Куттуктайбыз, тесттен көп күттүргөн эки таякча көрүнүп, сиздин кош бойлуу экениӊиз билинди. Бирок кош бойлуу мезгилде айымдарды чочулаткан бир топ маселелер кезигет. Бул жаатта «Темир жол» бейтапканасынын акушер-гинекологу Эльмира Акматова кеӊеш бермекчи.
БАШ АЙЛАНУУ
Баш айлануунун себеби бир нече. Гемоглобиндин азайышы, кан басымдын түшүп кетиши, витаминдүү тамактанбагандын кесепети баш айланууга алып келет.
Кош бойлуу айым такыр ачка болбошу керек. Башы айланса, отуруп же жатып дем алып алганы оӊ. Кан басымды жана гемоглобинди врачтын жардамы менен көзөмөлдөп туруу керек. Көп кайталанса, бир катар текшерүүдөн өткөн оӊ.
ТАЛГАК
Көпчүлүк айымдар кош бойлуу болору менен тамакка көӊүлү чаппай, куса башташат. Дарыгерлер муну түйүлдүктүн эненин гормоналдык фонун бузуусунан улам деп айтышат. Андан сырткары эненин боору ооруганы жана ген жактан берилиши менен да түшүндүрүлөт. Көпчүлүк айымдарда талгак 14-20 жумалыгында токтойт, 9 ай бою талгак болгондор да кездешет.
Жеӊил, көӊүлүӊүз каалаган тамактарды, жашылча-жемиштерди жеӊиз. Тамакты аздан, бирок тез-тезден жегенге аракет кылыӊыз. Таза абада көп сейилдеп, бир нерсе менен алек болгонго аракеттениӊиз. Эгерде кусуу күнүнө 10 жолу кайталанып, салмак жоготуп, такыр алсырай баштасаӊыз, ооруканага жатууга туура келет. Стресс талгакты күчөтө турган нерсе болгондуктан, сизге капа болгонго болбойт.
ГИПЕРТОНУС
Кош бойлуу учурда ичиӊиз катуу тартып, тырышып калган учур да кезигет. Муну жатындын тонуста болушу же жатындын өз алдынча жыйрылышы деп аташат. Бул аялдын көп иштегенинен, стресстен, ар кандай жугуштуу оорулар менен оорушунан, уйкусу канбагандан келип чыгат.
Эч нерсе болбойт деп жатып алуу туура эмес, сөзсүз врачка көрүнүү керек. Ал жазып берген дарыларды ичип, үйдө тынч жатып эс алганга аракет кылыӊыз. Тынчсыздануу, бир нерседен коркуу, оор жумуш кылуу жатындын жыйрылышына алып келет. Түйүлдүк бойдон түшүп калышы же маалына жетпей төрөлүүсү күтүлөт.
ТЕРИНИН КЫЧЫШУУСУ
Cүт толуп, чоӊоё баштагандан улам эмчек жана түйүлдүктүн чоӊойгонунан улам курсак териси чоюлуп, кычыша баштайт. Бул энеге ыӊгайсыздык жаратышы мүмкүн.
Кычышкан жерлерди катуу тырмап салсаӊыз, теринин жарылуусуна алып келиши ыктымал. Тырмагандын ордуна жеӊил массаж жасап, атайын крем сүйкөп коюу керек. Андан тышкары өтө ысык эмес сууга түшкөндөн кийин сүлгү менен эмчекти жакшылап 10 жолудан сүртүп койсоӊуз болот. Бул кийин баланы эмизгенде эмчектин үрпүнүн жарылбашына жардам берет.
ШИШИК
Төрөт жакындап калган убакта көп айымдарда буттун шишип жатканы байкалат. Жатын чоӊойгон сайын жамбаштагы кан тамырларды кыса баштап, кан айлануу
начарлап, бут шишийт. Мындан тышкары тарамыштын бат-баттан түйүлүшү катталат. Кош бойлууларды варикоз да жүдөтүшү мүмкүн.
Отуруп иштеп жатсаӊыз, убак-убагы менен ордуӊуздан туруп, басканга аракеттениӊиз. Күн сайын 15 мүнөт бутту өйдө көтөрүп жатканды адат кылып алыӊыз. Туздуу тамактарды көп жебеӊиз. Буттун тырышып калышы организмге кальций жетпей жатканынан кабар берет, быштак жесеӊиз болот. Варикоз болбоо үчүн жалпак така кийип, эки-үч саатта бир бутту көтөрүп жата туруу жардам берет.
ТЕЗ-ТЕЗ ЗААРА КЫЛУУ
Бөйрөк ооруларынан улам же жатын чоӊоюп, табарсыкты басып калгандан улам ажатканага чуркап каласыз.
Ажатканага барбайм деп чыдап, кыйналуу туура эмес. Анда бөйрөктөрдүн иштөөсү ого бетер начарлайт. Түн ичинде тез-тез ажатканага чыкпоо үчүн кечке маал суюктук ичкенди азайтыӊыз.
ИЧ КАТУУ
Кош бойлуу учурда ич катуу көп кездешет. Ажатканада көпкө отурганда жана ыйынганда ич кысылып түйүлдүккө аба жетпей кыйналышы мүмкүн.
Ич катпашы үчүн көбүрөөк суюк тамак ичип, жер-жемиш жеп, атайын кош бойлуулар үчүн көнүгүүлөрдү жасоо сунушталат. Күнүнө 5 мүнөттөй мышык сымал төрт аяктап турууну адат кылып алсаӊыз, бул ич катуунун алдын алмакчы.
ЗАРНА
Зарна эненин гормоналдык фонунун бузулушан улам келип чыгат. Ашказандын иштеши начарлап, кыйнайт. Бирок энеге жана балага терс таасирин тийгизбейт.
Зарнага каршы дарыны гинеколог гана жазып берет. Андан тышкары өзүӊүз да абалды жеӊилдете аласыз. Ачуу, куурулган тамактардан качып, жер-жемиш көбүрөөк жеӊиз. Сабизди таза жууп жесеӊиз да жардам берет.
Эсиӊизде болсун, кош бойлуулар эч качан өз алдынча дарыланып, антибиотик ичпеши керек!
Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg