Ырчы Адилет Азимов Орусиянын Санкт-Петербург шаарында популярдуу эстрада ырларын аткаруучулардын арасында өткөн «Балтия феериясы» аталышындагы 4-эл аралык сынак-фестивалда 1-орунду өӊөрүп кайтты. Бул сынакта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти, «Заманыбыздын супер ырчысы» Айчүрөк Иманалиева калыстар тобунун катарында отурду. Ырчы айымдын айтымында, Адилеттин баш байгени алуусуна 1 балл гана жетпей калган. Сынакта Кыргызстандан тышкары Германия, Молдова, Чехия, Украина, Орусия, Италия жана башка мамлекеттердин өнөрпоздору ат салышкан.