Жаш ырчы Жазгүл Эстебесованын кыргыз эстрадасына эми гана там-туӊ басып кошулуп жаткан кези. Ырчы «Асманга карай» деген ырына тартып жаткан клиби үчүн 13 килограммга арыктады.
Бул тууралуу Жазгүл: «Асманга карай» деген клибимде толуктугунун айынан баары кемсинткен кыз болот. Ал кыздын ролун өзүм аткарам. Сценарий боюнча баары шылдыӊдаган толук кыз аягында арыктап, келбеттүү болуп чыга келет. Ушул клибим үчүн атайын бир топ килограммга толуп, кайра 13 килограммга арыктадым. Жыйынтыгына клип жарыкка чыкканда күбө болуп, бааӊарды бересиӊер деп ойлойм»,- дейт.