«КЕЛИН» ИНДИЯДА РЕКОРД КОЙГОН СЕРИАЛ

Индия кинолорунун сүйүүчүсү болсоӊуз, кубана берсеӊиз болот. Ыр-бий, романтика менен коштолгон «Келин» сериалы тууралуу баяндамакчыбыз. Индияда узактыгы боюнча рекорд койгон тасма эмнеден улам мындай популярдуулукка жетишти? Сизге кызык болсо, анда тасма талаасына кеттик.

«ТУМАК МЕНЕН УРСАӉ ЖЫГЫЛЫП КАЛБАСА, АЯЛДЫККА АЛА БЕР»
Чоӊ апаларыбыздын «тумак менен бир уруп көрүп жыгылбай калсак, турмушка узатышкан» деп айткандарын угуп калар элек. Ал заман эмес, кечээ жакында эле памирлик кыргыздар кыздарын 8-9 жашында турмушка берип, 12-13 жаштарында төрөп жатышканын байма-бай жарыялап жатышты. Дал ушундай көрүнүш «Келин» тасмасында орун алат.
Эрте жашынан никелешүү индустарга мусулманчылык менен чогуу барган делинет. 21-кылым болгонуна карабай Индиянын Раджастхан, Мадия-Прадеш, Бихар деген жерлеринде кыздарды эрте турмушка узатуу дагы деле уланууда.
Индияда кыздар 18 жашында турмушка чыгып, балдар 21 жашында үйлөнүүсү керек деген мыйзам бар. Мамлекетке 150 евро айып пул төлөп, 2 жылдык эркиндиктен айрылуу коркунучунда турганына карабай эрте никеге тургандар бар. Анткени айып пулдан да, мыйзамдан да качып кутула турган жагдай бар, алар жашы жеткенде гана каттоого турушат.
Индияда кыздарды «бөтөн байлык» деп коюшат. Ата-эне кыз баланы багып отурбай, эрте турмушка берип салып кутулгулары келсе, күйөө тарап кызды акысыз күӊ катары жумшоого кызыгышат. Сериал мына ушул көйгөйдү алып чыкканы үчүн да учурдун популярдуу тасмасы болду десек жаӊылышпайбыз.

АНАНДИНИН ТАГДЫРЫН КЫЗЫ ДА КАЙТАЛАЙБЫ?
Кичине Ананди 8 жашында турмушка чыгып, келин аталат. Күйөөсү Жагдиш теӊ чамалаш куракта. Андан да жаманы – Анандинин чоӊ кайненеси Каляни бечараны кууратып катаал болот. Ата-энесин сагынып, башына чоӊ түйшүк түшкөн Ананди канчалык кыйноого туш болсо да, тагдырына көнөт. Жылдар өтүп Жагдиш экөө чоӊоюп, ортолорунда ысык махабат пайда болот. Ананди сабырдуу, күйөөсүнө күйүмдүү, акылдуу келин эле. Жагдиш чоӊойгондо окуп жүрүп Гаури аттуу кызды жактырып калып, Ананди менен ажырашат. Күйөөсүнүн көп кылыгына чыдап күткөнү менен, Жагдиш Гаури менен никеге турат. Ал аны менен эле чектелип калбай, бир топ сулууга азгырылат.
Ал учурда бой жетип, сулуу келинге айланган Анандини Шив аттуу жигит жактырып калат. Шив мүнөзү, сүйүүсү менен Анандинин жүрөгүнөн Жагдишти сүрүп чыгарат. Жагдиш катачылык кетиргенин билип кайрылганы менен, Ананди ал учурда Шивти жактырып калган эле. Эчен тоскоолдуктар менен коштолгон тагдыр акыры биригип, Ананди менен Шив турмуш курушат. Бактылуу жашап, Ананди кош бойлуу болгон учурда Шив каза болот. Бактыга жараша, эгиз балалуу болуп, аларга Шивам жана Нанди деген ысымдар ыйгарылат. Анандинин тагдыры кайталанып, Нандини бирөөлөр уурдап кетип эрте турмушка берип коюшат.
Окурман, интернет маалыматтарына караганда, окуя муну менен эле бүтпөйт. Учурда сериалдын уланышы күтүлүп, сценарийи жазылып жатканы айтылууда. Андыктан «Келиндин» аягы эмне менен бүтөрү али эч кимге белгисиз десек болот.

РЕКОРД КОЙГОН СЕРИАЛ
1992-жылы повесть болуп жазылган чыгармадан сериалдын сценарийи алынган. Чыгарманы жазган жазуучу Парнендру Раджастханда туулуп, өз көзү менен мындай тагдырларды көргөндөн улам сериал реалдуулукка жакын десек болот. Кийин продюсер Санжай Вадха менен чогуу экрандаштырат. Сериал 2008-жылдын 21-июлунда «Колорс» телеканалынан старт алган. Башында мынчалык узак болушун эч ким божомолдогон эмес. Кийин элдин кызыгуусунан улам сценарий жазылып, узарып жүрүп отурган. Учурда Индияда 20дан ашык сыйлыкка ээ болгон, эчен жылдап созулган биринчи тасма. 2008-2009-жылдары «Мыкты драмалык сериал», «Мыкты сценарий» сыйлыктарын алса, 2008-жылы Анандинин кичине кезин ойногон актриса Авика Гор «Эӊ мыкты драмалык актриса» сыйлыгын утуп алган.

АКТЁРЛОРДУ ТААНЫП АЛЫӉЫЗ!
Авика Гор
(кичине Ананди)
1997-жылы Мумбайда туулган. Авиканын «визиттик карточкасы» – Анандинин ролу. Долбоордон кеткенинен бери канча убакыт өтсө да, эл аны Ананди катары тааныйт. Ролу тууралуу Авика мындай дейт: «Мен башында 80 гана серияга катышмакмын, бирок эл аябай менин аткаруума кызыккан үчүн 515 серияда роль ойнодум. Бул менин карьерамдагы жетишкендик деп билем». Учурда Авика окуудан сырткары сууда сүзүү менен машыгып, фильмдерде роль жаратып келет. Жакында ал Казакстандын Астана шаарына келип, биринчи жолу карды көрүп таӊ калганын жашырган эмес.

Пратюша Банержи – (бой жеткен Ананди)
Пратюша 1991-жылы Бихар шаарында туулган. Актриса, модель жана бийчи. Авика сыяктуу эле аны Анандинин ролу таанымал кылган. Анын тасмадан капысынан кетүүсүнө апасынын катуу ооруга кабылышы себеп болгон. Бардыгын таштап, апасынын жанында болгон актрисаны тартуучу топ да, көрүүчүлөр да туура түшүнүшкөн.

Тораль Распутра(орто жаштардагы Ананди)
Актриса 1987-жылы туулган. Анандинин ролуна чейин модель жана актриса катары таанылган. Актриса Анандинин эне болгонун, токтоолугун, акылдуулугун жана сабырдуулугун мыкты ачып берген.

Авинаш Мукержи(кичине Жагдиш)
Актёр 1997-жылы төрөлгөн. Атасы Дев Мукержи телеканалдарда иштеп, бир топ сериалдарга да тартылган. Жагдиштин ролун аткарууда 12 жеткинчектин ичинен тандалып алынган Авинаш кийин «Жаӊы талант» сыйлыгына ээ болгон.

Шашанк Вьяс(бой жеткен Жагдиш)
Кичине Авинаштын ордун баскан Шашанк элдин жүрөгүнөн орун ала алды. Бул анын чоӊ ролу. Актёр жеӊил мүнөз жигиттин ролун ойногону менен, жашоодо өтө оор басырыктуу адам экенин айтат.

Сиддхартх Шукла(Шив)
Шив – азыркы кыздардын кыялы десек болот. Мындай мачонун ролун ойногон актёр 1980-жылы туулган. Ал актёр жана модель катары белгилүү. Сериалда оӊ каармандын ролун жараткан Сиддхартхты жашоодо чыргоо жигит дешет. Ал көп кылыктары менен тартуучу топко ыӊгайсыздык түзгөнү айтылып келет.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (58)
momuntay
2015-04-29 16:49:25
Бул киного кызым Ананди деп ат коюп алган. Аябай кызыгып котуп атса мен да коруп кызыгып калдым.
0
kalen9001
2015-04-29 18:15:38
Бул кинонун азыркы жаш уйбуло кургандарга тарбиялык мааниси бардай елекен, лично мага анча жага бербеди, музыкасы балдардын ыйлагандары ашыкча болуп калыптыр
+1
bayana1987
2015-04-30 14:57:23
кинону сындап аткандар, деги бир 5 минуттук видео тарттынар беле ыя? жапжашынакай эле болуп турат.
0
Gundula
2015-04-30 16:41:13
Ыйлай берип жинге тийди коргум келбей койду
+1
Siren.ms
2015-04-30 20:52:23
эмнег токтотуп койду кинону кызыгып коруп жатканда.же которалбай калыштыбыкен?
0
Altynaika01
2015-04-30 23:46:24
Ким билет уландысы качан болот ктркдан.айтып койгулачы сураныч.мага аябай жакты бул кино.
0
URTI
2015-05-01 05:39:32
Аааайааай деген ыры кыжырды кайнатат экен. Бирок,кино жакшы
0
Adiko..91
2015-05-01 09:44:51
Аябай жакшы тартылган
0
Orunbu
2015-05-01 16:35:16
А эмнеге кино болбой жатат ким билеет???
0
veneraaalieva
2015-05-03 00:01:43
Ананди качып кеткен сериясында токой дегенди урман деп которуп коюптур, кыргызча которгондон кийин так кыргызча которгула да озбекче аралаштырып жибербей сураныч.
0
jypar.i
2015-05-22 22:44:12
veneraaalieva,мен да өткөндө жазгам,каза болгон адамды кыргыздар ыраматылык деп эскерет, бул кинодо жарыктык дей бериптир.Бул эмне - котормочунун кыргызчаны жакшы билбегениби? Андай дейин десем, көбүнчөсү жакшы которулган
0
Borya55
2015-05-03 11:14:27
Кыргызчага которуп берип жаткандары аябай жакшы болду уккулуктуу кылып жакшы которушкан бирок бул сериалды да ортосуна жеткенде бутуруп салышат буга чейин жашоо суртумдору даназалуу доор деген сериалдарда жарымына жеткенде бутуруп салышкан баш аламан да баштагандан кийин аягына чыгыш керек да бардык эл коруп жатпайбы
0
Ayka1994
2015-05-03 16:13:50
Бул кинонун сериясы аячбай эле коп Бул казакстанда былтыртан бериби же анданда коп болду бекен билбеейм ушул кунго чейин коюлуп келет. Соонун сериалда.
0
Abdyrawit
2015-05-04 02:17:11
Менин эжем калтырбай көрчү...
Менимче Z TV деген Каналдан берсе керек эле...
0
gitaris93
2015-05-08 21:20:35
Jakwy seriyal ele birok ktrden berbei kaldygo
0
moldobaev.zamir
2015-05-29 17:39:56
gitaris93,ктр ден эле болуп жатат
0
dinar-87
2016-02-21 17:16:28
Шив менен ооруп калдым аябай романтик ммм.
0
№ 651, 24-апрель-30-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан