Парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтүшү мүмкүн. Эске салсак, буга чейин шайлоо ноябрь айынын башында өтөрү тууралуу маалыматтар тараган. БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоо 4-октябрда болуп өтүшү керек. «Депутаттардын кызматтык мөөнөтү аларга мандат тапшырылган күндөн эмес, шайлоо болуп өткөн күндөн баштап саналат. 2010-жылы парламенттик шайлоо 10-октябрда болуп өткөн, демек, быйыл 4-октябрда болуп өтүшү керек. Анткени добуш берүү депутаттардын конституциялык мөөнөтү бүткөн айдын биринчи жекшембисинде өтүшү шарт»,- деди Абдраимов.
Ошентип БШК "парламенттик шайлоону 2015-жылдын 4-октябрына белгилөө туура" деп өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго кат жиберди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg