ТУРМУШ АРАБАСЫН ЖАЛГЫЗ ТАРТКАН АЙЫМДАР

Арабызда көп жыл жалгыздыктын кучагында жашап, үй-бүлөдө атанын да, эненин да милдетин бирдей аткарып келген айымдар бар. Айымдар үчүн жалгыз бой жашоо коркунучтуубу же жалгыз калса деле жашоосун татыктуу алып кете алышабы? Биз бул маселе тууралуу айрым атактуу айымдарга суроо узатып жооп алганга аракет кылдык.

Асел Турдалиева: «ЖОЛДОШУМ АЛСЫЗ БОЛУП КАЛДЫ ОКШОЙТ»
-Жолдошум менен ажырашканыма 16 жылдан ашыптыр. Жаштык-мастык кылдым дебейм, анткени күйөөм менен 1-2 жыл жашагандан кийин эле ажырашарыбызды билгем. «Аман-эсен кызымды төрөп алсам ажырашам» деп айтчумун, ошондой эле болду. Жакшы-жаман айтышкан жокпуз, кызы атасынын фамилиясын алып жүрөт, ага кызы менен көрүшүүгө чек койгон жокмун. Ажырашканыбызга ортобуздагы түшүнбөстүктөр, кызганыч да роль ойноп койду окшойт. Чыгармачылыкта жүргөн аялга чынында үй-бүлөнү сактоо кыйын. Мен үчүн чыгармачылык дайыма биринчи орунда, ал эми үй-бүлө кийинки орунда турчу. Өзүм аябай тартиби катуу үй-бүлөдө чоӊоюп, өскөм. Атам эрте каза болуп, апам балдарын жалгыз тарбиялады. Кичинемден тыӊ элем, мага өзүмдөн да күчтүү мырза керек эле. Жолдошум алсызыраак болуп калды окшойт. Жалгыздыктан эч качан корккон эмесмин. Эркек киши кылчу жумуштарыбыз деле жок, мал карабайм, кар күрөбөйм. Бүт шарты бар кабаттуу үйдө турам. Иштеген жумушум бар, жалгыз жашап көнүп калгам. Сөздүн ачыгын айтсам, азыр айымдардын эсебинен жашаган альфонс эркектер көбөйдү. Эркектер үчүн сүйүү экинчи орунда калып, кыздардын акчасы, байлыгы маанилүү болуп калды. Үйлөнөрдө кыздын иштеген жерин, ата-энесинин байлыгын сурагандарын укканда таӊ каласыӊ. Тескерисинче, мырзаларга караганда айымдар сүйүүгө туруктуураак, «духу» күчтүүрөөк. Айтар кеӊешим, колдон келишинче толук кандуу үй-бүлө болууга аракет жасаш керек. Бирок өмүрлүк жолдошуӊ баркыӊды билбей кол көтөрүп, кемсинтип, эсептешип жашаса, андан көрө жалгыз жашаган эле оӊ.

Асел Турдалиеванын кызы да кезинде ырдап жүрчү, бирок азыр бул тармактан оолактаганын айтат ырчы айым.



Шайыр Касымалиева: «МЕН ЖАЛГЫЗДЫКТЫ ЖЕӉДИМ»
-Кыргызстанда жалгыз бой жашаган айымдар көп эле. Биз эл көзүндө жүргөндүктөн жеке жашообуз алаканга салгандай көрүнүп калат. Өзүмдүн жеке мисалымда айтсам, аял киши күйөөсү жок жашаса бир жери кемип калат же күйөөсү бар аялдарга караганда кыйынчылыкты көп тартат дегенге кошулбайм. Кыйынчылык, жалгыздык ар бир адамдын башына келчү жазмыш. Бул тагдыр, эгер Жараткан сени түгөйү жок, жарты жан жашайсыӊ десе, демек, маӊдайга жазганын көрөсүӊ. Мисалы, өзүмдүн апам эрте жесир калып, бизди жалгыз багып чоӊойткон. Мен апамдан бекемдикке, кайраттуулукка үйрөндүм, турмушка быштым. Өзүм деле кызымды жалгыз тарбиялап, эрезеге жеткирдим. Азыр неберелерим менен алышып, сепкен эгинимдин түшүмүн жеп жатам. Менде деле жаш кезде ыйлап-сыктап, кыйналган күндөрүм болду. Өзүӊдү «эмнеге ушундаймын?» деп жемелей бергенден пайда чыкпаса, өмүр бою эле түбү жок кайгыга түшүп жүрө бермек белем. Мен жалгыздыкты жеӊдим, башты бийик көтөрүп келечекке кол сундум. Көрсө турмуш бизди күчтүү кылат экен. Миӊ алсыз, баёо болсоӊ да күчтүү болгонго аргасыз болот экенсиӊ. Кыргыз аялдарынын башынан кандай гана оор турмуш өткөн жок, ошонун баарына чыдап келген айымдарга алкыш!

Актрисанын кызы Мээрим Шерматова да бир жылдары апасынын жолун улап, актрисалык кесипти аркалап жүргөн.




Гүлшайыр Садыбакасова: «АЯЛ КАНЧАЛЫК КҮЧТҮҮ БОЛБОСУН ТҮГӨЙҮ МЕНЕН БОЛУШУ КЕРЕК»
-Мен негизи аялдардын баары алсыз, эркектердин баары кыйын деген ойго кошулбайм. Аялдардын да кыйыны болот. Табиятымдан «эмнеге жалгызмын, эмнеге тагдырым ушундай?» деп мүӊкүрөгөн аял эмесмин, жаштайымдан эрким күчтүү эле. Жалгыз бой жашаганыма 15 жылдай болуп калды. Бул жылдардагы кыйынчылыктарды, үй-бүлө, чыгармачылыктагы муктаждыктарды өзүм эле чечип келе жатам. Турмушка чыгуу оюмда деле болбоптур, бирок «чогуу бүлө куралы, жубайым бол» деген сунуштар көп эле болду, аны жашырбайм. Эми 60ка чыкканда мени ким алмак эле (күлүп)?! Карап көрсөм эли-жерине кызмат кылган көпчүлүк айымдар жалгыз калышат экен. Андыктан бул кокустук эмес, мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Мен деле жолдошум менен «Кыз-Бурактын» айынан ажырашкам. Чыгармачылыкты жыйыштыр десе болбой тирешип алгам. Куулук-шумдугу жок жаш кезде күйөөмдү эптеп алдап, үй-бүлөнү сактап калууну деле билбептирмин. Бирок өткөн өмүрүмө кейибейм. Аялдан аял тандап саякатчы бакадай болгон эркектерден Кудай сактасын. Жалгыздыгым мага тойлордо баары түгөйлөрү менен, а мен жалгыз отуруп калганда билинет. Бирок айтарым, аял киши канчалык кыйын, күчтүү болбосун сөзсүз түгөйү менен болушу керек. Керек болсо кумурска да түгөйү менен болсо дейм.


 

Гүлшайыр эжекебиздин кызы Сайкал "Кыз-Бурак" тобун жетектеп, уулу Эркин 8-класста окуп калды.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
rkurstan
2015-04-27 19:23:01
Жогоруда окуп корсом Асел мн Гулшайыр туура эмес создорду суйлоптур,булар мындай деп жатып кыздарыбыздын психикасын бузчудай!Урматтуу кыргыз кыздары жогорудагы каармандардын жашоосуна кызыкпагыла,тугоюн менен болуп бирге омур кечиргенге эмне жетсин,булар айта беришет калп эле бирок нарагынан алар деле окунушот куйоосун чанып кеткени учун...Куйоонордун айтканынан чыкпай сыйлагыла,Бир Хадисте айтылат аял киши куйоосун сыйласа атасын,ага-инисин бейишке алып кирет,а эркек апасын сыйлап урматтаса...
-1
rkurstan
2015-04-27 19:28:38
Аял заты кыйын болуп жалжандап журуш учун эмес аял заты уйдун куту,бала тороп аларга тарбия берип,суйуктуу жар татыктуу келин болуш учун жаралган,ошон учун женил жашоого жалгыз ээн баш болгонго азгырылбагыла!
+1
jamilya03
2015-04-27 19:50:26
Мен жалгыздыктан корком жолдошум менен тен карып тен арысам дейм эч кимге айта албаган сырларын болот турмушта жолдошун менен сырдашып божурашып отурганга эмне жетсин
+5
Taalaibek.
2015-04-28 08:19:33
jamilya03,Сизге Аллах ыраазы болсун.
0
Ashka
2015-04-28 00:28:08
Жалгыздык баарынын башында бар,ага даяр болуш керек.
0
Ashka
2015-04-28 00:28:57

Ар ким тугойу м.н болгон жакшы.
0
st1m_
2015-04-28 00:33:46
Алы жок акыретчил болот демекчи куйоолору жок болсо айласы жогунан да жалгыздык жакшы дешсе керек.Азыр тын акча тапкан айымдарыбыз куда тосо баштаганда, карылык этектен тарта баштаганда эркектин оордун жоктой башташат, анан таразалайт азыркы создорун, окунот, каап дейт.Кудайым пендесин дегеле тугойунон ажыратпасын. Ал тынбы, жудообу баарыбир балдарындын атасы.
+2
malika14
2015-04-28 01:07:41
Baktylyylyk kaalaim baarynyzdarga, kop kop yigilikterdi jarata berinizder.
0
jaskaaa
2015-04-28 13:28:14
а дейбиз б дейбиз. Булда тагдырда. башыбыздан отпосо комет. жазып бекерго.
0
Ayka1994
2015-04-28 14:46:05
Жалгыздык кудайга гана жарашат. Ал эми мен куйоом менен ажырашып кеттим апамда жалгыз бой чонойткон дебей куйоосу менен тутуулашуунун ойлонуп корушсо жакшы болмок эчтен коро кеч жакшы дейт. Азыр акыл токтотушкан мезгили мумкун кайра жарашууну акыл калчап ойлонуп короор. Кыздарына эч качан жалгыз калга тугойун менен бол мендей болбо деп кенеш беришсе демекмин. карап корсом мени да апам жалгыз чонойткон, менда жалгыз чонойтуп атам деп атышат бул соз уул-кыздарына да тескери таасир этиши мумкун
+1
Venerochka
2015-04-28 20:33:16
Айрыкча азыр альфонстор ото кобойду, эркекче деп соз берип алып созуно турбагандар кобойуудо, эртен аялдар мн эркектер алмашып калабы?
0
Senuchunzhashaim
2015-04-28 22:26:05
Гулшайыр эженин создоруно кошулам, аял канчалык кучтуу болсо да эри менен болгон жакшы.
0
jakka.9999
2015-04-30 18:44:52
jaskaaа сен андай дегенин м.н биз алардай боолбогонго аракет жасашыбыз керек.адамдардын жакшы сапаттарын коруп биз да келечеке жол баштайбызда.Гулшайыр эже туура айтты
0
ZaRi_RaYa
2015-05-01 13:57:56
Гулшайыр эже 15 жыл мурун ажырашса анда Эркин кайдан келген
0
ermak
2015-05-01 17:04:51
ZaRi_RaYa, ???
0
ermak
2015-05-01 16:42:01
Туура айтасынар, эркек деген чечкиндуу болушу керек. бирок ар бир торолгон эркек бала эн негизгиси эненин тарбясын алышы керек ошондо гана чыныгы эркек боло алат. ( бугунку кыздар эртенки кундун энелери ... )
0
nusichka
2015-05-01 19:08:38
Ар бир адам тугойу менен жашаганга эмне жетсин, турмушта ар кандай нерсе болот чыдаганга аракет кылыш керек. эркек киши чындыгында чечкиндуу болуш керек, жолдошума ошол жагынан бир аз солгундайм, озум суйлошуп чечкенге аракет кылам , бирок тушунуктуу уй булом деп турат. менда жалгыздыктан корком
0
№ 651, 24-апрель-30-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан