БИЗ БАШКА ЖОЛ МЕНЕН БАРАБЫЗ

Жакын арада «Кумтөр» маселесинин чечилишин күтпөй деле койсо болчудай. Кыргызстан биргелешкен ишкана түзүү идеясынан баш тартып, «Центеррадагы» үчтөн бир акциясын сактап калат көрүнөт. Апрель айынын башында премьер-министр «Кумтөр» долбоору боюнча биргелешкен ишкана түзүү өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берерине күмөн санап турганын айтты.
Ошол эле тапта ал бир жыл мурун бул сунуштун тарапташы болгондугун белгиледи. «Биз чыныгы кырдаалды карап чыгып, өз пикирибизди өзгөртөбүз»,- дейт премьер-министр. Оторбаевдин айтымында, Кыргыз Республикасы 2 миллиард 245 миллион доллар алууну көздөп жаткан, бирок жыйынтыгында 742 миллион долларга азыраак чыгып калган. Цифралар 30-март күнү «Центерра Голд Инк.» кен казуу иштери боюнча планын алып чыккан соӊ өзгөргөн. Ошондой эле, биздин өлкө жакын арада баштала турган «Центерранын» башка долбоорлорунан кирешени бөлүштүрүү иштерине катышууну чечти.
«Бирок бул пландар тууралуу буга чейин эле белгилүү болчу. Анда эмне үчүн өкмөт 3,5 миллион еврону коротту?»,- дейт Жогорку Кеӊештин «Республика» фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев.
Кумтөрдүн тегерегиндеги маселелер өтө саясатташып кеткени жашыруун эмес. Балким, ошол үчүн анын тагдыры коомчулуктун көӊүл борборун ээлеп, саясий күрөштө куралга айланып жаткандыр. Ошол эле тапта мамлекеттик сектордо тажрыйбасыздык, иш билбестик орун алып жатат. Мындай пикирди чет жердик инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев айтты.
– «Кумтөр» сыяктуу маселелерди чечүүдө компетенттүү жана кесипкөй болуу керек, ошондой эле этиканы билүү зарыл. Ушундай сапаттардын жоктугунан «Кумтөрдөй» кирешелүү ишканаларды башкаруу маселелери өтө саясатташып кетип жатат,- деди ал.
Ал эми көз карандысыз эксперт Андрей Залепонун айтымында, канадалык тарап болжол кылынган алтындын көлөмүн төмөндөткөн соӊ, өкмөт бул иштеги приоритеттерин түп тамырынан бери өзгөртүп жиберген.
– Бир жагынан алганда, кыргыз бийлигинин алтын көлөмү тууралуу канадалык компаниянын маалыматына оперативдүү реакция кыла алганы жакшы иш болду. Бирок экинчи тараптан алсак, министрлер кабинети «Кумтөр» долбоорунан жана «Центерра Голд Инк.» менен кызматташуудан эмне каалаганын таптакыр түшүнбөй жаткандай маанай жаралды. Биз тынчтанып, баарын бир сыйра ойлонуп чыгуунун ордуна бир жээктен экинчи жээкке чабалактап жатабыз. Өлкөдө бул долбоорго тиешелүү так жана даана стратегия жок. Башкаруу ыкмасы аксап жатат. Кыргызстандагы азыркы көйгөйлөр биздин өзүбүздүн ишибизге жараша алган акыбыз экени көрүнүп турат. Бардыгына канадалыктарды айыптай берүү сандырактык,- деди ал.
Анын айтымына караганда, биргелешкен ишкананы түзүү боюнча иш-аракеттер башталганда «Кумтөрдүн» келечеги кеӊ жана компаниянын башка кендеринин келечеги кенедей болчу. Бүгүн болсо Монголиядагы кен улуттук долбоор макамын алып, иштетүүгө даяр болуп турат. Компания Түндүк Америкадагы жаӊы долбоорго да катышканы жатат.
Кайрат Итибаев Кыргызстан канадалыктар алтындын кендеги запасын 48 тонна азайтып жибергенден кийин «Кумтөр» долбоорунун негизинде биргелешкен ишкана түзүүдөн баш тартканын эскертип өттү.
– Ошентип, биздин өлкөнүн бюджети 700 миллион долларга жакын каражат жоготуп отурат. Бул чыгашаны бир гана Кыргызстан эмес, «Центерра Голд Инк.» дагы тартып жатканын түшүнүү керек. Кыргыз Республикасына зыян келтирип, компания чыгашага батып, иштей баштайт деген сөзгө ким ишенет? Бул акылга сыйбаган идея. Бир дагы цивилизациялуу корпорация өзүнүн эӊ келечектүү долбоорлорунун бирине потенциалдуу акционерлеринин кызыгуусун азайтуу үчүн алтын запасын атайылап төмөндөтпөйт,- дейт Кайрат Итибаев.
Ал эми «Сенти» финансылык компаниясынын директору Нелли Симонова мындай пикирде:
– Тилекке каршы, эгерде компаниянын баалуу кагаздары кымбаттаса, мындан акционерлер бонус алышарын баары түшүнө бербейт. Алар материалдык жактан компаниянын активдери дайыма жогорулап туруусу үчүн анын зоболосун колдоо керектигине кызыкдар. Аларга пландарын өз убактысы менен жүзөгө ашыруу пайда гана алып келет. Акционерлер эч качан бир гана Кыргызстанга тоскоолдук жаратуу үчүн компаниянын кирешесин жоготуусуна жол беришпейт. Айрыкча «Центерра Голд Инк.» компаниясынын жетекчилигине «Кумтөргө» байланыштуу маселе саясатташып кетпөөсү өтө маанилүү. Мындай жагдай компаниянын беделине гана эмес, финансылык жагына да терс таасирин тийгизет.
Кыргызстандагы корпоративдик башкаруу жана өнүктүрүү институтунун директору Эрик Таранчиев Директорлор кеӊешинде бизге ким керек экендиги боюнча аныктамага муктажбыз деген ойдо. Анын айтымында, бизде талапкер кандай квалификациялык сапаттарга ээ болушу зарыл деген боюнча түшүнүк да жок.
– Чынында, «Кумтөрдүн» тегерегиндеги ызы-чуу – бул лакмус кагазындай. Ал өлкөнүн тоо-кен казуу тармагында түзүлгөн кырдаалды чагылдырат. Бардык чет жердик инвесторлор чоӊ кызыгуу менен Кыргызстандагы бул кризистен чыгууга аракет кылып жатканына байкоо салып отурушат. Жана алардын өз инвестициясын Кыргызстанга алып келүүсүнө же алып келбөөсүнө бийликтин бул талашты кантип чече турганынан көз каранды болот,- деди ал.

Айгүл Капарова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 651, 24-апрель-30-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан