Кыргызстан карызга белчесинен батып, насыя менен жашап калды. Каржы министрлигиндеги расмий маалымат боюнча, тышкы карыз 3 миллиард 437 миллион доллардан ашты. Ал эми серепчилердин эсептөөсүндө, 4 миллиарддан ашат деп айтылууда. Бирок Кыргызстанга реалдуу кирген насыялардын бардыгын кошсок, абал мындан дагы кейиштүү. Тышкы карыздын чеги ички дүң өндүрүмүнүн 60 пайызына жетип, ансыз дагы араң турган экономиканы эңшерилтиши ыктымал. Бул учурда карапайым элдин эле эмес, мамлекеттин дагы капчыгы бош турат. Калк арасында бир адам бир нече насыя алып, бирин алып, экинчисин жаап келгени жаңылык деле эмес. Кыргызстандагы карыздарынан жүздөгөн адамдар Казакстан, Орусияны көздөй качып, эптеп ошол жактан жумуш таап, белчесинен баткан карыздын сазынан чыгуунун айласын издеп жүрүшкөндөр канча?
Канткен менен өлкөдөгү оор абалда ар ким алына жараша иш кылууда. Өкмөттүн деле элди карыздан чыгаруу боюнча конкреттүү программасы жок. Ал тургай, алар тышкы карызды албоону чектөө боюнча дагы чечим кабыл ала элек. Мындай шартта насыялоонун ислам принциптерин жайылтуу жакшы натыйжа бермек. Бирок Кыргызстанда бирин-экин гана банктар ислам принциби менен иштеп жатабыз дегени менен, калк андан жеңилдикти сезе элек. Кыйын кырдаалда куру кыйкырык салып, бүткөн ишти сындабай, элге жардам берем деген жигиттер дагы жок эместей.
Жакында «Өнүгүү-Прогресс» партиясы Таластын Манас районундагы Покровка айылында Кыргызстан боюнча 15-МТС ачып жатканына күбө болуп, кубандым. Анткени дал ушул ислам принциби боюнча иштеп, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев жер-жерлерде МТС ачып, жергиликтүү дыйкан-фермерлерге көмөк көрсөтүп жатканын билдирди. Бир жыл мурун дал ушул Манас району МТС ачып беришин суранып, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевге кайрылган экен, ал бүгүн «айттым, аткардым» деп эл алдында жүзү жарык жолугушту. Белгилей кетсек, Бакыт Төрөбаев Таластын элди ойлогон чечкиндүү мырзаларына ыраазычылыгын билдирди. Себеби дал ошол МТСти ачууга жергиликтүү дыйкандар демилге көтөрүшкөн экен. "Жалгыз дарак бак болбойт" дегендей, биргелешкен аракет гана жемишин берерин эл өкүлү кошумчалады. Алда качан мамлекеттин жардамынан куру жалак калган дыйкандар Төрөбаевге "жүгөрү жыйнаганга комбайн жок" деп арызданышты эле, эл өкүлү маселени жеринде чечип берди. Бул да болсо «Өнүгүү-Прогресс» чыныгы элдик партия экен деген ишенимди жаратты.
Бакыт Төрөбаевдин айтымында, Нарында атайын изилдөө жүргүзсө, насыя албаган бир дагы үй-бүлө калбаптыр. Демек, элди насыяга болгон көз карандылыгынан чыгарып, эмгекке тартуунун жалгыз жолу – ислам принциптерин колдонуу аркылуу жакырчылыктан чыгаруу.
Айта кетсек, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын МТСи аркылуу Кыргызстан боюнча 150 миң гектар жер айдалып, иштетилген. Бул бүтүндөй бир Нарын, Талас же Баткен облусунун жерин айдап чыкты дегенди түшүндүрөт. Демек, элге чындап эле жардам бергиси келгендерге кандай жол болсо дагы табылып, иштер жасала берет экен.
Мирлан Өмүралиев