23-апрель күнү премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн 2014-жыл ичиндеги иш жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңеште отчёт берди. Бир күн мурун премьер отчётун тапшырган соң кызматтан кетери тууралуу сөздөр айтылып баштаган эле. Жыйындын соңунда фракция лидерлери сөз алышып, алар өкмөт башчынын отставкага кетүү чечимин кабыл алгандай сүйлөп жатышты.
Жыйын соңунда «Демократиялык өлкөдө бийликте эч кандай монополия болбошу кажет. Бийликтин аткаруу бутагын силкиш керек болуп турат. Мен өкмөт башчылыктан кетүүнү чечтим. Мен дайыма өлкөнүн бакубаттуулугу үчүн иштөөгө аракет жасадым. Колумдан келишинче иштеп бердим»,- деди премьер.
Жоомарт Оторбаев 2014-жылы апрель айында Жантөрө Сатыбалдиевден бошогон кызматтык орунга, өкмөт башчылыкка дайындалган болчу. Өзүнөн мурунку эки премьерге салыштырып караганда анын аты эч бир коррупциялык иштерге чалынган жок. Жантөрө Сатыбалдиев кандуу Июнь окуясынан улам келтирилген зыянды калыпка келтирүү үчүн мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын ичинен бир нече миллиард сомдун дайыны чыкпай кеткени үчүн кызматынан кеткен. Анткени ал Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү боюнча мамдирекцияны жетектеген болчу. Андан мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов да ири өлчөмдө пара алып жатат деген чуулгандуу ишке чалынып, кызматынан кол жууган.
Бир жылдан ашык убакыт министрлер кабинетин жетектеген Оторбаев жогорудагы эки премьерден айырмаланып эч бир коррупциялык чатактарда аты булганган жок. Акаев менен Бакиев «Кумтөр» боюнча жасап кеткен «боткону» жөнгө салуу аракети менен жүрүп кызматтан кетти. Жыйындын соңунда Жогорку Кеңеш Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүнүн ишин канааттандырарлык деп баалады.
Баш мыйзамдын 87-беренесине ылайык, премьер-министрдин кызматтан кетиши автоматтык түрдө министрлер кабинетинин кызматтан кетүүсүнө алып келет. Жаңы министрлер кабинети куралгыча азыркы курам милдеттерин убактылуу аткарууну улантат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg