ГОНКОНГ - ЧЫГЫШ БЕРМЕТИ

Гонконг аймагын мындан бир жарым кылым мурун Улуу Британиянын тышкы иштер министри (лорд Палмерстон) «эч ким жашай алгыс жер» деп белгилесе, Виктория ханыша «эч кимге кереги жок аскалар» деп жар салган. Бүгүнкү күнү өзгөчө тарыхы бар бул аралдар дүркүрөгөн өнүгүүсү менен мактана алат. «Чыгыш менен Батышты жолуктурган» Гонконг дүйнөдөгү суктандырган шаарлардын сап башында.

Гонконг – Кытайдын атайын административдик аймагы
Борбору – Гонконг шаары
Аянты – 1104 чарчы чакырым
Калкынын саны – 7,1 миллион (2013-жылга карата) 95 пайызын кытайлар, калганын ар башка улуттар түзөт
Тили – кытай жана англис

ЧЫРДЫН БАШЫ – АПИЙИМ
Гонконг географиялык жайгашуусуна байланыштуу өз башынан татаал күндөрдү кечирген. Бул аймак Түштүк Кытай деӊизинин түштүк-чыгыш жээгинде орун алып, Кытай менен чектешет. Эзелки убактан бери чыгыш менен батышты байланыштырган ыӊгайлуу жерге XVI кылымдан тарта европалык көпөстөр келе баштаган.
Индияда өндүрүлгөн апийимди биринчи болуп Улуу Британия Гонконгго 1773-жылы ташып келет. Гонконг баӊгизат ташыган жолго айланган. Жергиликтүү калктын апийимге берилишине каршы туруу үчүн кытай бийлиги Лондонго каршы турат. 1840-жылы башталган апийим согушунда алда качан өнүккөн британдыктар бул аралдарды бат эле багынтып, Гонконгду жанындагы 262 аралдары менен кошо 99 жыл ээликке Кытайдан ижарага алат.
Улуу Британия Гонконгду басып албаганда, бул аралдардын бүгүнкүдөй деӊгээлге жетиши күмөн жаратат. Себеби бул аймактын кийинки өнүгүшү англиялыктар менен тыгыз байланышта. Ошол кезде Улуу Британия дайындаган губернатор демократиялык саясат жүргүзүп, жашоо деӊгээлин кыйла жакшырткан. Аз убакыттын ичинде Азиядагы эӊ чоӊ портко айланып, XIX кылымда эле Гонконг эӊ өнүккөн Британ колониясы аталат. Биринчи дүйнөлүк согуш убагында Гонконгдо улуттук кытай бизнеси түптөлөт. Камсыздоочу компаниялар, кеме салуучу ишканалар, банктар жана башка финансылык компаниялар ачыла баштайт.

СОГУШ АРАЛЫГЫНДА
Экинчи дүйнөлүк согуш бул аралдар үчүн өз залакасын тийгизбей койбойт. Анткени коӊшу өлкө Япония бул согушта «негизги каармандын» бири эле. Жыйынтыгында 1941-жылы Гонконг Японияга багынат. Япониянын кысым көрсөтүүсүнөн улам экономика бир кыйла артка кетип, ачкачылык башталат.
Япондордун согушта жеӊилиши менен Гонконг кайрадан талашка түшөт. Кытайдагы жарандык согуштун башталышы менен Британия кайрадан Гонконгду 50 жыл карамагына алат. Бул аралдагы жашоо калыпка келип, кытай эли көп санда отурукташа баштайт. Себеби саламаттыкты сактоо, окуу, дегеле элдин жашоо шарты Улуу Британияныкындай жүрүп, Кытайдан салыштырмалуу бир топ алдыга кеткен эле. Кытайда социализм жүрсө, бул жакта капиталисттик режим өкүм сүргөн.

ӨНҮГҮҮ ЖОЛУ
XX кылымдын ортосунда Гонконгдун бир калыпта өнүгүүсүнүн себеби: согуштун бүтүшү менен арзан жумушчулардын келиши, батыш капиталдарынын инвестициялары жана Кореядагы согуштун айынан Кытайдын сырткы дүйнө менен байланышынын үзүлүшү. Мунун баары Гонконгдун өнүгүшүнө өбөлгө түзүп берет. Арзан жумушчулар, демек, өндүрүмдүн өздүк наркы да арзан болуп, жогорку атаандаштыкты түзө алган.
Мындан сырткары ал кездеги Кытайдын башчысы Мао Цзэдундун акылмандыгы менен Британия менен жакшы мамиледе болушу өзүнчө сөзгө татыйт. Ал дүркүрөп өнүгүп келе жаткан Гонконгго көз артса да, бир күнү бул аймак тынчтык жолу менен Кытайга өтөрүнө көзү жетип турган. Өз кезегинде Англия да токтоо саясат жүргүзгөн. 1980-жылдары Гонконгдун экономикалык өсүшү Англияны басып өтөт. Гонконг дүйнө жүзүнө эл аралык финансылык жана тейлөө көрсөтүү борбору катары тааныла баштайт.

ЖАӉЫ МЕЗГИЛ
Улуу Британиянын Гонконгго болгон 99 жылдык ижара мезгили бүтө баштагандан тарта ал кездеги Британия премьер-министри Маргарет Тэтчер менен Кытай лидери Дэн Сяопиндин ортосунда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «бир мамлекет – эки систем» (Кытай жана Англия системдеринин айкалышуусу) концепциясы менен Гонконгдун автономия катары 1997-жылы 1-июлда Кытайдын карамагына өтүүсү тууралуу жарыяланат. Эми 2047-жылга чейин Гонконг автономия катары саналып, аны менен бирге бардык мыйзам жана аткаруу системдери, сот, полиция жана акча системи мурдагы бойдон калат. Бир гана сырткы саясат жана коргоо маселелери Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеӊешинде каралат.
Чындыгында, Кытайга кошулуу жолу оор болгон. Себеби Кытайга өтүү менен Гонконгдогу демократиялык саясат бузулат деген коркунуч туулган. Бул убакта 100 миӊден ашуун либерал гонконгдуктар чет жактарга көчүшсө, калгандары британ паспортун ала башташкан. Мындагы кезек чакырымдап созулган. Бирок ал кездеги губернатор Крис Паттен жигердүү саясий реформа жасап, Гонконг элине ишенимди алып келет. Учурда Гонконгду 2012-жылы дайындалган Лян Чжэньин башкарып келет.

«ЭКСПОРТ БЕЙИШИ»
Азиядагы 4 ажыдаардын бири болгон Гонконг бизнес кылуу үчүн эӊ ыӊгайлуу жер. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, ички дүӊ өндүрүм киши башына
38 127 АКШ долларын (бул көрсөткүч менен Кытайдын эӊ бай шаары эсептелинет) түзөт. Гонконг экономикасы эл аралык соода-сатыктан көз каранды. Жаратылыш ресурстары дээрлик жок болгондуктан керектүү азык-түлүк, сырьёлор, таза суу сырттан алынып келинет. Анын аймагында 50 миӊден ашуун завод-фабрикалар, 250дөй банктар жайгашкан. Гонконг ири порт катары «экспорт бейиши» (текстиль, кийим-кече, электрондук шаймандар, оюнчуктар жана башкалар экспорттолот) наамын алып келет. 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча инвестициялардын өлчөмү 111 миллиард АКШ долларын түзгөн.
Бир кездери жараксыз деп табылган жердин ири финансылык жана сервис борборуна айланышы капитализмдин жетишкендиги десек болчудай.

ГОНКОНГдо...

  • Жашоочулар «жыттуу жайда жашайбыз» (тарыхка кайрылсак, аралга келген эӊ алгачкы көпөстөр экзотикалык жыттуу чөп-чарларды алып-сатышчу) деп белгилешет. «Hong Kong» сөзүн кытай тилинен (кантон диалекти)которгондо «жыпар жыттуу жай, жер» (гавань) дегенди билдирет.
  • Жашоо узактыгы боюнча дүйнөдө биринчи орунда. Эркектер орто эсеп менен 79 жаш, ал эми аялдардыкы 84 жашты түзөт.
  • Асман тиреген имараттардын жалпы саны 8 миӊден ашат.
  • Британиянын издери дагы деле бар. Эки кабаттуу автобустар жана эӊ көп Rolls-Royce унаа ээлери дал ушул шаарда.
  • Кытай акчасы юань кээ бир жерлеринде гана кабыл алынат. Ал эми Гонконг акчасы – гонконг доллары Кытай жергесинде жараксыз.
  • 2014-жылы «зонтиктер революциясы» болуп өткөн. Борбордук өкмөттүн Гонконгдогу шайлоо системинин өзгөртүүсүнө нааразы болгон жергиликтүү эл бийликке каршы чыгышкан.
  • Жеки Чандан тышкары белгилүү Голливуд жылдыздары Брюс Ли, Чоу Юньфат дал ушул жерде жарыкка келишкен.
1997-жыл, 1-июль. Улуу Британия Гонконгду Кытайга өткөрүп берүүдө.

Гонконг. Азиянын ири портунун 1872-жылдагы көрүнүшү.

Атактуу актёр Жеки Чан ушул аймакта туулуп-өскөн. Аны "Гонконгдун сүйүктүү баласы" деп аташат.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
airwater
2015-05-04 11:58:11
Пайдалуу макала экен.
+1
bazarkyl
2015-05-04 12:22:51
Ушул жонундо классташым менен мелдешкем, жакшы болду, козун чукуп окутайын. Гонконгдун саясаты башка дегем ага.
+3
crishti_7
2015-05-04 18:43:48
Супер инфо, азиядагы 4 ажыдаардын бири болсо, калган 3 ажыдаар кайсыл жерлер?
+1
hairullo
2015-05-04 23:30:34
crishti_7, Туштук Корея, Сингапур, Тайвань, Гонгконг.
+1
Jonaruk
2015-05-04 22:44:22
гонгонк шаар боюунча кыргызстандан бир кыз барган ошол шаарга окуганы мага ошол айтып берген бул жакта окуу жайлар аябай кымбат экен деп эн арзаны эле 6000 доллар деп акчасы башкача доллар деген болчу жадагалса паспорттору да башка экен деп озунчо малекет экен кыскасы
+1
Aiday0514
2015-05-05 18:17:02
керектүү маалымат экен.
0
ilim07
2015-05-06 22:02:47
Убагында жакшы пайдаланып калышкан экен кыргыздын чондору болгондо бары бир жеп койушмак
+2
myshka406
2015-05-12 17:45:37
ilim07,:-))))
0
meili
2015-05-07 02:46:26
Гонконго даже кытайлардын озу виза ачып кирет экен, шаарга кирген адамдарды 600$дан жогору акчасы болсо киргизет экен.
0
Kamil_
2015-05-09 03:06:39
Жок болуп кетуусуно бир карыш калган олколор учурда дуйнонун алдынкы саптарында. Алсак, Туштук Корея убагында эли абдан жакыр, экономикасы чабал болуп турган кезде азыркы президенттин атасы Пак Чон Хи аттуу президент 3 жолку моонотто эл башкарып азыркы абалды туптоп берип кеткен экен. Кайран Пак киши колдуу болуп олот. Кийинки президенттердин арасында моонутунон кийин корупцияга шектелип турмого олтуруп же, аскадан боюн таштап жибергендери дагы бар. Коррупция онуккон жерде, онугуу болбойт.
+2
misster88
2015-05-10 17:50:33
Ооо керектуу малымат экен рахмат супер инфо силерге.
0
№ 652, 1-май-7-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан