Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова 22-апрелдеги парламенттин жыйынында талкуу жараткан мыйзам долбоорун алып чыкты. Ал документ кабыл алынса, Кыргызстанда үйлөнөбүз деп жаткан жаштар баш кошордо нике келишимин түзүп калышы мүмкүн. Мыйзам долбоору никеге турууну каалаган жарандардын мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыккан.
Надира Нарматова: "Азыр айрым келиндер күйөөсү таштап кеткенден кийин кыйналып, кароосуз калышууда. Мыйзам долбоору ишке ашса, ажырашып кеткенде сотко кайрылуу менен моралдык жана материалдык байлыктарды бөлүшүүнүн кереги жок болуп калат",- деди. Ал эми эл өкүлү Кожобек Рыспаев: «Жаштардын ортосундагы сүйүү кайда кетти? Ээрчишип басуу, гүл берүү, сүйгөнүн үйүнө чейин жеткирүү дегендер жоголдубу? Же мыйзам менен жаштарды сүйдүргөнү жатасызбы? Кыргыздар илгертеден бери эч кандай келишимсиз эле баш кошуп келишкен. Аталган мыйзам Кудайга ишенбеген Европанын аң-сезимине туура келет. Бизде андай болбош керек",- деп чыкты. «Ата журтчу» Абдимуталип Кочкорбаев "ажырашууда эгер эркек "жентльмен" болсо, мүлкүн үй-бүлөсүнө таштап кетиши керек" деди. Аталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылганы белгилүү болду.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg