Уругвай курамасынын жана «Барселона» футбол клубунун чабуулчусу Луис Суарестин ити чөп жеп жаткан учур. Анын клубу Испаниянын чемпиондугунун сап башында келе жатса , Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында «Пари-Сен-Жерменди» тизе бүктүрдү. Мунун баары Луис Суарестин активдүү катышуусунда болуп жаткан маалы. Бул санда тубаса бомбардир тууралуу кененирээк маалымат беребиз.
ЧАБУУЛЧУ ТУУРАЛУУ:
Аты-жөнү – Луис Альберто Суарес
Каймана аты – El Pistolero (аткыч)
Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 24-январь
Амплуа – чабуулчу
Үй-бүлөлүү. 1 уул, 1 кыздын атасы.
Жетишкендиктери: Уругвай чемпиону («Насьональ», 2006-жыл), Голландия кубогу («Аякс», 2009-жыл), «Алтын бутса» ээси («Ливерпуль», 2014-жыл), Америка кубогунун ээси (Уругвай, 2011-жыл). Жалпысынан 361 оюнда 231 гол киргизген.
ООР БАЛАЛЫК
Учурдагы атактуу футболчу 1987-жылы 24-январь күнү Уругвайдын Аргентина менен чектеш жайгашкан Сальто шаарында жарыкка келген. Кадимки карапайым үй-бүлөдө чоӊойгон Луис 7 бир туугандын төртүнчүсү. Атасы жүк ташуучу болсо, апасы үй кожойкеси.
Луис кичинекейинен эле топтун артынан кубалап жүрүп, 16 жашында өлкөнүн белгилүү футбол клубу «Насьоналга» кабыл алынат. Бул учурда атасы үй-бүлөсүн таштап кеткен эле. Ал кезде Суарестин үй-бүлөсүндө футболго эмес, нанга каражат табуу биринчи орунда турган. Ошол маалда Луис өзүн толугу менен футболго арноого себеп болгон чоӊ сүйүүгө кабылат. Ал сүйүүсү – 13 жаштагы София аттуу кыз эле. Бул кызды баш-оту менен сүйүп калган футболчу сүйүктүүсүн багынтуу үчүн өзүн көрсөтүш керектигин түшүнүп, футболго катуу киришет.
СҮЙҮҮНҮН АРТЫНАН ФУТБОЛ
Тилекке каршы, катуу сүйүүгө кабылган эки жашты алдыда айрылуу күтүп турган. Софиянын үй-бүлөсү 2 жылдан соӊ Барселонага көчүп кетишет. Суарес бул учурда абдан кыйналса да, футболду таштабайт. Ал ошондо эле «Барселона» футбол клубуна качандыр бир күнү кошулуусуна өзүнө сөз берет. «Мен башты айланткан сүйүүгө кабылдым. София жашоомду толугу менен өзгөртө алды» деп эскерет өзү.
«Насьональ» клубунда өнөрүн көргөзгөн 18 жаштагы Суарес финалдык оюнда 2 жолу айырмаланат. Дээринде бар баланы байкаган голландиялык «Гронинген» клубу Суарести 800 миӊ еврого сатып алат. «Биз башка футболчуну сатып алганы Уругвайга барган элек. Бирок Суарестин оюну бизге жагып, аны кокустан эле сатып алганбыз» деген «Гронинген» машыктыруучусу Роб Янс. Бул клуб Суарес үчүн кыял-жоругун тарбиялоо, туура футбол үйрөнүүчү чоӊ мектеп болуп берет. Ал бир сезондо 10 гол киргизип, өлкөнүн чемпиону «Аякс» футбол клубуна кошулат.
ЖЫЛДЫЗЫНЫН ЖАНЫШЫ
Луис Суарес «Аякста» жалпысынан 3 жарым жыл өткөрүп, 110 оюнда 81 гол киргизет. Бул өтө жогорку көрсөткүч. Жыйынтыгында мен-мен деген футбол клубдар бул бомбардирдин артынан түшөт.
Бул арада жеке жашоосу да өз калыбына келип, бала кездеги сүйүүсү Софияга баш кошот.
Луис 2011-жылы англиялык «Ливерпулга» (22, 6 миллион фунт стерлингге бааланат) кошулуу боюнча келишимге кол коёт. Кызыгы, уругвайлык чабуулчу «Ливерпулда» дагы 3 жарым жыл ойноп, 110 оюнда 69 жолу айырмаланат. Суарес ушул клубда гана чыныгы жылдызга айлана алды десек болот. Бул арада көптөн күттүргөн «Барселона» да өзүнүн келишими менен «Ливерпулдун» эшигин каккылап турган эле.
СУАРЕС, ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУКТАР ЖАНА ЧЫРЛАР...
Уругвай, Дүйнө чемпиондугу жана Суарес сөздөрү бир сүйлөмдө жолукса, анда сөзсүз чырдын чыгышы күтүлөт. Түшүнбөй турасызбы, анда башынан баштайлы...
2010-жыл. Дүйнөлүк чемпиондук. Түштүк Африка Республикасы. Чейрек финалга чыккан Уругвай Гана менен кез келет. Ал оюнда Луис өз дарбазасына кирип бараткан топту колу менен сактап, Гананы утуп алышат. Дүйнөнүн жарымы Суарести сактоочу десе, жарымы жек көрүүсүн жашырышпайт.
2014-жыл. Дүйнөлүк чемпиондук. Бразилия. Тайпалык оюндар. Италия – Уругвай. 79-мүнөттө Суарес Жоржо Кьеллининин далы тарабын тиштеп жиберет. Муну оюн учурунда калыстар тобу байкабайт. Оюн уланып, Уругвай жеӊишке жетишет. Ал эми Суарестин жоругун дисциплинардык комитет карап, аны 4 ай футболдон четтетип, 80 миӊ евро айып пул төлөөгө мажбур кылышкан.
ЭЗЕЛКИ КЫЯЛЫ ОРУНДАЛДЫ
Чабуулчу 2014-жылы жайында «Барселонага» 81 миллион еврого өтүп, Неймар жана Месси менен бирге мыкты чабуул үчилтигин жаратты. Суарес муну менен кыялдар орундаларын дагы бир ирет далилдегендей болду.
Күйөрмандардын кыйкырык-сүрөөнү ал үчүн отко май тамызгандай. Ал оюн талаасында гол киргизүүчү машинага айланып, коргоочулардын айласын алты кетирип келет. Футболчу өзү тууралуу: «Топ тепкенден башка колумдан эч нерсе келбейт. Менин кесибим – гол киргизүү»,- деп айтат.
Ал быйылкы сезондо 23 оюнда 11 жолу айырмалана алды. Баары билет, бул «Барселонадагы» бомбардирлик бороондун башталышы гана.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg