ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (4-майдан 10-майга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада сизди белгисиздик, караӊгылык сезими курчайт. Келечекте мени эмне күтөт, канткенде баарын туура жасайм деп түйшөлөсүз. Бул сезимдер сизге алдыга умтулууга, максатка жетүүгө шык бермекчи. Шаршемби, бейшемби күндөрү коомдук иштерде активдүүлүгүӊүздү көрсөтпөй, чет жакта туруу сунушталат. Аптанын аягы дүйнө таанымыӊызды кеӊейтүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр чыгат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бардык адамдарга бирдей, адилеттүү мамиле кылам деген оюӊуз жаӊылыштык экени ушул аптада билинет. Өзүмчүлдүк сапатыӊыздан улам кесиптештериӊиздин сын көз карашына тушугасыз. Аптанын ортосунда туугандарыӊыздын биринин тоюна катышып, көптөн бери кабарлашпай кеткен жакындарыӊыз менен кезигип, чогуу чер жазасыз. Дем алыш күндөрүн үй-чарба иштерине арнасаӊыз, жакшы жыйынтыкка жетишесиз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Иште өзүӊүздүн активдүүлүгүӊүздү, талантыӊызды, туруктуулугуӊузду далилдөөчү апта болмокчу. Эмгегиӊиздин акыбети кайтып, чөнтөгүӊүз жетишерлик өлчөмдө калыӊдайт. Энергияӊыз ашып-ташып турган учурда талыкпай иштеп калыӊыз, жыйынтыгында өкүнбөйсүз. Шаршембиде алыстан кабар алышыӊыз мүмкүн. Апта аягында бойдокторду жаӊы таанышуулар жана романтикалуу кеч күтмөкчү.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Түгөйүӊүз менен мамилени жаӊы баскычка көтөрүүнү кааласаӊыз, бул апта эӊ ылайыктуу болмокчу. Жумушуӊуз туруктуу болуп, карьералык өсүш күтүлбөйт. «Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт» демекчи, туугандарыӊыздан жардам күтүп, шаабай суутарлык жооп укканда чөгүп калбаӊыз. Маселе оӊ жагына чечилет. Апта аягын баарына көз жумуп, достор менен эс алууга арнаӊыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта сиз үчүн ак-кара болуп экиге бөлүнмөкчү. Биринчи жарымында дос-курбу, кесиптештерге жардам берип, алардын көӊүлүн алууга аракет кыласыз. Ал эми аптанын экинчи бөлүгүндө «эмнеге кечке эле мен жасашым керек?» деген ойго кептелип, ызы-чуу чыгарышыӊыз ыктымал, сабырдуу болуӊуз. Антпесе душмандарыӊыздын чырагына май тамып, жумушуӊуздан кол жууп калуу коркунучу бар.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аягына чейин түшүнбөй туруп чечим кабыл алууга ашыкпаӊыз. Башкаларга кеӊеш берүүдө да абайлаӊыз, үй-бүлө очогунун бузулушуна себепкер болуп калышыӊыз ыктымал. Маанилүү келишимдерге кол коюуну кийинки аптага жылдырып, ага чейин ишти майда-чүйдөсүнө чейин кылдат карап чыгыӊыз. Жекшемби күнү үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу дүкөн кыдырып, алардын керектүүсүн алып берип кубантасыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада эч кимге ишенбей, өзүӊүз акыл калчап чечим чыгарчу кырдаал жаралат. Эгер бардыгын туура чечсеӊиз, келечекте пайдасы тийчү өнөктөш таба аласыз. Апта ортосу билимиӊизди текшерип, ошого жараша баага татыйсыз. Өзүӊүздү унутта калтырбай, ден соолугуӊузга кылдат мамиле кылып, витаминдүү азыктар менен тамактаныӊыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)

Бул аптада сизди түрдүү эмоциялар курчайт. Мамиледе туруктуулукту самап, түгөйүӊүздөн бул жаатта көп нерсени талап кыласыз. Алманын асмандан түшүшүн күтүп жата бербей, өзүӊүз аракет кылып, маселени кабыргасынан койсоӊуз жемишин берет. Жумушта да жаӊы идеяларыӊыз жетекчилик тараптан бааланып, келечекте стимул болчу мактоого арзыйсыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бүтпөй калган иштерди бүтүрүү, каржы жаатын жакшыртуу сыяктуу маселелер менен жүрүп, убакыттын кандай өтүп жатканын сезбей каласыз. Шаршембиде сүйүктүүӊүз сизди жумуш сазынан сууруп чыгып, маанайыӊызды көтөрүп гана тим болбостон, сиз көптөн күткөн сунушту киргизиши мүмкүн. Бүтпөгөн жумуш жок, андыктан ишемби, жекшемби күндөрүн жакын адамдарыӊыз менен чогуу өткөрүп, жагымдуу эс алууга арнаӊыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кырс мүнөзүӊүздүн айынан катуу айтып, жакын адамыӊызды таарынтып алышыӊыз мүмкүн. Кечирим сурап барбасаӊыз, ал адамдан кол жууп каласыз. Бойдоктордо өзүн жалгыз сезип, депрессияга түшүп кетүү коркунучу бар. Андыктан аптада жалгыз калбай, айылдагы туугандардыкына барып, мал-жанга аралашып алаксып келсеӊиз, өзүӊүзгө эле жакшы. Китеп окуп, дүйнө таанымыӊызды кеӊейтиӊиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жеке жашоодо сизди өзгөрүүлөр күтмөкчү. Жылдыздар сизди кесиптештер менен болобу же сүйүктүүӊүз менен болобу, мамилелерди териштирүүдө токтоолукка чакырат. Антпесе эки тарап теӊ компромисске барбай жатып ортодо жарака кетиши мүмкүн. Аптанын ортосу маселелерди чечүүгө ылайыктуу учур. Дем алыш күндөрүн чарбагыӊызга жашылча-жемиш эгип, айлананы тазалоого арнаӊыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жумуштагы туруктуулук, үй-бүлөдөгү тынчтык сизди бул аптада тажатып, жаӊыланууну эӊсеп чыга келесиз. Абайлаӊыз, колдо турган ийгилик кушун учуруп жиберип, бармак тиштеп өкүнүп калбаӊыз. Апта ортосунда өзүӊүздү начар сезип, төшөк тартып калууӊуз ыктымал. Оорунун алдын алып, спорт менен машыгыӊыз, таза абада көп жүрүӊүз. Жекшембиде араздашып жүргөн кошунаӊыз менен тил табышуу күтүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 652, 1-май-7-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан