«ГРЕЙ МЫРЗАНЫН 50 КЫРЫ» («50 оттенков серого»)

Миллиардер жаш жигиттин төшөк оюнунун сырлары камтылган «Грей мырзанын 50 кыры» эротикалык тасмасы коомчулукта талкуу жаратты. Чырлуу интервьюлар, көрүүчүлөр тарабынан жааган сындар, нааразычылык жана ошол эле убакта эротикалык бестселлерге сүйүүсүн арнагандар да четтен чыкты.

Тарткан өлкө – АКШ
Жанры – Мелодрама
Режиссёру – Сэм Тейлор-Жонсон
Продюсери – Дена Брунетти, Майкл Де Лука, Э.Л.Жеймс
Оператору – Шеймас Макгарви
Сценарийин жазган – Келли Марсель
Башкы ролдордо – Жейми Дорнан, Дакота Жонсон
Узактыгы – 120 мүнөт
Бюджети – 40 миллион АКШ доллары
Сатыктан түшкөн акча – 568 799 000 АКШ доллары
Чыккан жылы – 2015

ТАСМАНЫН КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Британ жазуучусу Э.Л.Жеймстин «Грей мырзанын 50 кыры» чыгармасы 2011-жылы жарык көргөндүн эртеси эле жөнөкөй үй кожойкесинен атактуу болуп чыга келди. Китептин 30 миллиондон ашуун нускасы сатылып, «Гарри Поттер» менен «Күүгүм» романдарын артка таштап, рекорд койду. Чуу жараткан роман режиссёрлордун көз жаздымында калган жок. «Universal» компаниясы аталган романды экрандаштыруу үчүн авторго 5 миллион АКШ долларын берип, 2013-жылы тасма тартуу ишине киришкен. Романда миллиардер Кристиан Грей менен студент кыз Анастейша Стилдин сексуалдык мүнөздөгү ачык сценалары менен коштолгон сүйүү романы баяндалат. Коомчулук үчүн жеке жашоосу табышмак болгон Грейдин турмушу, мүнөзү, төшөк оюнундагы сырлары Анастейша үчүн ачылат. Көптөгөн кызматкерлерди башкарып көнгөн мырза өзүнө ишенбей сүрдөгөн кыздан бирөөгө баш ийүү, көз каранды болчу сапатты көрөт. Ал төшөктө колдонгон катаал ыкмаларына кыздын макулдугун алуу үчүн атайын келишим сунуштайт. Келишим боюнча, Кристиан төшөктө «доминант» болсо, Анастейша ага толугу менен баш ийген, кемчилик кетирсе, оордугуна жараша жаза алган өнөктөшү болушу керек.
Грейдин катаал мүнөзү анын оор балалыгы менен байланыштуу. Себеби ал сойку, баӊги аялдан төрөлүп, апасы 4 жашында каза болуп, бакма ата-энесинин колунда тарбияланган.
Кыз Кристиандын оор жа­за­лоосуна чыдай албасын айтып кол үзөт. Жазуучу Э.Л.Жеймстин экрандаштырылган романынын 1-бөлүгүнүн сюжети ушундай. Бул менен эле баары бүтүп калбайт. Автор романдын уландысын эки том кылып эбак жазып койгон. Анда башкы каармандар кайрадан биригет. Грей оӊолуу жолуна түшүп, эки жаш балалуу болушат.

ЖЕЙМИ АТАЙЫН «СЕКС-ҮӉКҮРДӨН» ТАЖРЫЙБА ТОПТОГОН
Ирландиялык актёр, музыкант, модель Жейми Дорнан Грейдин ролуна бекитилгенден кийин олуттуу диетага отуруп, күнүнө 3 сааттык машыгууга киришкен. Мурда ички кийимдердин көргөзмөсүнө катышып, жакшы формадагы модель болгону менен экранда «эркектин анык сулуулугун» көрсөтүшү керек эле. Эӊ кызыгы, актёр Кристиан Грейдин образына кириши үчүн атайын «секс-үӊкүргө» барып тажрыйба алууга мажбур болгон.
Тасмадан Жейми Дорнанды толугу менен энеден туума жылаӊач турганын көрбөйсүз. Келишимге бул пункт актёрдун каалоосу менен киргизилген. Тартуу аянтчасында Дорнандын эркектик дареметин көзөмөлгө алып, ага жардам берген атайын кызматчы болгон. Дорнандын аялы Амелия күйөөсүн дайыма колдоп келгени менен, тасманы көрүүнү каалаган эмес. «Бул анын укугу жана чечими. Биз экранда жөн гана анткорлонуп жатпагандыгыбызды жакшы түшүнөт»,- деген актёр.

АКТРИСАГА «ОЮН БӨЛМӨСҮ» ТАРТЫЛГАНГА ЧЕЙИН КӨРСӨТҮЛГӨН ЭМЕС
Тасманы тартуу иштери 2013-жылдын 1-декабрынан 2014-жылдын 21-февралына чейин созулган. Кристиан Анастейшага биринчи жолу «оюн бөлмөсүн» көрсөтүп жатканда, актриса чынында эле алгачкы ирет көргөн. Продюсерлер актрисанын жогорку деӊгээлде таӊ калганын кармап калуу үчүн бөлмөнү көрсөтүшкөн эмес. Төшөк оюну үчүн жасалган кызыл түстөгү бөлмөгө кирген актрисанын көзүнөн таӊ калуу менен коркунуч сезимин көрө аласыз.
Дакота Жонсон өзүнүн үй-бүлөсүнө бул тасманы көргөнгө тыюу салган. Алар деле жылаӊач, колу байланган кызын көрүүгө ашыгышкан эмес. Актриса сексуалдуу сценаларды тартуу маалында эч кандай ыӊгайсыз абалда болгон эмес. «Мен тартуу аянтчасында эмне керек болсо, ошонун баарын кылам. Мунун сыры – менде уялуу сезими жашабайт»,- деген Дакота.

Азиз Мурадиллаев, актёр: «МАГА ЖАККАН ЖОК»
– Бул фильмди укмуш жарнамалап жатышканынан бир көз жүгүртүп көрдүм. Башкы каармандын кызды кыйнаганын ачык көрсөткөнү жаштарга жакшы таасир калтырбайт. Кээ бири аны өтө уятсыз фильм деши мүмкүн. Мага жаккан жок. Ал эми чыгармачылык көз караш менен караганда өтө оор фильм. Көрүүчүлөргө табышмак жаратып аягы күтүүсүз бүтөт экен.

БАШ КААРМАНДАР ТУУРАЛУУ...
Дакота Жонсон
Америкада 1989-жылы жарык дүйнөгө келген. Келишкен келбети менен моделдик дүйнөдө ийгилик жаратып, беделдүү агенттиктер менен келишим түзгөнгө жетишкен. «Грей мырзанын 50 кыры» тасмасында эл оозуна алынып атактуу болгону менен жеке жашоосунда жоготууга учурады. Актриса 2013-жылы жигити актёр Жорди Мастерсон менен эротикалык кадрларга тартылганы үчүн урушуп кетсе, дагы бир сүйүүсү «Drowners» тобунун гитаристи Мэттью Хит тасма прокатка чыккан соӊ Анастейшанын айланасында жаралган ажиотажга чыдабай кол үзгөн.
Ал эми 32 жаштагы актёр Жейми Дорнан бактылуу билетти сууруп алды. Анчалык атагы чыга элек актёр «Грей мырзанын 50 кыры» тасмасынан кийин секс-символго айланып, маалымат айдыӊында кызыгуу жараткан инсан болуп чыга келди. Учурунда белгилүү фирмалардын жүзү болгон актёр британиялык актриса Амелия Уорнерге баш кошуп, 2013-жылы түгөйлөр кыздуу болушкан. Буга чейин белгилүү голливуд актрисасы Кира Найтли менен 2 жылдай сүйүү романын курган. Мамилеге чекитти Найтли койгону менен, актриса анын актёрлук карьерасына старт берип, агенти менен тааныштырган.

Китептеги эӊ белгилүү жана ачык сексуалдуу деп саналган “тампон менен болгон секс-сценасы” тасмада көрсөтүлбөйт.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Pozitiff
2015-05-04 17:46:06
Аябай жакты.Бир дем менен кордум.
0
nuris208
2015-05-04 19:09:15
Мага дагы жаккан эмес…
0
kgul
2015-05-05 00:10:20
Жигитим уяттуу жерлеринде көзүмдү жаап отурду, анан сага болбойт деп кетип калганбыз. Порно деп ойлошу мүмкүн көпчүлүгү, жогорудгы актер айткандай чыгармачыл түшүнүк менен карасаң оор кино, оор тема...
+1
elya.choi93
2015-05-05 05:06:02
Аябай кызыктуу. Мен фильмди коруп,кийин китептерин окудум,2-болугу"пятьдесят оттенков свободы "деп аталат,ал болугундо экоо уйлонушот,азыр 3-болугун окуп жатам
+1
Azulya23
2017-09-25 01:12:48
elya.choi93,китебин кайдан тапса болот айтып койосунарбы?.
0
Kleopatra_91
2015-05-06 13:58:27
Киного караганда,китеби жакшы!
+2
hayley
2015-05-08 13:20:41
Джейми Дорнан укмуш аткарыптыр,
Дакота джонсондун героинясы кичине жаккан жок. Укмуштуудай сценалар. Мага абдан жакты
0
hayley
2015-05-08 13:31:24
Суроо берейин дедим эле. Дуйнолук блокбастер мститители(оч алгычтар)эра альтрона Кыргызстанга качан келет экен? Трейлерин коруп агып калдым
0
http
2015-05-08 14:25:00
hayley, ал кино уже биздин кинотеатрларда коюлуп жатат, мен барып келдим откон жума сонун экен ЗD
0
hayley
2015-05-08 23:51:33
http, рахмат! Жанаарак барып келдим, фильм шедевр.эми первый мститель гражданская войнаны кутолу
0
snegurochka11
2015-05-10 21:33:17
Коруш керек экен! Китебин окугамын,жаккан ото ачык жазылган жерлерин кошпогондо!
0
aiperishka87
2015-05-11 09:01:00
Бул кинону кайдан корсом болот
0
№ 652, 1-май-7-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан