ЭӉ МЫКТЫ СМАРТФОНДОР КЫРГЫЗСТАНДА! Samsung Galaxy S6 S6 Еdge

Мыкты смартфон телефондорун дүйнө жүзүнө чыгарган Samsung Electronics компаниясы 2015-жылдын 17-апрелинде акыркы үлгүдөгү Galaxy S6 жана Galaxy S6 Edge смартфондорун Кыргызстанга тартуу кылды. Бул иш-чара үчүн аталган компаниянын биздин өлкөдөгү өкүлчүлүгү ачылыш салтанатын уюштуруп, жыйын курду.

«ЗАМАНДЫН ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫК СМАРТФОН»
Жаӊы үлгүдөгү смартфон менен тааныштыруу үчүн атайын салтанаттуу жыйын «Хаятт» мейманканасында болуп өтүп, ага көрүнүктүү бизнес өкүлдөрү, журналисттер жана технология жаатына кызыккан жаштар келишти. Алгач Samsung Electronics компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Таалайбек Дайырбеков кандай смартфондор чыкканын айтып өттү:
– Дүйнө жүзүндө жана Кыргызстанда смартфондор арасында №1-компания болгон Samsung жаӊы уникалдуу смартфондорду сиздер үчүн тартуу кылат. Бул – Samsung Galaxy S6 жана Samsung Galaxy S6 Edge. Жогорку инновациялык, алдыӊкы технологиялардын жардамы менен жасалган смартфондор замандын талабына толугу менен жооп берет. Металл жана айнектин идеалдуу айкалышуусунда жасалып, өзгөчө көрүнүшү менен айырмаланат. Samsung Galaxy S6 Edge – эки жагындагы ийилген экраны бар дүйнөдөгү алгачкы смартфон. Күчтүү процессор, коопсуздук үчүн ыӊгайланышкан колдонмолор бул телефонго орнотулган. Ошондой эле мекендештерибиз үчүн ыӊгайлуу болуш үчүн кыргыз тили телефондун өзүнө гана эмес, клавиатурасына да киргизилген.
Расмий маалыматтарга таянсак, Samsung компаниясынын телефондору сатуу боюнча Кыргызстанда өткөн жылы 80 миллион сом киреше чогулткан. Бул биздин компаниянын продукциялары кыргызстандыктарга белгилүү экендигинен жана алардын ишеничин актап жаткандыгынан кабар берет.
Муну менен катар Samsung компаниясы мекендештерибизге жардам көрсөтүүнү унуткан жок. Эске салсак, былтыркы жылы Бишкек шаарындагы №93-мектепке смарт-класс ачуу демилгесин көтөрүп, ишке ашырган эле. Мындагы окуучулар интерактивдик такта аркылуу планшеттердин жардамы менен окушат. Ал эми быйылкы жылы өлкөбүздөгү алдыӊкы жогорку окуу жайлардын бирине смарт-лаборатория ачууну көздөп жатабыз. Ошондой эле Көзү азиз жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүнө смартфон менен багыт алууну үйрөтүү боюнча окуу жайын ачууга белсендик. Өлкөбүздөгү ооруканалардын бирине керектүү медициналык жабдык тартуулоо долбоорубуз да ишке ашуу алдында. Булар чети гана, дагы мындай долбоорлор менен иштөөнү уланта бермекчибиз. Андыктан Samsung Electronics компаниясынын техникаларын колдонгон ар бир жарандын мекенибизди өнүктүрүүгө кошкон салымы бар.

СМАРТФОНДОРГО МҮНӨЗДӨМӨ
Өзгөчө дизайн
Андан соӊ аталган смартфондор келген адамдарга көргөзүлдү. Ачыгын айтуу керек, бул мобилдик смартфондор көпчүлүктү таӊ калтырды. Алгач эле өзгөчө көзгө уруна турган жагдай бул Samsung Galaxy S6 жана Samsung Galaxy S6 Edge смартфондорунун дизайнында эле. Башкы өзгөчөлүгү да ушунда экен десем да болот.
Колго алсаӊ, бүгүлгөн сымал Samsung Galaxy S6 Edge укмуштуу көрүнүп, колдонгонго да ыӊгайлуу келет. Жаӊы смартфондорго учурдагы эӊ бекем айнек – Gorilla Glass колдонулуп, бул анын чийилип, жерге түшкөндө сынып кетүүсүнөн да сактай алат. Келечектеги бул телефондордун ээлери эӊ сонун түстөрүн тандай алышат экен: ак бермет, кара сапфир, көздү уялткан платина (Samsung Galaxy S6) жана асыл зымырыт (Samsung Galaxy S6 Edge). Мындай моделди чыгарууда компания алдыӊкы технологиялардын жардамы менен айнекти иштетүү иштерин жүргүзүп, сапат текшерүү стандартын киргизген. Мындай өзгөчөлүк Samsung смартфондорун башка мобилдик компаниялардан бир топ айырмаланта алары бышык. Жаӊыланган интерфейс иштөө үчүн да эӊ ыӊгайлуу болуп жасалган.

САПАТТУУ КАМЕРА ЖАНА СҮРӨТТӨР
Эгерде сиз камерага түшүү жана сүрөткө тартуу менен «оорусаӊыз», анда Samsung Galaxy S6 жана Samsung Galaxy S6 Edge сиз үчүн! Себеби бул телефондор сапаттуу жана ылдам фронталдык (алдыӊкы) ошондой эле негизги камера менен жабдылган. Муну менен сиз сонун сүрөттөрдү тарта аласыз. Фронталдык камера 5 МП (мегапиксель), ал эми негизгиси 16 МП. Айта кетчү жагдай, эми капкараӊгы түндө да селфи жаратууга болот. Буга далил, көрсөтүү учурунда атайын караӊгы жерден селфи кылууга да жетишкендер болду. Камерадагы кошумча кызматтар сүрөттөрдүн сапатын мыкты кылуу менен бирге (High Dynamic Range) сүрөттөрдү оптикалык жактан стабилдештирет (Smart Optical Image Stabilization) жана инфракызыл датчик орнотулган. Ошондой эле камералардын сүрөткө тартуу функциясынын ылдамдыгы бир канча эсеге жогорулатылган. Тагыраагы, 0,7 секунд. Эми сиз жашооӊуздун ар бир көз ирмемин сүрөткө тарта аласыз!

10 МҮНӨТТҮК КУБАТТОО 4 СААТКА ЖЕТЕТ
Учурда үйгө телефонубузду эмес, кубаттагычын унутуп калсак, мына ошондо жашообуздун бүткөнү. Себеби көп функциялуу телефондор бат эле кубатын жоготуп, саат сайын кубаттоого туура келет. Бул жаатта эми Samsung алдыга кадам шилтеди. Инновациялык технологиялардын жардамы менен Samsung Galaxy S6 жана Samsung Galaxy S6 Edge мобилдик телефондорду кубаттоо боюнча жаӊы стандартты түптөдү. Алсак, аталган смартфондор бардык зымсыз кубаттагычтар (WPC жана PMA) менен кубаттала берет. Ошондой эле эӊ бат кубаттала турган технология ишке киргизилди. Ойлоп көрүӊүз, 10 мүнөт гана кубаттасаӊыз – сиздин Galaxy төрт саат иштегенге даяр! Муну менен катар смартфондун энергиясын үнөмдөө режими да жакшыртылган. Бул аккумулятордун алда канча көп убакытка иштеп, чалууларды аткарууга жана өткөрүп жибербөөгө шарт түзөт. Ошондой эле канчалык көп иштетсеӊиз да, телефондун ысыганын байкабайсыз.

ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨР
Ичке жана жеӊил смартфондор (Samsung Galaxy S6 – 6,8 мм/138 грамм, Samsung Galaxy S6 Edge – 7 мм/132 грамм) эӊ сапаттуу процессорлор менен жабдылган. Дүйнөдөгү эӊ биринчи 14-нм 64-биттик платформадагы мобилдик процессор орнотулган жана 1440P/VP9 аппараттык декодер менен видеону эӊ сапаттуу режимде көрө алышат. Ошондой эле түстөрдүн өзгөчөлүгү менен ар башка абоненттин чалуулары смартфондун колдонуучусу үчүн ар башка түстө жарык бере алат. Мисалы, ата-энеӊиз чалса, сары түс жанса, досторуӊуздуку көк түстө жанышы мүмкүн. Жарык экрандар караӊгыда көрүүнү жогору кылып, ар кайсы убакытта, ар кайсы жерде колдонуу ыӊгайлуу экен.

ИШ-ЧАРАДА СМАРТФОНДОР БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ
Samsung компаниясынын жаӊы смартфондорду сатыкка чыгаргандыгы тууралуу маалымат жыйынынан соӊ чакан чөйрөгө концерттик программа тартууланып, анда ырчы Мирбек Атабеков жана «We'll be» бий тобу келген коноктордун көӊүлүн көтөрүштү. Ал эми иш-чарадагы көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан учур Galaxy S6 жана Galaxy S6 Edge смартфондорун утушка ойнотуу учуру болду. Утуш ээлерин аныктоо үчүн смартфон сейфке катылып, анын коду табышмак түрдө залдын ар бир бурчуна жашырылды. Кызыктуу оюн бир канча мүнөткө созулуп, жыйынтыгында сейфтин кодун туура тапкан тапалак утушка ээ болду. Мындан сырткары Facebook, Instagram жана Twitter социалдык түйүндөрүндө өткөрүлгөн викторинага активдүү катышып, жеӊүүчү аталган интернет колдонуучуларга да жаӊы үлгүдөгү смартфондор белек катары тапшырылды.
Samsung Galaxy S6 жана Galaxy S6 Edge смартфондору сиздин эӊ ишеничтүү жардамчыӊыз болоруна шек жок. Андыктан мезгил менен теӊ жарышып, дайыма алдыда болууну каалагандар убакытты өткөрбөй, компаниянын продукциясын сатып алууга шашылыӊыздар! Galaxy S6 мобилдик телефондун Кыргызстандагы чекене баасы 650 АКШ долларын түзсө, Samsung Galaxy S6 Edge 750 доллардын тегерегинде болмокчу. Айта кетчү жагдай, бул смартфондорду сатып алган алдыӊкы 500 адамга зымсыз кубаттагыч белекке берилет!

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
gapar82
2015-04-27 13:46:54
Нормально телефон
0
Ashka
2015-04-28 00:56:16
Баарын эле мактайт,эртен дагын жанысы чыгат.
0
roza.90
2015-04-28 02:45:53
10муноттук кубаттоо 4 саатка жетсе сонунго.
0
eldar96
2015-04-28 10:40:17
батерейкасы 10 минутада кубатталып калганы жакты
0
eldar96
2015-04-28 10:40:39
канча турат экен
0
Salman777
2015-04-28 20:40:19
баасын ким билет
0
saltanat.
2015-04-28 23:58:44
Жазылып турбайбы баасы. Деги кайсы жакты карап атасыңар?
+1
ayka96
2015-04-30 15:16:06
Мен колдонуп журом samsung galaxy s6edge мисалы мага жакпады. S5 айырмасы жоок.бул биринчи чыкканда эле байкем алып келип берген эле.Норвегиядан анда кыргызстанга келе элек болчу.мисалы мага такыр жакпады.кичине чондугу болбосо еч кандай айырмасы жоок.и программалары кичине озгортулгон
-1
Blueaffair
2015-05-01 02:00:57
Баасы рубль менен 59900
0
Asus77
2015-05-29 15:11:14
Бир аз сабыр кылып турсак 150-200$га тушуп калат.)))
0
ArGeN4iK
2016-01-06 04:45:21
Достор айфон6 жакшыбы же самсунг с6 эгдеби?
0
№ 651, 24-апрель-30-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан