Өкмөттүн токтомунун долбооруна ылайык, 2015-жылдын 1-сентябрынан тарта мугалимдердин орточо айлык акысы 50 пайызга көбөйүшү мүмкүн. Башкача айтканда, учурдагы орточо эмгек акы 6449 сом 1-сентябрдан тарта 9674 сомду түзүп калат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди.
Буга катар мектептин административдик жана чарба кызматкерлеринин айлыгы 20 пайызга көбөйөрү күтүлүүдө. Министр белгилегендей, негизги эмгек акыны жогорулаткандан кийин мугалимдерге аттестациянын жыйынтыгы менен квалификациясына жараша кошумча акы берилмекчи. Башкача айтканда, мастер квалификациясына ээлер
2 миң сом, тарбиячылар 1,5 миң сом, ал эми усулчулар 1 миң сом кошумча акы ала алышат.
Ошондой эле китепканачылардын айлыгына 1000 сом кошуу каралган. Жалпысынан айлык акы көбөйө турганын эске алганда, 2015-жылга 3,1 миллиард сомго чукул кошумча каражат бөлүнөт. 2016-жылы мектеп кызматкерлеринин айлык акысы 9,5 миллиард сомду түзөт.
Жогорудагы токтом долбоору учурда бир катар министрликтер тарабынан да каралууда. Андагы айтылып жаткан каражаттар табылса, токтом күчүнө кирери белгилүү болду.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg