ДОСТУК МААРАКЕСИН КАНТИП БЕЛГИЛӨӨ КЕРЕК?

Убакыттын таң каларлык бир өзгөчөлүгү бар, аны канча каалабайлы дайыма жетишсиз. Ай өтүп, жыл алмашкан сайын ошол убакыттын жетишсиздиги даана байкалат. Бир караганда жөнөкөй, маани бербеген нерселерге, мисалы, китеп окуу, сейилдөө, жакындарыңдыкына барып ал-абал сурашуу, достор менен жолугушууга убакыт таппай карайлап калабыз. Бирок бул кемчиликти жоё турган бир адам бар, ал адам – сиз өзүңүзсүз. Ал үчүн достор менен жолугушуу уюштуруу демилгесин өз колуңузга алып, дем алыш күндөрү көптөн бери кыялданып, бирок убакыттын тардыгынан бара албай жүргөн жерге барууну сунуштаңыз. Компанияңыз чогулган соң куржунга чатырдан сырткары үйүңүздүн төрүндө илинип турган атаңыздын комузун (комуз жок болсо гитара деле жарай берет) жана сөзсүз түрдө достукту бекемдөө үчүн атайын чыгарылган «Достук» сырасын салууну унутпаңыз. Чогулууга себеп толтура. Эң жакшы себептердин бири – достугуңардын юбилейи (канча жылдык болбосун). Ал эми достор менен бирге багынтчу кооз жайлар Кыргызстанда жетиштүү эмеспи.

№1 СУНУШ. ТЕРЕҢ ДОСТУК

Кайсы жерге баруу керек?
Ысык-Көлдүн батыш жээги дүйнөдөгү эң терең көлдөрдүн тизмесинде 6-орунду ээлейт, ошондой эле аянты жагынан да башка көлдөргө салыштырмалуу алдыңкы орунда турат.
Эмне кылуу керек?
Ысык-Көлгө мурда барып жүрсөңүз да, жалаң мырзалардан куралган компания менен эс алуу эстен кеткис көз ирмемдерди тартуулайт жана достукту бекемдөөгө сонун мүмкүнчүлүк болмокчу. Көл жээгине чатырларды тигип жайгашып алгандан кийин чыныгы мырзалардын эс алуусун баштаңыз: чабак балыгын кармоого отуруңуз. Ысык-Көлдүн чабагы – Евразия боюнча көлөмү жагынан бул түрдөгү балыктардан голавль жана язь балыктарына гана жол бошотот. Көлдүн тунук суусунда гана кездешкен чабактын узундугу 32 сантиметрге, ал эми салмагы 650 граммга чейин жетет. Аны кармоо үчүн опарыш курту, сөөлжан, нан жана атайын жеми жок кармагыч (блесна) ала жүрүү сунушталат. Чектелүү убакытта ким канча балык кармайт деген сыяктуу сынактарды уюштуруп жиберсеңиз да болот. Балык уулоо менен ким чыдамкай, ийкемдүү экени билинет. Ошону менен бирге кечки тамактанууга балык шорпосу даяр деңиз. Тамак менен кошо күндүн кандай жагымдуу өткөнүнөн кеп салып, ден соолук үчүн, бекем достук үчүн каалоо-тилектер айтылып, артынан суусун кандырган «Достук» сырасын ичсеңиз, кандай керемет?!
«Достук» – жагымдуу баарлашуу үчүн атайын даярдалган, сапаттуу жана чөнтөгүңүзгө туура келчү баадагы сыра. Кылдат куурулган тандамал угут суусундукка жумшак даам, ал эми кулмак (хмель) өсүмдүгүнүн тандамал түрлөрү өзүнө мүнөздүү жагымдуу назик жыт берип турат. Мамлекеттик стандарттарга ылайык кайнатылган сыра ак дасторкон үстүндө достор менен кенен маек курууга эң ылайыктуу жана жагымдуу суусундук.

№2 СУНУШ. БИЙИК ДОСТУККайсы жерге баруу керек?
Памир жана Тянь-Шань тоолорунун эң кооз жерлеринин бири – «Ала-Арча» улуттук-жаратылыш сейил багы. Бак Бишкек шаарынан 41 чакырым алыс аралыкта жайгашкан.

Эмне кылуу керек?
Улуттук сейил бактагы капчыгайга саякаттоо менен, Ак-Сай шаркыратмасына чыгасыз. Бийиктикке чыкканыңызда дүйнө жүзүндөгү эң бийик жана кооз деп саналган көз жоосун алган тоолордун кооздугуна күбө боло аласыз. Мындай көрүнүштү колдон чыгарсаңыз арманда калдым дей бериңиз.
Өзүңүздөр каалаган бийиктикке чыкканда досторуңузга «кийинки достугубузду бекемдөөчү жолугушуубуз да ушундай бийиктиктин бирин багынткан жайда, ушул курамда болсун» деген каалоо айтууларын эстерине салыңыз. Ал эми төмөнгө карай түшкөнүңүздөрдө жогоруда айтылган каалоолорду кечки тамак үстүндө, «Достук» сырасы менен бирге айтыңыз. Сиздердин бекем, бийик, терең достугуңуздар үзүлбөсүн деген каалоону «Достук» сырасы жакшы коштоп бермекчи.

№3 СУНУШ. ЖАН ДҮЙНӨ ДОСТУГУ

Кайсы жерге баруу керек?
Дем алыш күндөрү укмуштуудай кооз, таң каларлык Ошко сапар алыңыз.

Эмне кылуу керек?
Такты-Сулайманга барууну унутпаңыз. Көптөгөн кылымдар бою беш чокулуу Сулайман тоо Такты-Сулайман аталышын алып жүргөн. Аталыштын тегерегинде көптөгөн уламыштар бар, алардын бири өзүнүн достору менен бирге сейилдөөнү, саякаттоону жактырган Сулайман падыша тууралуу. Эгер сиз тоого чыкканда ылайыктуу коштоп жүрүүчү адамды тапкан болсоңуз, тоо тууралуу кызыктарга байыдым деп ишене бериңиз. Комплекстеги 7 үңкүрдүн баарын кыдыртып, петроглифтерди – миңдеген жылдар мурун таш бетине чегилген белгилерди көрсөтүүсүн өтүнүңүз.
Мындай саякат сиздердин достугуңуздарды бекемдеп, жан дүйнөңүздөрдү жакындатат ошондой эле тарыхы кенен, бай маданий мураска ээ өлкөдө жашап жатканыңыздар үчүн сыймыктанууга өбөлгө түзөт.

№4 СУНУШ. ЖАРАТЫЛЫШ ДОСТУГУ

Кайсы жерге баруу керек?
Эң негизгиси, шаардан алыс, жаратылышка жакын жерди тандаңыз. Тоого болобу, токойгобу же болбосо досторуңуз менен балалыгыңыз бирге өткөн жайды тандайсызбы, каалоо сизде.

Эмне кылуу керек?
Жөнөкөй жана текшерилген жолун тандаңыз: базардан сапаттуу эт, жашылча-жемиш, нан, анан, албетте, «Достук» сырасын сатып алууну унутпаңыз. Мангалды коюп, шишкебекти маринаддап, достор тегерек болуп чогулуп туруп алып шишкебек бышырсаңыздар, анан достукту баалагандар үчүн атайын чыгарылган «Достук» сырасын ичип, өткөн-кеткен тууралуу кызыктуу маек курсаңыздар кандай жакшы. Элестеткенде эле шилекей чуурутат, бах!..
Жогорудагы сунуштардын кайсынысын тандабаңыз жана каякка барбаңыз, атайын бирге болуу үчүн убакыт бөлүп, күнүмдүк жумуштарын таштап сиздин сунушуңузга макул болгон дос-курбуларыңыз менен сыймыктансаңыз болот. Ишене бериңиз, мындай эс алуу көпкө чейин эсиңизде сакталат!

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИ ЭСКЕРТЕТ:
Алкоголду ашыкча ичүү ден соолукка зыян. Алкоголду 18 жашка чыга элек жарандарга сатууга тыюу салынат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Асылжан
2015-04-27 09:25:38
Прям азыр көлдүн жээгине барып, пиводон ичиип коюп эс алгым келип жатат...
0
nightman
2015-04-27 12:50:34
Tozoktun torunon jer bereerin aitpai kaliptyr da... kap, bir kana ichkender emes aga sebep bolgondor:jasagandar, satkandar, jaryia kylgandar, ichkender jazasy bir
0
№ 651, 24-апрель-30-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан