«Дубалдын дагы кулагы бар» дегендей, айрыкча шоу-бизнесте кыбыр эткен нерсенин баары көпчүлүктүн көӊүл чордонуна кабылат. Дегенибиз, жаӊыдан эле түзүлүп, атактуулукту акырындап багынта баштаган «Добулбас» жигиттер тобу тарап жатканы, ага топтун мүчөсү Эдил Маматовдун жеке ырчы катары иштеп, клипмейкер Эрнист Сыдыковду продюсер кылып кеткени себеп деген кеп бизге да жетти.
Бул сөздүн чын-төгүнүн билүү үчүн топтун менеджери Айжанга байланышканыбызда, ал: «Ооба, Эдил топтон кетти. Биз анын чечимин сыйлап, урушпай-талашпай, сый мамиледе узаттык. Ачыгын айтканда, анын үй-бүлөлүк шарты, жоопкерчиликсиздиги, топтун чыгармачылыгына олуттуу мамиле кылбагандыгы акыркы учурларда бизди абдан түйшөлтүп келген. Эми «Добулбас» тобунун курамы жаӊыланып, жаӊы мүчөнү жакынкы күндөрдө кастинг аркылуу тандап алабыз»,- деген жообун айтты.