18-апрелде Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын Жазгы музыкалык фестивалы болуп өттү. Жыйынтыгында калыстар тобу Роза Отунбаеваны туураган «Ошингтон» командасындагы Айжамалга «Мыкты оюнчу», «Позитифф» командасына «Мыкты команда» наамын ыйгарышты. Ал эми оюндун жүрүшүндөгү тамашалары үчүн «Мыкты тамаша» диплому «Bruklyn-IUK» командасына буюрду.
Төрөт үйдүн алдындагы кызыктуу көрүнүш:
Кыз: – Айнура-а, Айнура-а!
Айнура: – Оу.
Кыз: – Төрөдүӊбү?
Айнура: – Ооба, төрөдүм.
Кыз: – Кандай экен?
Айнура: – Оӊой эле экен.
Кыз: – Анда мен деле төрөй берейинби?
Айнура: – Төрөй бер, подруга!
Кыз: – Алло, Адилет, бүгүн кечинде чогуу курстук иш жазбайлыбы!
(«Iuk» )
Негизи, кыргыздарды түшүнүш оор, «сен Көлдөн, мен Нарындан, тиги Жалал-Абаддан» деп бөлүнө беришет. Бирок бардык эле кыргыздар дискотекага кирерде төштү көтөрүп таластык боло калабыз. Кыздар менен таанышарда чүйлүк боло калабыз, өзүнчө эле «на русском общайся» болуп. Анан кыздар жакпай калса, алардан качыш үчүн дароо эле баткендикмин дейбиз. Эс алгандан кийин тамак-ашка эсеп келгенде бир заматта оштук боло калабыз, «сен төлө, мен төлө, акча жок эле» деп. Көрдүӊөрбү, ар бир кыргызда бардык облустун мүнөзү бар. Ошондуктан бөлүнбөгүлө!
(«Позитифф» )
Атасы арык баласын «депутат болосуӊ» деп ой-боюна койбой сүйрөп бара жатат.
– Бас дейм, бас, сени депутат кылам!
– Барбайм, ата, кереги жок, корком!
Арадан бир нече жыл өткөн соӊ баягы ата семиз, курсагы чыккан депутат баласын сүйрөп баратат.
– Жүрү дейм үйгө, сен тойбой койдуӊ.
– Ата, барбайм! Мага бул жер жакты.
(«Ынтымак» )
Дүкөнгө эки дос кирет:
– Саламатсызбы, эже, адамдын аты менен Кола барбы?
– Ооба, бар.
– Маматкарим, Хажимурат деген Кола барбы?
– Андай жок.
– Анда Зубайда деген Кола барбы, сүйлөшкөн кызыма ала барайын?
(«Ассорти» )
Нукура кыргыз мышык чычканды сүрсүтүп, анан жейт.
* * *
Сүзө албаган баланы сууга ыргытып ийсе, сүзгөндү гана эмес, сөгүнгөндү да үйрөнүп чыгат.
* * *
Таластык тооктор дароо жөжө тууйт экен.
* * *
Жылан арак ичип алса артка сойлойт.
* * *
– Менин дааратканам эӊ бай.
– Эмнеге?
– 4 телефон түшүп кеткен.
(«НКБ» )
Cүйүн Кулматова
star@super.kg