СОТТУК-МЕДИЦИНАЛЫК, СОТТУК-ПСИХИКАЛЫК ЭКСПЕРТИЗАГА ЭЛ ЭМНЕГЕ ИШЕНБЕЙТ?

Сот отурумунда соттук-медициналык, психикалык экспертизалардын жыйынтыгы чоӊ роль ойнойт. Бир эле кагаз кай бир бейкүнөө адамдардын тагдырын талкалап, кээ бир кылмышкерлерди актап коюшу мүмкүн. Калк арасында экспертиза корутундусун чыгарган кызматкерлерге акча берсе, жыйынтыктарды өзгөртүп беришери көп айтылат. Чын эле жыйынтыктар бурмаланышы мүмкүнбү деген суроого жооп издеп көрдүк.

ИШЕНИМДИ СУУТКАН ФАКТЫЛАР

  • 2012-жылы 10-июнь күнү Ош шаарындагы медреселердин биринин мугалими Нурсейит Калыбай уулу 9 жаштагы окуучусун зордуктап салгандыгы үчүн анын үстүнөн кылмыш иши козголгон. Бирок Ош шаардык психикалык ден соолук борборунун, кийинчерээк Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукананын дарыгерлери ага акыл-эси жайында эмес деген корутунду чыгарып беришет. Жабырлануучунун туугандары жана жактоочусу муну жазадан качуунун жолу катары баалашып, акыйкат издей башташат. 2014-жылдын октябрь айында Ош облустук соту акыл-эси жайында эмес деген корутундуну эске алып, кылмышка шектүүнү Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканада мажбурлап дарыланууга өкүм чыгарган. 2015-жылы февраль айында Чым-Коргондогу психиатриялык оорукананын дарыгерлери Нурсейит Калыбай уулуна карата акыл-эси жайында деген корутунду чыгарып, ал кайрадан Ош шаарындагы №25-СИЗОго киргизилди жана сот отуруму жакын арада болору күтүлүүдө.
  • Ошондой эле гезитибиздин өткөн сандарынын биринде өзүн борбор калаадагы «Жибек Жолу» кафесинин официантымын деп тааныштырган Эля аттуу кыз ырчы Лира Раимбекова курбусу экөө кафеде отурган акчасын төлөөдөн баш тартып, аны сабап салганын билдирген эле. Ал соттук-медициналык экспертизадан текшерүүдөн өтүү үчүн барганда, ал жерде иштеген кызматкерлер «эгер бир аз акча берсеӊ, жарааттарыӊды көбөйтүп жазып беребиз» дешкенин айткан.
  • Мындан тышкары ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Улан Алиев 2014-жылдын 17-февралында Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукананы текшерүүгө алышканда, анда соттун чечими менен жаткан 48 оорулуу бар болсо, алардын 10у психикалык жактан оорулуу эмес экендиги билингенин айткан. «Оорулуулар» өздөрү «акча берип ушул жакка келгенбиз» деп түшүндүрүшкөнүн, бул боюнча учурда Таш-Көмүр шаардык прокуратурасы иш алып барып жаткандыгы ошол учурда айтылган. Бирок бул иш жабылуу аяк боюнча кала берди. Ага улай эле ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев аталган ооруканада жаткандардын жарымы баӊгизатын сатуучулар жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экендигин маалымдаган.

«ЖАЛГАН КОРУТУНДУ ЧЫГАРГАНЫ ҮЧҮН ЭКСПЕРТ ӨЗ КЕРТ БАШЫ МЕНЕН ЖООП БЕРЕТ»
Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун өлүктөр менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Эрмек Максүтов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Биз «Кыргыз Республикасында соттук-медициналык экспертизаны өткөрүү эрежелери» деген китептеги эрежелер менен иш алып барабыз. Мындайча айтканда, ал китеп биздин мыйзам. Ал боюнча экспертизанын жыйынтыгы 1 айдын ичинде чыгышы керек. Мисалы, бир адамдын сөөгүн союп, текшерип болгон соӊ соттук-медициналык эксперт жыйынтык кагазга кол коёт. Эгер ал туура эмес жыйынтык чыгарып же бурмалап койгон болсо, өз керт башы менен жооп берет. Ар бир жыйынтык кагазы 25 жыл сакталат. Эгер ал туура эмес жыйынтык чыгарса, анын үстүнөн кылмыш иши козголот.
Кээде «ооруканадан каза болуп калды, дарыгерлер күнөөлүү» деп туугандары нааразы болушат. Андай оор жагдайларда текшерүү иштери 2 же 3 айга чейин созулуп кетиши мүмкүн. Себеби ар бир дарыгер кылдаттык менен текшериши керек, улам жаӊы себептер чыгат. Мисалы, гистологиясын, химиясын же башка жактарын дагы бир сыйра карашы керек болуп калат. 2-3 врач болуп, бирөөсү микроскоптон башкача көрсө, экинчиси башкача көрөт. Анан чогуу отуруп бир жыйынтыкка келип, корутундуну тергөөчүгө өткөрүп беришет. Жабырлануучу же анын туугандары «бул корутундуга макул эмесмин» десе, анда комиссия менен иш кайрадан каралат. Комиссияда ар бир бөлүмдөн 3төн кем эмес эксперт болот.
Кээде дарыгерлер да аралашчу экспертиза болуп калат. Мен көздүн же жүрөктүн дарыгери эмесмин. Бирок жалпы жонунан билем. Мисалы, бир адам Улуттук госпиталдан өлүп кала турган болсо, Саламаттыкты сактоо министрлигине «Бизге бир хирург керек» деп кат жазам. Ал жактан бизге Улуттук госпиталдан башка жакта иштеген хирургду кошуп беришет.

«БИР ӨЛҮКТҮ 180 СОМГО СОЁБУЗ»
– Өлкөбүздө 100гө жетпеген соттук-медициналык эксперт бар. Ар бир райондо бирден гана соттук-медициналык экспертиза бөлүмдөрү иш алып барат. Алсак, Өзгөн районунда 100 миӊге чукул жашоочуга 1 эле соттук-медициналык эксперт кызмат көрсөтөт.
Биздин бөлүмдө 35тей киши иштейт. Анын 15и соттук-медициналык эксперт, калгандары жардамчылар. Алган айлыктары орто эсеп менен 7 миӊ сом. Мындан тышкары кээ бир студенттер түнкүсүн кошумча жумуш катары санитар болуп, 2-3 күндө бир жолу келип кезек менен иштешет. Алардын айлыгы болгону 1000-1200 сом. Себеби түн ортосунда бирөө өлүп, аны бизге алып келсе, бирөө кабыл алышы керек да. Мен бөлүм башчы катары жана 1 жарым ставкада иштегеним үчүн
11 800 сом маяна алам. Буга зыяндуулуктар үчүн деп кошулган акча да кирет.
Бир өлүктү союш үчүн өлгөн адамдардын туугандары өкмөткө 180 сом төлөйт. Андан түшкөн акча бизге кагазга жана башка керектүү нерселерибизге бөлүнөт. Бул айлык акыга патриоттор гана иштеп жүрүшөт. Кээде мен Казакстанга тажрыйба алмашуу үчүн барып, ал жактагы кесиптештердин айлыктарын угуп таӊ калгам. Ал жакта өлүкканада сызда иштегениӊ үчүн, компьютерге отурганыӊ үчүн, өлүктөрдөн чыккан уунун зыяндуулугу үчүн, психикаӊа тийгизген терс таасири үчүн деп отуруп алган акчалары асмандын башына чыгып кетет экен. А бизде «зыяндуулук үчүн» деп жумасына 4 литр сүт берет. Себеби өлүк уу бөлүп чыгаргандыктан сүт ичишибиз керек. Мындан тышкары жабдыктарыбыз да эски.
Соттук-медициналык эксперттер коррупцияга жол берип, туура эмес жыйынтык чыгарып койгон фактылар Ошто болгонун уккам. Бирок «кыӊыр иш кырк жылда билинет» деп коёт. Баягы Ош окуясында «үй берилет экен» десе, кээ бир кишилер «жаракаттарымды көбөйтүп кой» деп суранышса керек да. Бизге деле кээ бир кишилер келип «бир-эки жаракат кошуп койчу» деп айтышат. Бирок эксперт аны жасабайт. Анткени ал эртеӊ билинип калып уят болбоюн, прокуратура үстүмөн кылмыш иш козгобосун деп коркот.

«БИЗДИН КЫЗМАТКЕРЛЕР КОРРУПЦИЯГА АРАЛАШКАН ФАКТ ЖОК»
Андан соӊ Республикалык психикалык ден соолук борборунун жетекчиси Ураимжан Исмаиловго кайрылдык:
– Соттук-психиатриялык экспертизанын аныктамасы амбулатордук жагдайда 10 күн ичинде, ал эми стационардык жагдайда 1 ай ичинде чыгат. Соттук-психиатриялык экспертизанын аныктамасына бир эксперттин деле колу жетиштүү болот. Эгер талаш болсо, комиссия түзүлүп, 3төн кем эмес дарыгер эксперттер кол койсо толук кандуу болуп эсептелинет. Соттук-психиатриялык экспертиза укук коргоо органдарынын токтому же соттун чечими менен гана жүргүзүлөт.
Биздин Республикалык психикалык ден соолук борборунда медициналык кызматкерлердин коррупция менен шектелип кармалган фактылары болгон эмес жана коррупциянын алдын алуу боюнча ар түрдүү иш-чаралар дайыма жүргүзүлүп турат. Бир эле адамга эки башка жыйынтык чыгарылган учурлар кээде болуп калат. Себеби ар бир эксперт эч кимге көз карандысыз, ошондой эле өз алдынча жыйынтык чыгарууга акысы бар жана ал жоопкерчиликти өз моюнуна алат. Биздин кызматкерлер орточо 7500-10 000 сомдун тегерегинде айлык алышат.
Экспертизанын жыйынтыктары бурмаланбашы үчүн кызматкерлердин айлык акыларын жогорулатуу керектиги чын. Бирок канга сиӊген тууганчыл, таанышчыл сапатыбыз да экспертизанын жыйынтыгында «өрдөктөрдүн» учушуна себеп болуп калышы мүмкүн.

Юристтин кеӊеши
«ЖАРАНДАР ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫНА ИШЕНБЕСЕ, СОТКО КАЙРЫЛЫШСА БОЛОТ»
Эгерде жарандар соттук-медициналык жана соттук-психикалык экспертизанын жыйынтыгына канааттанбаса кимге кайрылышы керек жана эмне кылышы шарт? Бул тууралуу «Мен жана мыйзам» юридикалык компаниясынын жетекчиси, юрист Болот Баетов жооп берет:
– Жазык процесстик кодексинин талаптарына ылайык, эгерде тараптардын бир жагы эксперттин корутундусуна ишенбесе, тергөөчүнүн токтомунун негизинде сотко өтүнүч менен кайрылып, башка экспертке экспертиза жүргүзүү тапшырылат.
Ошондой эле эгерде жабырлануучу же айыпкер эксперттин корутундусу менен таанышууга, өздөрү көрсөткөн адамдарды, соттук-эксперттик айкын уюмдардын адистерин эксперт катарында ишке тартуу жөнүндө өтүнүүгө, алар боюнча эксперттин корутундусун алуу үчүн кошумча маселелерди берүүгө, экспертиза жүргүзүүгө катышууга, экспертке түшүндүрмөлөрдү берүүгө, ага суроолор менен кайрылууга укуктуу болуп эсептелет.
Соттук-медициналык экспертизаны билип туруп, жалган корутунду чыгарса, экспертке кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (атайылап жалган түшүндүрмө берүү, эксперттин жалган корутунду чыгаруусу же туура эмес которуу) боюнча кылмыш иши козголот.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Соттук-медициналык, соттук-психикалык экспертизанын жыйынтыгы акчага сатылабы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Pantherka
2015-05-07 10:44:23
Олуктор менен иштеген оной иш эмес. Соо адамдарды олтуруп коюп атышат акча бербесе анан олукторду не кылып атышат ким билет? Бизде акча роль ойногону кичине балага да маалым окшойт.Акчан болсо соо да кылышыт, жинди да кылышыат.
0
№ 652, 1-май-7-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан