АЖАТКАНА КӨП ООРУНУН ОЧОГУ

Учурда Кыргызстан боюнча коомдук жайларда, өзгөчө кафе, ашкана, мектеп, базарлардын ажатканаларындагы гигиена сакталбагандыктан ар түрдүү жугуштуу оорулардын келип чыгышы актуалдуу көйгөй жаратууда. Ден соолукту чыӊ кармоону бир гана медицина кызматкерлеринин милдети катары карабай, ар ким өзүнө, айлана-чөйрөсүнө таза кам көрүп, гигиенаны сактабаса, төмөнкүдөй коркунучтуу ооруларга дуушар болушарын эскертмекчибиз.
Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин жугуштуу оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн бөлүм башчысы Динагүл Оторбаеванын берген маалыматы боюнча, ажатканадан ич өткөк оорулары, ич келте, сарык оорусунун А түрү, сальмонеллёз жана башка ичеги оорулары жугат. Бул дарттар ажатканага заӊдоо же заара кылуу учурунда эмес, көбүнчө ажаткана эшиктеринин туткаларын, унитаздын суу коё берүүчү баскыч-тарткычтарын же жуунуучу жайдагы крандарды кармагандан улам жугат.

«ИЧИНДЕ КУРТУ БАР АДАМ КАНЧА ЖЕСЕ ДА ТОЙБОЙТ ЖЕ ТЕСКЕРИСИНЧЕ...»
Ажатканалардын көӊүл айланткан абалынан келип чыккан маселелер тууралуу Жугуштуу ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин врач-паразитологу Гүлнара Миӊбаева буларга токтолду:
– Статистика боюнча 2014-жылы мите курттар козгогон оорулар менен жабыркагандардын саны жалпы жугуштуу оорулардын ичинен өлкө боюнча 27 пайызды түзгөн. Саламаттыкты сактоо министрлиги 2007-жылдан тартып мите курттардан калктын жабыркоосун алдын алуу (дегельминтизация) боюнча иш-чараларды жүргүзүп келет.
2007-жылы мите курттарга каршы калкты бекер дарылоо боюнча пилоттук облус катары Баткен облусу алынган. Ал учурда мителер козгогон дарттар менен жабыркагандардын саны 80 пайызды түзүп турган. Дарылоолорду жүргүзгөн соӊ жергиликтүү медицина кызматкерлери карапайым элден сурамжылоо жүргүзгөн. Анда айрым ата-энелер «тамак-ашка болгон талап кадимкидей азайып, алган бир кап унубуз көбүрөөк мөөнөткө жетип калды. Болбосо бир айга жетпей калчу» дегендер болгон. Себеби ичинде мите курту бар адам сугалак болуп, тамак-аш түтпөй калат. Учурда бүткүл өлкө боюнча дегельминтизация иш-чарасын жүргүзүп жаткан чагыбыз. Ооруга кабылгандардын 75,4 пайызын жаш балдар түзгөндүктөн, Саламаттыкты сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептерде 2015-жылдын 23-24-апрель күндөрүн мите курттардын алдын алуу жана дарылоо күнү катары белгилеген. Дарылар окуучуларга бекер берилип, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан каржыланууда.

«АТА-ЭНЕЛЕР, МУГАЛИМДЕР ДА ЖАРДАМ БЕРСЕ...»
– Коомдук жайлардын ажатканалары, айрыкча мектептердики учурда абдан зээн кейитерлик абалда. Окуучулар ажаткана маданиятын сактабай, отуруучу жерлерди ыплас кармап, туш келди заӊдашып, ар түрдүү оору чакыруучу шарттарды түзүп коюшат. Мисалы, мектептен ажатканага барып келген соӊ 1-4-класстын окуучулары тамактанууга отурушат. Айрым мектептерде ошончо окуучуга 2 же 3 эле кол жуучу жай болот. Ал жерге беш жүздөгөн окуучу колун жууганга кезекке турбайт да. Ажатканалардын дубалдарын таянып же унитаздын баскыч-тарткычын кармаган колдор менен тамак ичкен окуучу оорубайт деген кепилдик жок. Андыктан ата-энелер, мугалимдер дагы окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өздүк гигиенасын сактоого шарт түзүп же көзөмөлдөөлөрүн суранат элек.
Мите курттар козгогон дарттардын эӊ көп таралганы энтеробиоз, аскаридоз, лямблиоз, гименолепидоз, трихинеллёз, цестодоз жана башка түрлөрү. Алар адамга негизги 3 жол менен жугат:
1. Мал этинен. Эгер мал мите курту менен жабыркаган болсо, анын этин чала кууруп жеген учурда адам жугузуп алат. Андан соӊ алар адамдын ашказанынан ичеги-карын жолдоруна өтүп, ошол жерлерде жетилип, куртка айланат.
2. Ичеги мите курттары менен жабыркаган адам жерге заӊдаганда топуракта мите жумурткалыктары калат. Ал жерге оонаган мал же ит-мышык, үй-жаныбарлары жүнүнө жабыштырып келип, адам менен байланыш болгондо же адам өзү чаӊ-топо жерлерге отурган соӊ колун жуубай тамактанганда жугузуп алат.
3. Мите курттары козгогон оорулар менен жабыркаган адамдан таза адамга жугат. Мисалы, энтеробиоз же чүчөк курту менен жабыркаган адам ич кийимдерин башка үй-бүлө мүчөлөрүнүкү менен бирге сактаганда, заӊдоочу жерин тырмап, колун жуубай ашкана идиштерин бирге колдонгондо жугат.
Эгерде ичеги мите курттарын учурунда дарылабаса адамда кусуу, ичи тартылып ооруу, тамакка болгон табиттин жоголушу же, тескерисинче, тамаксоолук жаралып, оору өтүшүп кетсе ичегилер бүтөлүп калышы ыктымал. Эл аралык изилдөөлөргө таянсак, эгер мите курттар козгогон оорулар менен жабыркаган аял кош бойлуу болуп, дарыланбаган боюнча тукум улоосун улантса, үй-бүлөдөгү төртүнчү муун шизофрения менен төрөлүшү ыктымал деген болжолдоолор бар.

АЖАТКАНАДАН ЖУГУУЧУ ООРУЛАР
ЭНТЕРОБИОЗ
Энтеробиозду козгоочулар – чүчөк курту адамдын ичегилеринде, жоон ичегиде жашап, анын организми аркылуу жан багат. Гельминтологияда (мите курттарды изилдөөчү илим) изилденген мите курттардын эӊ көп таралганы ушул. Адамдын ичегисиндеги чүчөк курттар түнкүсүн анын заӊдоочу арткы тешигине келип жумурткалашат. Бул учурда адамдын курттар жумурткалаган бөлүгүндө кычышуу пайда болуп, ыӊгайсыздыкты жаратат. Түнкүсүн кычышкан жерлерди тырмагандын натыйжасында анын жумурткалары тырмактын алдында калып калат. Эгер адам колун тазалап жуубай туруп, эртеӊ мененки тамакка отуруп, ашкана буюмдарын кармаса, алар аркылуу экинчи бир «кожоюнуна» жугат. Энтеробиоз менен адам ар кандай жаш куракта ооруй берет. Бирок көбүнчө жаш балдарда кездешет. Мунун эӊ башкы себеби – балдардын өздүк гигиенаны туура сактабагандыгы.

ЛЯМБЛИОЗ
Лямблиоз дартын козгоочулар болуп лямблия митеси саналат. Лямблиоз менен жабыркаган адамдын денесине кызыл тактар чыгып, тери оорулары козголот. Тамакка болгон табит жоголуп, кусуп, ичи өтүп, шалдыроо пайда болот. Анорексия, баш оору, ачуулануу келип чыгат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматы боюнча, лямблиоз дарты менен дүйнө боюнча 1 жылда 200 миллион адам жабыркайт. Лямблия мителери адам өздүк гигиенаны сактабагандан, таза эмес сууларды ичип, жер-жемиштердин сыртын жууп жебегенден жугат.

АСКАРИДОЗ
Аскаридозду козгоочулар болуп аскарида мите курттары саналат. Алар адамдын ичеги-карын жолунда жашап, ургаачылары 40 сантиметрге, ал эми эркектери 25 сантиметрге чейин өсүп жетилишет. Чоӊ кишилердин ичке ичегисинде көп кездешет. Ургаачылары 1 сутканын ичинде 200 даанага чейин жумурткалайт. Аскарида мите курттары адамдын ичке ичегисин жабыркатып, алардан жин өтпөй же түйүлүп калышына чейин жеткирет. Мындан сырткары убагында дарылабаса бронхит, пневмония дартынын келип чыгышы, кан аралаш какыруу, боор жана ашказан алдындагы бездердин жабыркашына алып келет. Булар ичегиде сойлоп жүрө алгандыктан, адамдын дем алуу органдарына, кулак-мурун көӊдөйүнө, заара чыгаруучу түтүктөргө чейин сойлоп кетүү фактылары кездешет.

ГИМЕНОЛЕПИДОЗ
Гименолепидоз дартын козгогучтар гельминтоз кыдыгый тасма курттары. Бул тасма сыяктуу мите курттар адамдын ичке ичегилеринде жашап, көбүнчө жаш балдарда болот. Гельминтоз кыдыгый тасма курттары 1,5-3 сантиметрге чейин жетип, баштары жылууга ылайыкталып, кыймылдуу келет. Курттун түзүлүшү негизги өзөктөн туруп, ага бириккен таажылар жумшак болгондуктан, оӊой эле үзүлүп түшөт. Алар эки жумадан соӊ кадимки чоӊ митеге айланат. Гименолепидоз дарты менен жабыркаган адамдын тамакка табити тартпай, ич катуу ооруйт, зарна болот, кусат, башы ооруйт, калтырак басат.

Мекенибиз – жаратылышы кооз, абасы таза, керемет өлкө. Экономикабызды көтөрүү үчүн ушундай кооз мамлекетибизге туристтерди тартып, меймандостугубузду көрсөтөлү деп айтылып эле келет. Бирок алгач ар бир адам баш бага турган коомдук жайлардагы ажатканаларды көзөмөлгө алып, абалын оӊдоо тууралуу эч ким кам көрбөгөнү өкүндүрөт.
Ажатканадагы абалдын начардыгынан адам өмүрлөрү кыйылган мисалдар да бар. 2012-жылы 3-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Туратали» базарындагы ажаткананын дубалы урап, ичине 19 адам түшүп кеткен. Кырсыктан 4 киши каза таап, 15и ооруканага жеткирилген. Мындай көйгөйлөрдү чечүү бир гана мамлекеттин же медицина кызматкерлеринин милдети эмес. Андыктан ар бир жаран өз ден соолугунун чыӊ болушуна кепилдик катары айлана-чөйрөнү таза кармап, биргелешип ажаткана маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтсө, жогорудагыдай коркунучтуу дарттар эл арасында азаят беле деген ойдобуз.

Гүлжан Асанкожоева
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
nazi25
2015-04-27 10:23:50
Туура.Ар ким оздук гигиенаны сакташ керек.Бир жолу Россиянын аэропортунан ажатканасына кирип чыктым да анан,Ошко учтум.Ал жерде да ажатканасына кирсем эми фуу да.Айырмачылык ушундай билинет экен.Биздин аэропорт мал кана да.
+3
mirana9395
2015-04-27 16:15:37
nazi25, ооба менда сиздей болгомун россиядан учуп ошко тушуп туалетке кирсем иии ушундай тазалык жок жиркенип кайра чыккамын,
+2
kobra86
2015-04-27 10:43:01
nazi25 айтпаныз бизде ошондой бирок бизди биро тыя албайт ар бирибиз озубуз тазалыкты сакташыбыз керек ...!
+3
myshka406
2015-04-27 13:32:18
баракелде СИ туура маселени көтөрүп чыгыпсынар!!!!!!!1
0
anGelina-345
2015-04-27 16:06:56
Ууужасс!
0
meli12
2015-04-27 21:39:31
оо ужас Туалеттин кебетесин
0
aigerimkeneshkyzy
2015-04-28 00:05:09
bul kurttardyn bar ekenin kantip bilse bolot?anan kantip darylansa bolot?
+1
boris8907
2015-05-05 23:13:29
aigerimkeneshkyzy,Ошол мите курттар боюнча врачтан направления алып лабораторияларга барып анализ тапшырасыз. Мисалы Бонецкий лаборотариясы же арзаныраак десениз жонокой эле мамлекеттик ооруканалардын лабораторияларына барасыз
0
zamko
2015-04-28 04:23:58
Коркунучтууууу фууу ужас
0
Zhenish
2015-04-28 11:17:43
Кантип дарыласа болот?
0
Rayl
2015-04-29 11:56:50
кантип даарылоосунда жазып койбопсунарда Суперинфо гезити
0
miru..
2015-04-30 12:13:06
Rayl,а эмнени дарылайт..?тазалыкты сактасан болду да..!!
0
belosnejka1
2015-04-29 20:05:41
Эн маанилуу проблема ажаткана
0
baba.
2015-04-30 12:36:44
ажатканасына кирип торуно от деген соз бар тушунгон адамга.
-1
№ 651, 24-апрель-30-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан