Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Бир жумадан соӊ Абдырахман парваначы ишенимдүү кишилери коштоп Анжияндын жанындагы Ботакара кыштагына келди.
Исхак экөө коончу абышканын короосунда жолугушту.
– Алейкум-а ассалам, келиӊиз бек. Исхак Абдырахмандын суз саламын отурган калыбында алып, бет алдында жаткан ташты көрсөтө берди. – Келиӊиз, отуруӊуз, өз үйүбүз, өлөӊ төшөгүбүз эмес, кечиргейсиз.
Мынчалык басмырлаганды көргөн эмес, Абдырахман ыӊгайсыз абалда калды. «Кимге келгем?» Өкүнүчтүү ой көӊүлүнө кылт этти. Башында таажысы бар адам өзү
жалтактап сүйлөшчү эле го! Исхак баарын байкады. Байкамаксанга салып, колундагы анделектен бир тилип сунду:
– Кана, даамга келиӊ, бек. Бегим сынындабы, кылычы кынындабы, кайсы периште айдап, экинин бири, ордонун тиреги мында келип турганын билсек болор бекен?
– Кайсы периште айдап келгени ханзаадага маалумдур. Жолубузду Кудай кошсо кылычы кынында экенин бирге сынап көрөлү. Дилимди билген бир Кудай күбө, ханзаада, ушу элдин күнү деп жүргөн кишимин. Өз башыма мансап керек болсо ал мансап колумда. Бирак, өз өлкөмө, өз элиме бапасы жок мансап, бийлик мени иренжитти...
– Мейли, өзүӊүз айткандай болсун, ишенели. Ушул элдин күнү деп кара башын окко байлап жүргөн азамат дейли...- деп тирмейип тиктеп калды. – Айтыӊызчы, а мен киммин?
Абдырахман элтейди.
– Мен ханзаадамынбы? Ушу элди бөөдө октун алдына тосуп, «тактымды, бактымды алып бер» деп айдап жүрөмбү? Жо, мен ханзаада эмесмин! Кудай жолунда жүргөн жай адамдын баласымын. Сиз аны жакшы билесиз. Менин алдыма келип таазим кылуу бек башыӊызды пас кылып турат окшойт. Кабагыӊыздын киринен көрүп турам!
Абдырахман нестейди.
– Мага эмне керек? Алтын такпы? Ал башын чайкады. – Көр оокатпы? Дагы башын чайкады. – Мага тигинин да, мунун да кереги жок. Мага эл катары кеӊчилик керек. Жанагы сиз күйүп жүргөн, кор болгон элдин кеӊчилиги керек. Иштин теги мен элди алдыма салып айдап жүргөн жокмун, эл мени алдына салып айдап жүрөт. Демек, урматтуу бегим, мен эл өзү көтөрүп чыккан туумун. Сиз мага бек башыӊызды ийсеӊиз, мага жолуӊузду кошсоӊуз, аныӊыз элге башыӊызды ийгениӊиз, элге жолуӊузду кошконуӊуз!..
Исхактын ачыктыгына, шардыгына таӊ калды Абдырахман.
– Ниетиӊе баш ийдим, баатыр!- деп жиберди. – Эртеӊки күн эмне болорун бир Кудайга коёлу, бүгүн кошуп ал, баатыр, биригели!
Көп өтпөй ордонун тиреги Абдырахман парваначы өзүнүн тандамал аскери менен, Иса-оулия, Калназар датка болуп Анжияндын жанында эрегишке келип кошулду.
«О, Абдырахман! Кыларыӊ ушул беле?! Койнума жыландын баласын салып жүргөн экенмин го?! Ха, туз ургур, тузума койдум...» деп Кудаяр хан кеӊгиреп, эмнени ойлонорун билбей турганда көзү алайып, акактаган бир тууганы Султанмурат бек кирип келди.
– Ханзаада Насирдин...
– Эмне болду? Айта бер, ханзаада аманбы?
– Кетиптир...
Кудаяр хандын көзү чоӊ ачыла түштү.
– Колундагы төрт миӊ аскерди баштап алып Абдырахмандын артынан кетиптир...
Кудаяр хан жүзүн үйрүп кетти:
– Ушундан көрө өлдү деген сөздү уксамчы...
Ханзааданын оюнда ыйык максат, элдин мүдөөсү деген кайдан болсун?! Ордо төӊкөрүшү жакындап келе жатканын гана сезип, күч оогон жакка жылт берип калганы болучу.
«Өй, Кудурет, бу бала дегенди эмнеге атага кас жаратасыӊ, а?! Жашында кубаныч, эр жетсе душман...» Эч акылы жетпей турганда эшик ага кирди:
– Өкүмдар, Вей паша...
Кудаяр хан балача сүйүнүп кетти.
– Айтпадым беле! О, мени булар таштабайт дебедим беле!..
Генерал Вейнберг татар тилмечи менен келди.
– Башыбызга каран түн салаӊдап келатат, улук төрөм... Кандай акыл айткайсыз?..
Генералдын жүзү былк эткен жок.
– Да, көрүп турабыз таксыр. Өлкөӊүздө саясий абал катуу...
Тилмеч которду. Генералдын камырабаганын көрүп Кудаяр хандын ындыны өчтү:
– Көрүп турасыӊар,  баарын көрүп турасыӊар. Кандай күн болот эми?.. Мен силерге ишенбедим беле?! Силерге таянбадым беле?!
Генерал Вейнберг атайын маалкатып, анын кекирейген хан сөөлөтүн күбүп таштап, анан сүйлөшкүсү келип атайын тымпыйды. Кудаяр хандын ичи өрттөндү. «Бу каапырлар да мени куласын дешип калганбы? Эмне кылдым буларга? Кандай өкчөсө ошондой түшүп, эркине көнүп берип отурганымбы?! Ушуларга оогонум  үчүн өзүмдүн бектерим кетип жаткан жокпу?!» Туталанып кетти:
– Кана?! Ачык айт! Дагы эмне кылып беришим керек?
– Бир гана айла бар, таксыр...
Генерал Вейнбергдин айласы көп өтпөй анын айтуусу менен кагазга түшүрүлдү: «Түркстан генерал-губернатору урматы улук жарыктык фон Кауфман төрөгө... Минтип башыма каран күн түшүп турганда белиме таӊуу кылган, ишенимдүү деген кишилерим – молла Иса-оулия, Абдырахман абтабачы, Калназар парваначы бүт аскери менен менин душмандарым тополоӊчу кыргыз тарапка өтүп кетишти. Эми аларга кошулуп кайра өзүмө каршы уруш ачып келе жатышат. Мына ушинтип, Сиздей урматы улук жарыктык төрөдөн көп жардам, сүйөк көрүп келген элем, ушу азыр кыйын учурда да тез жардамсыз калтырбайт деп үмүт кылам. Өз башымды да, Кокон мамлекетин да улук даражалуу амиран императордун колуна тапшырам. Кокус каргыш тийген тополоӊчулардын арам ою ишке ашып кетпесин, Сизден орус аскерин көп замбиреги менен Кокон шаарына тез аттанууга буйрук берет деп сынакы бурадар катары өтүнөм...»
Тилмеч жай отуруп каттын сөзүн Кудаяр ханга которуп берди. Ал куп этпей, башын ийкеп отуруп укту. Аягына чыкканда сөөмөйүн саал көтөрүп:
– Жанагы жерин...  кайта окуӊчу, абзий...- деди бир кур иреӊи кетип, жини келгендей танабы кыпчылып. – Жанагы эмне, «өз башымды да, Кокон мамлекетин да...» эмне
кылам дедик?.. Ошол жерин...
Тилмеч кайта тактап окуду.
– Гм... муну кандай түшүнсөк болот? Тапшырам?.. Кандайча?..
Генерал Вейнберг унчукпай келип, катты Кудаяр хандын алдына жылдырды:
– Улук даражалуу таксыр, бу сиздин эӊ акыркы айлаӊыз...
Тилмеч которду. Кудаяр хан суусаган таандай акактап, тердеп, колу титиреп, өлүктөй жымжырттык ичинде каттын этегине мөөрүн басты.

***

Кокон шаарынын эли дүүлүгүп, сагат сайын тынчсыз. Курал дүкөндөрүнөн башкасы жабылды. Генерал Вейнберг Кокондогу полковник Скобелев башчылык кылган орус-казак отряды менен хан ордосун коргоого алды. Көп өтпөй бир түнү тилин алган төрт миӊ аскерди ээрчитип, ханзаада Мухаммед-амин бек да көтөрүлүшчүлөргө кошулуп кетти. Бул хан ишенип отурган күчтүн жарымысы болчу. Эми Кудаяр ханга да, Вейнбергге да Кокондо туруу мүмкүн болбой калды.
Эртеси Кудаяр хан бүт үй-бүлөсүн, ээрчиген ордо кишилерин, 80 арабага жүктөлгөн казынасын алып, Скобелевдин отрядынын курчоосунда Кожон багытына жол алды. Шаар эли көчөмө-көчө жол бууп, тар көчөнүн эки жагына шыкалып:
– Ха-а! Куйругун кыпчыган экен!- деп табалап, шылдыӊ кылып, кай бирөө шыбатып сөгүп узатып калышты.
Жолдо ар жерден куралдуу топторго учурап, жолмо-жол ок менен тегерене коргонуп отуруп, хандын казына жүктөлгөн кырк арабасын алдырып, Орусиянын кол астына кирип калган Кожон шаарына эртеси араӊ жетишти.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 651, 24-апрель-30-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан