга арнап, эч нерсеге алагды болбой, энергия топтоого аракет жасаӊыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жеке жашооӊузда бир нерсени өзгөртүүгө болгон каалоо пайда болот. Буга жараша мүмкүнчүлүк да түзүлүшү ыктымал. Жан дүйнөӊүзгө эркиндик берип, каалоолорду ишке ашырыӊыз. Жакындарыӊыз жардамга муктаж болуп, акча сурашы ыктымал. Албетте, берүү керекпи же жокпу, өзүӊүз чечиӊиз, бирок кайтарып алуу мөөнөтү узак болот. Жумуш өз нугунда улана бермекчи, андыктан апта аягын толугу менен тынч атмосферада эс алууга жумшаӊыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Чыгармачылык дареметиӊизди өстүрүүгө ылайыктуу апта. Ишиӊиз ийгиликтүү болуш үчүн бардык нерсеге кызыгуу менен мамиле жасаӊыз. Жумуштан сырткары жакын адамдарыӊызга өзгөчө көӊүл буруучу мезгил. Апта ортосунда ийгиликтүү сатып алуулар кубандырып, имидж өзгөртүүгө да жетишесиз. Апта аягын түгөйүӊүзгө же сүйүктүү адамыӊызга арнаӊыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Пайдалуу жана жагымдуу адамдар менен таанышып, иш алып барышыӊыз күтүлүүдө. Пландап алган иштериӊиздин бирин да калтырбай аткарып, кандай иш кылсаӊыз дагы ишенимсиз булактардан маалымат албастан, адистерге гана кайрылыӊыз. Ден соолук боюнча маселелер жаралышы ыктымал. Апта аягы маанайыӊыз түшпөсүн десеӊиз, чала тааныштар менен кайым айтышуудан качыӊыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта сиз үчүн иште да, үйдө да маселе чечүүгө жеӊил болмокчу. Үй-бүлө мүчөлөрү менен болгон гармонияны гана бекемдеп алыӊыз. Шаршемби күнү ишиӊизде ийгилик таап, жетекчиликтен мактоо угасыз. Апта аягында туугандарыӊыздан күтүүсүз жардам алып, ал кыйчалыш абалды жөнгө салууга өбөлгө болот. Баалуу документтерге жана жолдо жүргөндө капчыгыӊызга сак болуӊуз. Бош убактыӊызды спортко арнаӊыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Тагдырыӊызда маанилүү бурулуш жасай турган мезгил ушул апта болуп калышы мүмкүн. Оӊ жакка ыктасаӊыз, бардыгы жакшы жакка өзгөрөт. Кандай гана ишке киришпеӊиз, калыпка салгандай өз ыгына түшүп, сизди кубандырат. Аптанын ортосунда үй-бүлөлүүлөрдө балдарынын окуусунда маселе жаралышы ыктымал. Көӊүл буруп, мугалимдери менен сүйлөшүүлөргө баруусу кажет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жеке жашооӊузда кубанычтуу жаӊылыктар көп болмокчу. Кубанычыӊызды жакын досторуӊуздан сырткары ар кимге эле айта бергениӊиз туура эмес. Иш жаатында ийгиликке кантип жетүү, керектүү адамдар менен канткенде туура мамилеге баруу керектиги тууралуу жакындарыӊыз менен кеӊешиӊиз. Профессионалдык активдүүлүгүӊүз өсүп, моралдык жактан чаалыгууга тушугасыз. Андыктан апта аягын жагымдуу эс алууга арнаӊыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта башы иш боюнча сапарга чыгууга ылайыктуу. Бирок убактымды бекер коротпойун десеӊиз, иш ордуӊузга кайтарыӊыз менен бардыгын өз убагында бүткөргөнүӊүз оӊ. Мунун пайдасы сиз белгилеген жумуштарыӊыздын ысыгында бүтүшүнө жеткирет. Апта аягында үйүӊүзгө мейман келиши күтүлүүдө. Конокторуӊуз меймандостугуӊузга ыраазы болушат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 651, 24-апрель-30-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан