«Соолуган гүлдөр», «Салам, Бишкек!», «Баары бир звезда болом» тасмаларынын режиссёру, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство университетинин деканы Тынчтыкбек Бугучиев бойдокчулук менен коштошуп, Мунара аттуу кызга үйлөндү. Тынчтык мырзанын жүрөгүн түбөлүк брондогон бийкеч дагы режиссёр. Мунара «Эгиздер тагдыры-2» тасмасын тартканын айта кетели. 8 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошкон жаштар окуу жайды чогуу бүтүрүшкөн.
«Жубайым 26да, Ош жергесинен болот, өзүм 29 жаштамын, Нарындын кулунумун. Экөөбүз теӊ карьера деп жүрүп үйлөнүү тоюбуз быйыл болду. Үйлөнө турган акчама кино тарттым эле, эми минтип кинодон түшкөн каражатка үйлөндүм»,- дейт толкунданган Тынчтыкбек.