БИР БҮРКҮМ

  • 22-апрелде Жогорку Сот Бишкек шаарынын жана Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, үй камагындагы КАНЖАР КАДЫРАЛИЕВДИ Бишкектеги №1-СИЗОго камакка алуу чечимин чыгарды. Кадыралиев ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылган болчу.
  • Казакстанда 19-апрель күнү жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон 16 кыргызстандыктын үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ жардам катары 1 миллион 800 миң сом бөлүп берди.
  • 29-апрелден тартып Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөдөгү БУКМЕКЕРДИК конторалар менен башка кумар оюндар ойнолуучу жайларды жаап баштайт.
  • Учурда милиция кызматкеринин тамак-ашына күнүнө 34, УКМКнын кызматкерине 60, ӨКМнын кызматкерине 84, бажы кызматынын кызматкерине 256 сом бөлүнөт. Бул тууралуу эл өкүлү КЕНЖЕБЕК БОКОЕВ Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. «Тескерисинче милиционерлерге көбүрөөк берилиши керек»,- деди ал.
  • ЭШЕК СОЮУ менен алектенген "Кайтал" ишканасынын жетекчиси Алмаз Такырбашевге «мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүү» беренеси боюнча козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдирди.
  • ИИМ башчысы Мелис Турганбаевдин айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматы мыйзамсыз жол менен берген паспортторунун саны 30 миңге чейин жетиши мүмкүн.
  • 1-июндан тартып Орусияда кыргыз мамлекетинин айдоочулук күбөлүгү "жараксыз" деп табылат. Эгер кыргыз жараны Орусияга иштөө үчүн эмес, өз иштери менен барса, анын айдоочулук күбөлүгү жарактуу. Бул талап Орусияда унаа айдап, акча табам деп иштегендерге колдонулат. Орусиянын жарандыгын албаган адам тиешелүү документтерди толтуруу менен өлкөнүн айдоочулук күбөлүгүн ала алат.
  • Экс-президент РОЗА ОТУНБАЕВА Нарын облусунун тургундары менен жолугушууда: «Кыргыз эли жаш балдарына караганда мал-жанына көбүрөөк көңүл бурат. Наристе суроо берсе, ата-энеси жооп бербей да коёт. Бирок малга кам көрүп, убагында чөбүн берет. Балдарыбызга кичинесинен билим берүүбүз керек»,- деди.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 651, 24-апрель-30-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан