БАЛАӉЫЗ ЭРТЕӉ МЕНЕНКИ ТАМАКТАН БАШ ТАРТПАСЫН ДЕСЕӉИЗ...

Балдарды эртеӊ менен тургузуп, бала бакчага же мектепке жөнөтөр алдында тамак ичирүү көпчүлүк ата-энелер үчүн маселе жаратат. Жеӊил жана кызыктуу эртеӊ мененки тамактын комбинациясын жадыӊызга түйүп алыӊыз.


ЧАМГЫР МЕНЕН БЫШТАК ПАШТЕТИ

Эмнелер керектелет?
Быштак
– 200 грамм
Каймак – 100 грамм
Чамгыр – 15 даана
Көк пияз – 1 боо
Кара, ак бөлкө нан
Татымына жараша туз

Кантип даярдалат?
1. Быштакты кашык менен эзип, каймак, туз кошуп, майда тууралган көк пиязды аралаштырабыз.
2. Чамгырды аарчып, майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп, туз кошуӊуз да, бөлүнүп чыккан ширесин сыгып алып салыӊыз.
3. Быштак аралашмасына чамгырды кошуп, аралаштырыӊыз. Бөлкө нанды электр мешине салып жылытып алып, бетине паштетти сүйкөп, дасторконго койсоӊуз болот.
Нанды түрдүү формада кесип, мультфильмдеги каармандардын кейпин жасап балаӊызды кызыктырыӊыз.

БОЛГАР КАЛЕМПИРИНДЕГИ ЖУМУРТКА

Эмнелер керектелет?
Болгар калемпири
– 2 даана
Жумуртка – 6 даана
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Татымына жараша туз, мурч

Кантип даярдалат?
1. Калемпирдин сары, кызыл, жашылынан түрлөп тандап алыӊыз да, жууп-тазалаӊыз. Диаметри 1,5-2 сантиметр болгон шакекчелерди кесиӊиз.
2. Көмөч казанды ысытып, май куюӊуз. Калемпирди 2 мүнөттөй майга кууруп алып, ар биринин ичине бирден жумуртканы кылдат чагыӊыз. Үстүнө татымына жараша туз,
мурч себелеп, 2-3 мүнөт отко коё туруӊуз. Оттон чыгарып, көк чөп менен кооздоп, дасторконго койсоӊуз болот.

СЫР МЕНЕН ОМЛЕТ

Эмнелер керектелет?
Жууган май
(сливочное масло) же өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Майда тууралган көк чөп (ашкөк, петрушка) – 3 аш кашык
Жумуртка – 4 даана
Катуу сыр – 50 грамм
Сарымсак – 1 тишче
Каймак – 3 аш кашык
Ун – 1 чай кашык
Татымына жараша туз

Кантип даярдалат?
1. Каймактын үстүнө 4 жумуртканы чагып, 1 чай кашык унду салып текши суюлганча чалыӊыз.
2. Сырды кесек тиштүү сүргүчтөн өткөрүӊүз. Сарымсакты да майдалап туураӊыз.
3. Майда тууралган көк чөптү, сырды жана сарымсакты чалынган суюктукка кошуп аралаштырыӊыз.
4. Ысыган көмөч казанга май куюп, омлет бышырыӊыз. Күйүп кетпеши үчүн оодарып туруӊуз.

БУТЕРБРОД

Эмнелер керектелет?
Кара бөлкө нан
– 4 кесим
Быштак – 100 грамм
Сабиз – 1 даана
Петрушка – 3-4 тал
1 аш кашык томат
Кооздоо үчүн: 50 грамм сыр, черри помидорлору, зайтун
Татымына жараша туз

Кантип даярдалат?
1. Нанды тегерек формада кесип алыӊыз.
2. Сабизди майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп, петрушканы майда туураӊыз.
3. Быштакты эки идишке бөлүп салып, бирөөнө томат кошуп аралаштырыӊыз. Экинчисине сабиз, петрушканы кошуп, татымына жараша туз саласыз.
4. Нандын бетине томат кошулган аралашманы сүйкөп, үстүнө нан коюп, кайра сабиз кошулган аралашманы сүйкөйсүз. 2-3 катар менен чектелип, эӊ үстүнө сырды нандын формасына жараша кесип, быйтыкчаны жасаӊыз. Көзүн, оозун помидор жана зайтундан жасап койсоӊуз болот.

БАЛАӉЫЗ МЕНЕН ЧОГУУ ТАМАКТАНЫӉЫЗ!
Эмне үчүн адамдын эртеӊ менен тамак ичүүгө табити тартпайт? Анткени түнү бою уктап жаткан организм эртеӊ менен дароо эле тамак ичүүгө даяр болбойт. Ошондуктан диетологдор эртеӊ мененки тамакты ашказан сиӊире алгыдай жеӊил жана витаминдүү болушу керек дешет.
Балаӊыз менен чогуу отуруп шашпай тамактанып, ага үлгү боло турган сөздөрдү сүйлөп пикир алышууну адатка айлантыӊыз. Бул учурда балада күнүгө тамак ичиш керек деген сезим калыптанат.
Сүт, айран сыяктуу азыктарды балага накталай ичирүү кыйынга туруп жатса, түрдүү мөмөлөрдү: кулпунай, малина, карагат кошуп же алардан даярдалган кыямдан 2 чай кашык аралаштырып ичирсеӊиз, пайдалуу болот.
Организмде суюктуктун жетишсиздигинен талыкшуу, баш ооруу, чарчоо, уйкусуроо келип чыгат. Андыктан балаӊыз мектепке баратканда сумкасына дайыма бөтөлкөгө суу же шире куюп салып берүүнү унутпаӊыз.
Табитим тартпайт деп ачка жүрө берүүгө болбойт. Тамак ичпей койгондо гастрит пайда болуп, ашказан жарасына чейин жеткирет.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
eliko
2015-05-04 11:28:46
Чамгыры эмнеси?
+1
Гүлжан Асанкожоева
2015-05-04 11:46:48
eliko,чамгыр-редиска!
+2
Topcubai
2015-05-04 12:57:10
Эми буларды уйдо олтурган келиндер жасабаса,жумушка шашкан апалар "болбойсунбу!?Эзилбей бат баттан тамагынды ич!"-деп урушуп,бечара баланы тынгылыктуу деле тамак ичирбей алдына салып,айдап жоносо керек
+8
Pantherka
2015-05-06 15:36:17
Topcubai,точно))))))
0
Sezya
2015-05-07 10:56:21
Topcubai,ал үчүн эртең менен таң атпай туруп жетишсе болот да.
0
ZaRi_RaYa
2015-05-04 23:32:36
Чамгыр деген эмне? Мен мурун укпаптырмын.
-1
Nauca1989
2015-05-05 00:23:51
Жакшы кенештер экен рахмат супер инфо
0
elif
2015-05-05 12:57:52
Anda ishtebey uydo oturush kerek :D
-1
Ayka1994
2015-05-05 13:51:43
Баардык нерсеге улгурсо болот. Болгону эртерээк ойгонуп танкы тамагын даядап коюп жолдошунузду,баланызды ойготсонуз экоонуда кубанычка болойс
+1
Gundula
2015-05-05 14:36:40
Сонун го.Чамгыр менимче редиска окшойт э??
0
airada
2015-05-05 15:13:10
жакшы кенештер экен
0
Lapushka15
2015-05-05 23:11:06
Рахмат супер инфого!!!!!
0
malika14
2015-05-06 06:52:19
Rahmat super info.
0
momuntay
2015-05-06 15:10:12
Демек, карвингдер жардамга келет экен да. А мен грелка менен омлет дайыма эле жасап берем кыздарыма.
0
Pantherka
2015-05-06 15:37:14
Жакшы кенештер экен, жаман жери болгар калемпирин, да башка ызы-чуу жемиштерди жебейм депле туртуп салышат да))))))))))))))
-1
azhibaeva.2012
2015-05-07 17:28:48
Рахмат кенешинерге
0
fittoniya
2015-05-07 22:27:00
Бул нерсени баарыбыз эле билсек керек.
0
Ledi89
2015-05-08 16:21:31
Сонун кенеш экен!
0
№ 652, 1-май-7-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан