«ЭлFM» элдик радиосунун 5 жылдык мааракеси салтанат менен белгиленгени турат. Бул саамалыкка карата аталган радионун эмгек жамааты чоӊ программадагы концерт берүүгө камылга көрүп жатышат. Белгилей кетсек, кечеде өлкөбүздүн атактуу ырчылары өнөрлөрүн тартуулашса, алып баруучулук тизгинди аталган радионун ди-джейлери аркаламакчы. Концерт 23-апрелде Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы драма театрында, 24-25-апрель күндөрү Оштогу Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрында орун алмакчы.