УРОЛОГ КЕӉЕШ БЕРЕТ

Сиздердин сурооӊуздарга Бишкектеги Улуттук госпиталдын алдындагы урология борборунун директору, профессор АКЫЛБЕК УСУПБАЕВ жооп берди.

«ЖУМУРТКАЛАРЫМ БИР ЖАКТА...»
– Башынан эле менин 2 жумурткам теӊ бир жакта жайгашкан. Балдардан жумурткалар эки тарапта болот деп угуп, менде эмнеге андай эмес деп ойлоп жатам. Досторум кемчилигиӊди операция жолу менен гана калыпка келтирсе болот дешет. Ушул туурабы?

Сали, 16 жашта, Бишкек

– Жумурткалардын бир жакта болуп калышы тубаса. Мындай учурда сөзсүз операция жасалат экен деп коркуунун кереги жок. Болгону урологго барып, анализге урук клеткаларын (спермограмма) тапшыруу керек. Андан урук клеткаларынын бар же жок экендиги, ошондой эле алардын кыймылдуулугу текшерилет. Эгер баары жайында болсо, жумурткалар бир жакта экенине карабай эркек кийин балалуу боло берет. Жумурткаларды ордуна келтирүүнүн, башкача айтканда, операциянын кереги жок.

«МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМИ ЖОК АДАМ БАЛДАРДЫ СҮННӨТКӨ ОТУРГУЗСА МАЙЫП КЫЛЫП КОЁБУ?»
– Учурда кичине балдарды медициналык билими жок адамдар деле сүннөткө отургузуп жатышат. Врачтар болсо «аларга алып барбагыла» дейт. Чындап эле туура эмес отургузуп коюп, балага зыян келиши мүмкүнбү?

Айжан, 34 жашта, Ош

– Алардын медициналык билими жок болгондуктан, балдарды отургузганга акысы жок. Анын үстүнө колдонгон шаймандары атайын тазалоодон өтпөгөн. Андайларды соттош керек. Айрым балдар жыныстык жактан тубаса оору менен төрөлөт. Медициналык билими жоктор баланы билбей отургузуп, аны түбөлүк майып кылып коюшу ыктымал. Врач болсо баланы алгач текшерип, оорусу болсо отургузууну эмес, дарылатууну сунуштайт. Оорудан улам отургузууга мүмкүн болбогон балдардыкын ырымдап гана кесип коёт.

«БАШЫ КИРДЕГЕНИ ЭМНЕСИ?»
– Жыныстык мүчөм­дүн башына дайыма ак өӊдөгү кир топтолуп калат. Жуусам кайра эле пайда болот. Эмне кылсам болот?

Бакы, 18 жашта, Ош

– Медицинада ал ак кир «смегма» деп аталат. Аны жыныстык без иштеп чыгарат. Ан­дыктан жыныстык мүчөнү күн сайын самындап жууш ке­рек. Болбосо ал жерге микробдор топтолуп, сезгенүү пайда болот.

«УМАСЫ ЧОӉОЮП БАРАТАТ...»
– Учурда 8 айлык эгиз баламдын биринин умасы (урук бези туруучу калта) чоӊоюп баратат. Мурун бир жолу текшертсек хирург «ичинде суу бар» деген. Шартыбыз болбой дарылаткан эмеспиз. Эми аны кантип дарылатабыз? Умада суу эмнеден улам пайда болот?

Жыпара, 34 жашта, Кадамжай

– Балаӊызга дароо операция жасатуу керек. Болбосо кийин жыныстык жактан шал, анан тукумсуз болуп калат. Умага суунун толушу медицинада «гидроцеле» деп аталат жана бир нече себептерден келип чыгат: тубаса түрү, мында ич көӊдөйү менен уманын ортосундагы каналча жабылбай калат; жаӊы төрөлүп жатканда умасы жаракатка (соккуга) дуушар болсо; баланы бешикке бөлөгөндө шимекти туура эмес коюп, умасы кысылып калса жана башка.

«БӨЙРӨК ЭМНЕГЕ УБАКТЫЛУУ ИШТЕН ЧЫГАТ?»
– Өнөкөт оорусу жок адамдын бөйрөгү убактылуу иштен чыгып, аппаратка жатып калуусу мүмкүнбү?

Сапар, 30 жашта, Бишкек

– Мүмкүн, муну төмөн­кү­лөр шарттайт:
Бөйрөккө терс таасирин тий­­­гизген кээ бир уулуу заттар орга­низмге көп өлчөмдө кирип кет­кенде (сымап, мышьяк);
Дары-дармектен, ичкилик менен тамак-аштан, уксустан катуу ууланганда;
Канды көп жоготуудан жа­на башкада.
Мындайда адам жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, аппаратка жаткыры­лат. Бөй­рөгүнүн иштеши калыпка кел­генде чыгарылат.

«Адистин кеӊеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеӊешке муктаж болсоӊуз, бизге кайрылыӊыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеӊиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыӊыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
Ayka1994
2015-04-28 15:07:45
Обаа тура илгертен эле эл арасындагы мусулман кишилер эле отургузуп келген алар кээ бирки врачтардан горо жакшы отургузат. Эртеси эле аттай болуп кетет
-1
Mr.enriiko
2015-04-28 23:46:00
Сураныч суроомо жооп кутом. Менин сол жумурткам чон,он жумурткама караганда эмне кылыш керек. Кичине кезимден баштап. Эки балам бар, анан тез эле бутом?. Ошонун себебиби???.
0
ema312kg
2015-04-29 03:56:18
Salamatsyzdarby! Menin on jumurtkam kichine. Sol jagy chon ichinde kan tamyrga okwogon bir nerseler bar, kichine bir nersege tiiip ketse ooruit anan bat butom. butup jatkanym ozumo kop biline berbeit. 1 balam bar.
0
Asa0033
2015-04-29 10:52:23
ema312kg, Mr.enriiko,
экоонуздор тен жарышкансынарго, урологго срочно барып корунгуло ушул убакытка чейин кантип барбай журосунор себеби айтышат анан ошого тиешелуу лечение ал дейт.
0
ema312kg
2015-04-29 05:39:30
Suranych suroomo joop kutom. Kichine kezimden bawtap ele bar. Den sooluguma taasiri jokpu? Rahmat.
0
Mikella
2015-04-29 10:44:38
Саламатсызбы! Баланы канча айында же канча жашында суннотко отургузса ынгайлуу? Жооп берип коюшунарды суранам
0
sen_emes
2015-04-29 13:11:33
саламатсызбы админ ,мен азыр эле кенеш алуу учун жогорудагы корсотулгон эл.дареке суроо узаттым эми качан кайсы санга чыгат маалымат берип койунуздарчы ..рахмат
0
Nur92
2015-04-30 00:11:27
Саламатсыздарбы? Менин суроом томонкудой. Эки жумуртка мындан 5.6жыл мурун ордунда болчу,эми бири ойдо жылып кеткени кандай.ушул туурасында айтып койсонор..жооп кутом.жана кайсы санда гезит бетине чыгат.
0
gul78
2015-04-30 00:57:56
Менин1,5 жашар уулум 4айынан батап эле чочосун кармалай берип, адатка айландырып алды.Азыр кармаламай сайын сийбейт,мунун кийин зыяны болбойбу?Жооп айтып койуунарды отуном.
0
jakka.9999
2015-04-30 17:52:25
салам.гинекологдорго суроом бар эле кантип тапсам болот
0
mechta_tv
2015-04-30 18:21:07
jakka.9999, гинекологго клиника больницаларга барып консультация алсаныз сонун болот толук маалмыат аласыз тем более
0
zarbaliktik
2015-05-02 03:54:06
уулумдун бир тукуму кичинекей анын коркунучу жокпу? супер силерден сураныч суроомду жэткирип койунуздарчы
0
dilibar
2015-05-02 14:11:45
Биз коптон бери балалуу боло албай жатабыз, мен озум дарыландым бирок пайда болбой жатат, куйоомдон да болушу мумкунбу?
0
Dadasdasd
2015-05-02 22:25:29
Баарынарга кенешим ар биринер уролог. Гинекологко барып оозмо ооз суйлошуп кенеш сурагыла . Мен ушу нерсеге катуу конул коюп даарыланып турам азыр Аллага шугур .
0
bazar
2015-05-04 09:12:59
Илгерки ыкма менен кестирген жакшы экен. Чочоктун учун жакшы укалап, лезвия менен бир чымчым эти гана алып койот. Калганы шакекче болуп калат да, кийин ургаачыны жакшы кандырат экен. Доктурлар каптама эттин баарын тазалап алып койгону болбойт. 70-80 %эти алынса эле болот
0
nargizka.kg
2015-05-13 15:19:10
Иииий Суперге рахмааат, эмнени окубайын баары жашоого керектуу, пайдалуу нерселерди жазышат
+1
AizaSumaya
2015-06-17 14:24:54
Саламатсызбы менин эки балам бар улуусу 2жашта экинчиси 9 ай болду 3ай башта боюмда болуп калып аборт кылганга тура Келди себе замерший екен эле обезболивающий сайган эле Ошодон бери белим ооруп атат 22жаштамын барам сурайм
0
№ 651, 24-апрель-30-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан