Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Ордо жактан дагы кернай тартылып, ак төө минген жарчылар көчөмө-көчө кыдырып жар сала башташты:
– Кимдин, кимдин заманы? Насирдин хандын заманы! Кимдин, кимдин заманы?..
Сакалы кардай агарып, мүӊкүрөп карыган адам жанындагыдан сурап калды:
– Кимдин дейт?
– Кимдин, кимдин заманы? Бактияр сейид Насирдин хандын заманы!
Эми таамай укту окшойт, карыя көзүн алсыз ымдап, ой басып туруп калды.
Кернай үндөрүнөн улам дуулдай баштаган эл мустарап болду. «Бечара калк ушул үчүн көтөрүлдү беле? Итти агытып, күчүгүн короочу кылабы?»
Ушул учурда Исхак белинде куралы жок, үрөйүндө сүрү жок, эки буту басмайылына кошо таӊылып, капылдан торго чалынган шумкар өӊдүү көк асманды сарсанаа болуп тиктеп, жүз сыпайдын ортосунда айдалып баратты. Ушул учурда диванхана күүлдөп, жүзү бакыттан албырган Насирдинге Абдырахман өз колу менен таажы кийгизип, өзү Шайх-уль-Исламдан бата алып, казыйдан миӊ башылык даражага жол алып жатты.
Эмне болуп кетти? Үч жылдан бери бел чечпей күрөшкөн эр кайда? «Болот хан тактан өзү кечип кетиптир. Макка-туллага зыяратка жөнөп жаткан имиш!» деген сөз чыкты.
Көпчүлүктүн аӊы учту.
Абдылла бек ордонун эшигине келип түштү. Ордонун эшигинде аны тааныган күзөтчүлөр ызаат көрсөтө таазим кылып, жол ачып калышты. Эч кимдин саламына алик албай, салам да айтпай тез басып кирди. Эшик ага баш ийкеп үнсүз саламдашты да, ичкери кирип кабар кылды:
– Келди...
Ким келгени белгилүү экен, Абдырахман «эмне кылсам?» деп үӊүрөйө, көӊүлүнө жакшылык да, жамандык да келип, ой басып, анан баш ийкеди. Босогодон көрүнгөндө эле:
– Оо, келиӊ, келиӊ, бекзаада!- деп утурлай басты.
Суз салам айтты Абдылла бек.
– И, келипсиз! Кулак сизде, бекзаада!- Абдырахмандын көптү көргөн кыйды көздөрү бектин кабагында келген кирди көрдү. «Жакшылык көздөп келбептир!» деген ой
көӊүлүнө тык этти.
– Эмнеге келгенибиз сизге белгилүү, миӊ башы. Купуя болуп калды көп элге, бу эрегиштин туусу, аскер башы кайсы Меккеге кетти? Ошонун дарегин билели деп келип калдык, миӊ башы...
Абдырахман мизбакпады.
– Селсаяк болсо да байкуш Исхактын мейнети бар эле! Бирок, бекзаада, эмне кылабыз, Кудайдын эркиби, эреже, нарк, шарият көтөрбөдү анын талабын. Мураскор башка экен...
– Ушунча ат тердетип, ушунча кан төгүп, элдин тапканы ушул болуп калабы?!
– Э-э, бекзаада... баарын көрүп туруп... баарын билип туруп... Мына, баш койгон өкүмдарыбыз элге катаал болду эле, жарымпашага алданып өлкөсүнүн мүдөөсүн таштап жиберди эле, мына, көптөп кетирдик. Дагы эмне керек бизге?! Мындан ашыкты көксөп, чатакты ырбата берсек, чатагыбыз өлкө үчүн зыянга гана түшөт, башка бирөөнүн пайдасына кетет. Ушуну түшүнбөйбү зирек бекзаада?! Азыр сеники, меники дешпей, так ээси ким болсо ошонун көлөкөсүнө чогулуп, өлкөбүздүн өлкө катары эртеӊки күнүн сактап калышка аракет кылганыбыз оӊ эмеспи?!
– Бек, бу ак сөз. Бирак эл өлкөнү буларсыз эле коргойт. Булар көтөргөн туунун алдына эч ким чогулбайт. Булардын ишеними, абийири калды беле?! Капа болмой жок, бек ага, эл бизсиз эле өз туусун көтөрүп чыккан болчу.
Абдылла бек такыды:
– Элдин туусун кайда бекитип салдыӊыз? Жооп берсин деп жатышат! Эл нааразы...
Абдырахман чыдай албай кетти.
– Эмне?! Эл?! Кайдагы эл?!- деп чаӊырып жиберди. – И? Сан тийбей калдыбы? Сен, балакай, өзүм нааразымын де! Менин даражам тийгендеби, сен балакай, кимге да болсо макул болмоксуӊ. Эл дегенди оюӊа да алмак эмессиӊ!
Пенде эмеспи, Абдылла бектин көӊүлүндө миӊ башы болуу үмүтү жок эмес эле. Ачуусу келип, кумсарып кетти.
– И?- деди ал дагы атыла. – Сиздин даражаӊыз тийсе жарашпайбы мага? Мен кемминби сизден? Сиз Мусулманкулдун баласы болсоӊуз, мен Алымбектин баласымын! Эсиӊизге келиӊиз, дагы кан төгүлөт! Эмне кереги бар эле, алакандай абийири калбаган миӊ тукумунун сизге? Өлкөнүн мүдөөсүн мансапка алмашып отурган мына сиз өзүӊүз
болуп жүрбөӊүз?!
Абдырахман сөз таппай калды.
– Куп, биз эми кайталы, бек. Эшиктеги элдин, жер жайнаган колдун талабы ушул. Болот хандын жанына залал кылбаӊыз, анда ордону таптакыр өрттөтүп аласыз. Менин сизге жан тартып айтар кеӊешим ушул ки, бек, тез бошотуп бергениӊиз оӊ.
Бектер, манаптар кошулган соӊ эрегиштин катары кыйла өзгөрүп, ошого жараша мүнөзү, мүдөөсү да өзгөрүп кеткен болчу. Абдырахман парваначы саркерлерден бөлүп, ээндетип туруп Исхакты шак карматып, өзүнүн бир тууган жээни, бакмасы Насирдин бекти хан деп жарыялап жиберген эле. «Болот хан» аталып жүргөн селсаякты жок кыла коюп, элдин көӊүлүн газават менен алаксытып, бардык тарапты өз колуна топтомокчу эле. Мына эми минтип бүт тоолукка кадыры чоӊ, ханике катары сөзү өтүмдүү Курманжандын баласы келип, чак түштө ордого чыр салып кетти. Эмне кылуу керек?
Бир гана жол. Кайтмай жок эми башталган иштен. Жарымпашага каршылыкты күч алтып, мусулмандардын мусулмандык ыманын күйткүлөп, жалын тутантып, тезинен газават жарыяласа, караламан журт ыйык тууну ээрчип күүлдөп атка минсе, ошондо гана бейбаш саркерлердин деми кесилет. Кудай берип, жарымпашаны Ташкенден кууп чыккыдай болсо, анда селсаягы эстеринен чыгып, журттун бардык тайпасы ага ыраазы, милдеткер болуп тынышат. Ал ушуну болжоду.
Махрам сепили Кожон шаарына кырк беш чакырым аралыкта орношкон, Сыр-Дарыянын жээгинде, бийик дубалдуу, замбиреги, урушка керектүү куралы жетиштүү жыйырма миӊ аскер турган бекем жай болучу. Исхак кароол мунаранын түбүндөгү эӊ тереӊ зынданга салынды. Ордодон бир жаӊсыл буйрук келмейинче эч ким менен сүйлөштүрбөй, жан адамды көргөзбөй, кароол коюуну, кароол алмаштырууну сепилдин беги баягы элеттен «кун бүтөргөн» Иса оулия өз колуна алды.
«Эмне үчүн али өлтүрүшпөйт?..» Исхак зындандын сыз дубалына сүйөнүп ушуну ойлойт. «О, кайда экен азыр менин азаматтарым?.. Мени издешпей коюштубу?.. Ордо менен жарашып кетиштиби?..» Жооп таба албайт. Көз алдына кабагы кирдүү Абдырахман, эки көзүнөн от күйгөн Абдылла бек келет. Онтоп жиберет «Силерге ишендим! Силердин күчүӊөрдү эрегишке бириктирип кеткем дедим. Силерге ишенип, көрүп, билип туруп капканга өзүм бут салып бердим. Кыйды түлкүнү серпем деп келип, журттагы куу казыкка тийип жарылган бүркүт болдум...»- деп жүрөгү тилинет.
Көз алдына Момун, Уалихан, Бекназар, Эшмат саркери келет. Жылуу жүз, тааныш үн. Исхак азыр алардын арасында отургандай жаны кубат алат. «Ушулардын бирин жаныма албай Абдырахмандын капканына барганымды көр?!» Көӊүлүнө арман келет сызылып. «Мага Абдырахмандын удайчылары жабылганда жанымда батырбашым Атакул бар эле. Ал эмне болду экен? Бир гана жолу ары карап баскан далысын көрдүм. Эмне болду экен?..» Исхактын жүрөгү шуу дей түштү. «Ары карап кеткен! Ошол жексурлук кылып кеттиби?!»

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 652, 1-май-7-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан