Асек Урманбетов, согуштун ардагери: «85 ЖАШКА ЧЫККАНДА ЭКИ ЖООКЕР БАШ КОШТУК»

Өлкөбүздө саналуу гана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери калды. Алардын бири Асек Урманбетов. Бир бутун кесип алган согуш талаасы жана 85 жашында турмуш курушкан жоокерлердин таттуу сүйүүсү ардагердин сөзү менен.

«ООР ЗАМАН БИЗДИ СОГУШКА ДАЯРДАПТЫР»
-Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында 1923-жылы төрөлгөм. 1916-жылкы үркүндө ата-энелерибиз Кытайга качышып, самсаалап ал жактан кайра келип, терген-жыйгандарынын баары чачылып, оор турмуш жүрүп жаткан кез эле. Нанга курсагыбыз тойбогон заман болчу. Техника деген өнүгө элек, мамлекетке бекер иштеп, ачка болгонубузга карабай чоӊ каналдарды кол менен казып, топурагын жемпирлерибизге салып ташыганбыз. Ошол оор заман бизди согушка бышыра тарбиялаган экен.

«АРТКА КАЧСАӉ ӨЗҮБҮЗДҮКҮЛӨР АТЧУ»
-1942-жылы 8-мартта советтик армиянын катарына алынып, Улан-Удэ шаарында бир жылдык аскердик окуу жайды аяктадым. Кенже лейтенант наамын алып, 1943-жылы согуш талаасына аттандык. Согуштун башталышында СССР курал жагынан аябай кыйналган. 1943-жылдан кийин гана техника, курал менен аскерлер толук камсыз боло баштады. Як-1 истребители, кийин ЯК-2, ЯК-3 деп атууга жакшы шарттары түзүлгөн учактар чыгарылды. Алар келгенче биздин жоокерлерди немистердин «Мессершмитт» деген күлүк учагы талкалап турчу. Биздин ЯК-1, 2, 3төр чыгып, аларга туруштук берип калды. Немистер курал-жарак, техника жагынан күчтүү эле.
Октон кимдер гана коркпосун. Менде да коркуу болду, бирок алааматка киргенде өзүӊдү жоготуп коёсуӊ. Ок атылып, снаряд жарылып жатса да алдыга гана умтулмай. Артка качсаӊ өзүбүздүкүлөр атат. Ал жерде жан эмне экенин унутасыӊ.

«ДУШМАНДЫН 76 МАШИНЕСИН 3 ЖООКЕР ТОКТОТКОНБУЗ»
-Мени взводдун командири кылып дайындап коюшту. Беларуста салгылашып калдык. Алардын токою саздуу, анан узун карагайлуу. Полктун командири мени чакырып, жаныма эки аскерди кошуп берди да, чалгынга жиберди. Немистер эмне кылып жатат, канча жоокери бар, кандай даярдыкта турат баарын билип, полктун командирине кабар берүү милдетин тапшырды.
Айтылган жерге барганча кеч кирип кетти. Машинелер чубалып келе жатат. Учактар аткылап салбасын деп астындагы жолду көрсөтчү үлбүрөгөн жарыгын гана жагып алышкан. Полктун командирине кабар берсек, алар келгенче кеч болуп кетчүдөй. «Аларды токтотуш керек!» деп буйрук бердим да, үчөөлөп аткылай баштадык. Үчөөбүздүн атуубузду тоготпой, машинелер жүрүүсүн уланта берди. Жөрмөлөп барып астыӊкы машинеге граната ыргыттым. Ал жарылганда артындагылар да токтоп калды. Немистер партизандардан аябай коркушчу, бизди да ошолор деп ойлошту окшойт, ичиндеги адамдардын баары түшүп токой аралап качып жөнөштү. Санасам 76 машине экен. Бир жерден экинчи жерге көчүп бараткандар окшойт, машинелердин ичи тамак-аш, ок-дары сыяктуу жүккө толгон.
Жол жабылып калгандыктан ал жерде атышуу катуу болуп, беш күнгө созулду. Кыйналганыбызды сураба, же кабар бергенге кете албайбыз. Акыры алар бизге чабуул коюшту. Эки шеригимдин буттарына ок тийип артка качты. Мен бузулган танктын артында жаткам, буттарым андан чыгып калган экен, менин да бутума ок тийди. Ошол күн 17-декабрь эле. Көз алдымда күнү бүгүнкүдөй элестеп турат. Жөрмөлөп токойго кирип бараттым, качып баратканыбызды көрүштү, бирок атышкан жок. Себеби бизди өлтүрүп койсо, өлүп кала бермекпиз. Ал эми оор жарадар кылып койсо, согушка жарабайбыз, бизди дарылоого, бакканга мамлекеттин көп каражаты кетип, экономика солгундайт да. Шериктериме эмне болду билбейм, мен болсо бутум таӊылбай, бир тамчы суу жок, кансырап муздак жерде 3 сутка жаттым. Кийин Горький шаарындагы госпиталга жеткиришип, үч айдан соӊ бир бутумду сандан ылдый кесип салышты. 1944-жылы август айында согушка жараксыз деген буйрук менен айылыма келгем.

«СОГУШТУН ЗЫЯНЫ 70-ЖЫЛДАРГА ЧЕЙИН СОЗУЛДУ»
-Айылдын куту кетип, эл абдан жүдөп калыптыр. Жегенге тамак, кийгенге кийим жок. Адамдар арыктап, оору каптап кеткен. Кайран эл өлбөстүн күнүн көрүп жатышкан экен. Согуштун зыяны 70-жылдарга чейин созулду. Соода, өнөр жайында, айыл чарбада башкы эсепчи, ревизор болуп эмгектендим. Согуш убагында завод, фабрикалардын баарын аскердик имаратка айландырып жиберишкен эле. Аларды кайра иштеткенге бир топ убакыт кетти. 70-жылдары гана дүкөнгө бардык нерсе жайнап чыкты. Бир көйнөгүбүздөн башка кийимди элестете албаган жаныбыз кийин орустун көйнөгүн чанып, «импортный» кийим киебиз деп калдык. Ысык-Көлдөн Фрунзеге отчёт тапшырганы келерде машине менен жүрбөйбүз деп, учак менен келчүбүз.

«85 ЖАШЫБЫЗДА ТАМАРА ЭКӨӨБҮЗ ТУРМУШ КУРДУК»
-Биринчи байбичем экөөбүз үч кыз, үч уулдуу болгонбуз. Бир уулум 42 жашында кайтыш болуп, артында беш баласы калды. Жыл айланып байбичем да узап кетти. Алар ооруганда каражат таппай кыйналганымды айтпа. Каза болгондон кийинки сөөктү жерге берүүдө ого бетер кыйналдым. Мени элдин ар кандай ушак кептери айылга батырган жок. Айрым кептер айтылганда жердин катуулугунан эле кирип кетпей калгам.
Ошентип шаарга келе бердим. Кайгыдан улам чыгармачылыкка ооп кеттим. Шаарда протез жасаган заводдун бир бөлмөсүндө жашап калдым. Бир жолу журналист кыз мага «Асек ата, бир апа бар, сизге окшош согуштун ардагери. Үйү бар, жалгыз жашайт. Таанышып, турмуш курсаӊар болмок» деп калды. «Тамарабы?» десем, «ооба» дейт. Тагдыр буйруп Тамара экөөбүз 85 жашыбызда турмуш курдук.
Согуш мезгилинде орустун кыздары фронтко барууга арыз жазып жатса, Тамара да өз эрки менен кетип калган экен. Москванын ичиндеги завод, фабрикаларды немистер түн ичинде бомбалашчу. Ошолорду кайтарган аткыч кыздар бар эле. Алардын катарында Тамара да жүргөн. 1945-жылы япондор менен да согушуп келген. Ал Бишкектин жетекчилери астында аброю бар, бир топ иш-чараларга катышып жүргөн активдүү байбиче экен. Менин чыгармачылыгым анын үйүнөн өркүндөп, жашоом өзгөрдү. Жылуу төшөгүм болду, каалаган тамагымды жасап берип, кийимимди таза карап жүрдү. Эки жарым жыл жашагандан кийин жакшынакай эле жүрүп каза болуп калды. Ал убакта Аскар Акаев президент эле, ал мага үй бөлдүрүп берип, ошол үйдө жашап жатам.
43 небере, чөбөрөнүн чоӊ ата, таятасы, кадырлуу ардагер Асек Урманбетов учурда 92 жашта. Көзү жакшы көрбөй, буту ооруса да чыгарма жазып, китептерин сатып, андан түшкөн каражатты ошол ооруган буту менен көзүнө сарптабай, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө берет экен. «Окуу жайларга барып студент, окуучулар менен 1-2 саат баарлашып, энергия алып келем» дейт. Эрдик менен бизге ушул жашоону тартуулаган улууларга таазим. Алар менен баарлашканыбызды биз да сыймыктануу менен эскерип кала турган кез келет. Мен да атанын өзү жашаган үйүнө кирип, аны менен 2 саат маектешкеним үчүн өзүмдү бактылуу сезип кайттым.

"Тамара менен жашап жүргөндө чыгармачылыгым өркүндөп, жашоом өзгөргөн эле".

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
85 жашында турмуш жаңырткан ардагер
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
daniyar96
2015-04-27 11:37:01
Бир кадам артка эки кадам алдыга журуп олтурушуп женишти алып келишкен.Сиздер мн сыймыктанабыз Омурунуз узуун болсун Асек ата.
+4
perichte
2015-04-27 22:14:48
Кыргызбай Осмонов да ырдайт Супер инфо.медиа порталдан тапса болот
0
MK2015
2015-04-28 21:31:59
Ошол согуш учурунда торолбой ал ыйын кундорду корбой коз карандысыз мамлекетте жашап жаткандыгыма мин мертебе ыраазымын. Согуштун ардагерлерине таазим!
Азыр силер барсынар бизге ошол апаат кундорду эскертуу менен азыркы кундуе баркын сездиресинер. А бирок кундон кунго согуштун ардагерлеринин саны азайып бара жатат. Бизден кийинки урпактарыбыз кантишээр экен.
+1
eliz-an86
2015-04-29 03:22:02
Ар дайым бар болунуз Асек ата. Бизди ушундай жыргал кундорго жеткирген сиздей ардагерлерге таазим!!!
+1
Nur_ma_90
2015-04-30 09:47:35
ар дайым ден соолукта болунуз
+1
№ 651, 24-апрель-30-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан