Кыргыз кинокомедиясы драматург, театр таануучу жана сынчы Жаныш Кулманбетов режиссёрлук кылган «Күйөө балам водовоз» тасмасы менен толукталды. Адамдардын социалдык абалына карап мамиле кылуу көйгөйү козголгон тасма жарандарды адамгерчиликтүү болууга үндөйт.
«КҮЙӨӨ БАЛАМ ВОДОВОЗ» ТАСМАСЫ ТУУРАЛУУ
Режиссёру, сценаристи – Жаныш Кулманбетов
Оператору – Жоомарт Ташиев
Башкы ролдордо – Айгерим Расул кызы, Бекболот Аскарбеков, Руслан Курманалиев, Айсанат Эдигеева
Тасманын узактыгы – 1 саат 44 мүнөт
Жанры – Комедия
– Жаныш мырза, аталган тасманын сценарийин жазууга эмне шыктандырды?
– Коомдо кайсы көйгөйлөрдү көрсөм, ошондон идеяларды алам. Жашоодо көйгөй абдан көп. Алардын ичинен жүрөккө тийип, адамдын нервин козгогон көрүнүштү кагазга түшүрүп, тасмага тарттым.
– Көрүүчүлөргө кандай ойду бергиӊиз келди?
– Биз эгемендүү мамлекет болгондон бери коом бай-кедей болуп бөлүнүп баратат. Буга улай адамга карата мамиле да өзгөрдү. Социалдык абалга карап куда, жоро-жолдош күтүүнү, үйлөнүүнү каалашат. Кедей болобу, бай болобу ар бир жаран өзүнүн сүйгөнүнө жетүүгө акысы бар. Анын укугун эч ким тебелебеши керек. Адамды топторго бөлүү адамгерчиликсиз көрүнүш, ал адеп-ахлакка, демократиялык принциптерге туура келбейт. Мен көрүүчүлөрдүн аӊ-сезимине ушул түшүнүктү жеткирүүнү көздөдүм.
– Тасманы эмне үчүн «Күйөө балам водовоз» деп атадыӊыз?
– Водовоз деген сөздүн өзүндө социалдык статус бар. Анткени тасмадагы башкы каармандын болочок кайнатасы бай адам болсо, анын кызына ашык болгон жигит айылда суу ташыган жөнөкөй жигит болгондуктан фильмди ушундай атадык.
– Комедия жанрында тасма тартуу оор экенин режиссёрлор бир ооздон айтышат. Чындыгында, сапатсыз юморго толгон кыргыздын комедиялуу тасмалары көп. Сиз ага жол берген жоксузбу?
– Ар бир эле режиссёр андайга жол бербегенге аракет кылса керек. Эптеп элди күлдүрүү керек деп асмандан алып келип юмор кошкон, албетте, болбойт. Ал эми тасмадагы күлкүлүү окуялардын деӊгээлин көрүүчүлөр өздөрү баалашсын.
– Тасма учурда кинотеатрларда көрсөтүлүүдө. Кино сүйүүчүлөр, анын ичинде комедияны жактыргандар фильм тууралуу кандай оюн билдиришүүдө?
– Мени тааныган адамдар «кайгылуу комедия экен», «чыныгы көйгөй чагылдырылыптыр, тасма жакты» деген ойлорун айтып жатышат.
– Прокатта кассадан каражат чогулта албаган көптөгөн фильмдер бар. Сиздин тасмаӊыз да алардын катарында болуп калат деп коркпойсузбу?
– Мен жараткан тасма ийгиликсиз болуп калат деп эч ким ойлобойт да. Ал дагы бир топ фактыларга байланыштуу. Чын-чынына келгенде, ал фортунадан да көз каранды. Кудай буюруп, көрүүчүлөрдү кызыктырган абалга жеткен болсо, ийгиликтүү болот.
– Актёрлор кандай критерийлер менен тандалып алынды?
– Мен дайыма кимди тартарымды билем. Бул тасманын сценарийин жазып баштаганда эле атасынын ролун Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын актёру Руслан Курманалиев, кызын Айгерим Расул кызы ойноорун чечип койгом. Себеби алар менин ойлогонумдай аткарып бере аларына көзүм жеткен. Жыйынтыгында жаӊылган жокмун.
– Тасманын мазмунун айта кетсеӊиз?
– Бизнесмендин улуу кызы менен айылдагы карапайым жигит сүйүшүп калышат. Атасы баланын социалдык абалын жактырбай, аны теӊине албай жаштардын мамилесине каршы чыгат. Бир күнү ал кишини талаада сабап жатышканда, суу ташыган бир бала ага жардам берет. Мына ошол күндөн баштап анын карапайым элге болгон ою өзгөрүп, кызын водовозго турмушка берет.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg