Самара Каримова: «ЖӨНӨКӨЙ ҮЙДӨ ЖОМОКТОГУДАЙ ЖАШАЙБЫЗ»

Эки жылдын ичинде калыӊ элдин катмарына таанылып, «2014-жылдын супер дебюту» наамын жеӊип алган ырчы Самара Каримованын үйүндө конокто болуп кайттык. Ордолуу Ош берекелүү, меймандос шаар эмеспи. Муну тастыктаган ырчы жолдошу Асан экөө бизди «төргө өткүлө» деп Оштогу үйүндө тосуп алышты.

САМАРА ҮЙҮ ТУУРАЛУУ...

Жер тилкебиздин жалпы аянты 6 сотых.
2013-жылы сатып алганбыз.
Чыгыш стилинде жасалгаланган.
Үйүбүз 7 бөлмөдөн турат.
Бат-баттан аластап турам.
Жолдошум экөөбүздүн жумушубуз көп болгондуктан кээде үйгө уктоо үчүн эле келебиз.
Үйгө ашыкча, керексиз буюмдарды сактабай, дароо тааныштарга бергенге шашам.
Кошуналарым менен жакшы мамиледемин, кирип-чыгып чай ичишип турабыз.
Келечекте бардык шарты бар хан сарай салууну кыялданам.

Чай маек
– Самара, ушул үйгө келин болуп келдиӊ беле? Силерди белгилүү ырчынын үйүн сатып алган деп уктум эле?
– Мен Асанга турмушка чыкканда жолдошум көп кабаттуу үйдө турчу. Бул үйдү экөөбүз үйлөнгөндөн кийин сатып алдык. Кимден экени сыр болсун, өзүбүзгө жаккан, сыйлаган адамдан алганбыз. Үйгө көчүп киргени көп деле ремонт кылган жокпуз. Анткени мурунку үй ээсинин жакшы жактары жуксун деп ырымдап жатабыз.
– Эл силерди өтө бай, жомоктогудай үйдө жашайт деп ойлошот...
– Тескерисинче, биз эл катары жөнөкөй үйдө жомоктогудай жашайбыз десем болот. Себеби хан сарайда жашап, бирок ынтымагы жок ырылдашып жашаган үй-бүлөлөр бар. Ага караганда ынтымактуу, бактылуубуз, балдардын күлкүсүнө бөлөнүп, ушул үйдө көп ийгиликтерди жаратып жатабыз.
– Жакшы экен, үй кызматчыӊ барбы, анткени 3 бала менен чыгармачылыкка жетишүү оӊой эмес го?
– Үй кызматчым деле жок, ишенген апам, эже-сиӊдилерим бар. Алардан сырткары эшиктин алдын шыпырып жатып, батир издеп жүргөн студент кызга жолугуп калгам. Азыр ал кыз биздикинде жатып окуйт, ырдаганга тарбиялап жатам. Аны менен катар үй иштерине да каралашат.
– Сен жөнүндө айтылган айыӊ кептерди кандай кабыл аласыӊ?
– Көрө албагандар көӊүлдү оорутуп, оозду ачыра турган ушактарды чыгарышат. Жадакалса жолдошумду жаш кыз менен жүрдүрүп, мага ар түрдүү СМСтерди жазышат. Экөөбүздүн турмушубузду бузууну каалагандар көп экен. Бирок Асакем экөөбүздүн сүйүүбүздүн алдында андай сөздөр суу кечпей калат.

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ырчы Самара Каримова ак өргөөсү менен тааныштырды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (99)
mira28
2015-05-08 21:48:59
Самарны бир конкурска катышып ырдап атканында коргом.ошол жерде башка бироолор ырдаса оозун чуйруп тенине албай отурганын байкап тан калгам.озун аябай жакшы ырдайм деп ойлойт окшойт чындап келсе той топурда ырдап жургон эле ырчылардын бири аша чапкан уну деле жок.соз кылып аткан бай чалга тийбегенде мынтип гезит бетине чыгып теле радиодон тушпой элге таанымал ырчы болуп 19 кун концерт бере алмак эмессин.акылдуу экенсин азамат!бай чалындын доорунда жыргап куунап жашай бер омур бир келет
0
sasa84
2015-05-09 13:00:59
Азаматсын!Жаш болсон да коптогон ийгиликтерге жетишипсин.Мындан ары да ушундайындан жазба!Ушактарга кулак салба!Талантын ташкындай берсин!Алга!
0
gitaris93
2015-05-09 16:42:13
М.м жакшы ийгилик Самара Каримова Бишкектеда 20күн концерт берсең заңгыраган хан сарайда жашап каласыңар.
+2
Patriot...kg
2015-05-09 17:03:17
Үйү хан сарай эле болуп турбайбы. Мындай үй эмес квартира таппай жүргөндөр толтура
0
HAPPY.GIRL
2015-05-09 20:19:23
Кырктагы эркек кыз алат,кырктагы кызды ким алат,деген кыргызда макал бар)))Каримова калп айтпасам эл артистка наамын алса керек.Акчанын заманы деген ушул)))
0
zinaniz
2015-05-10 00:57:12
HAPPY.GIRL,иий бетим,алды беле андай наамды
0
men_da_kattaldym_xexe
2015-05-24 12:56:37
HAPPY.GIRL,ала элек
0
balaary
2015-05-10 06:42:42
Асан деген куйоосубу ??/ че то знакое лицо он тоже знаменитый человек да?
0
aiperishka87
2015-05-10 08:00:47
Самара айым бактылуу болун.мен бул ырчыны 19кун концерт бере электе ырларында озунда билбейт элем эми оозум ачылып угуп коруп атам кызыгып
0
peki
2015-05-10 17:16:39
Бул Самара айымга биз эмне деп сын пикир айтсак да баары бир кайра кайра мына силерге деп атайылап жасайт баардык аракеттерин. Бирок ошол эле мезгилде эл журтка жаман корунуп калганы мн иши жок.
0
AKILBIRS15
2015-05-11 13:52:31
Асан менен Самаранын жалганын айтып койойун. 1чи калпы менин уйум деген уй дагы эле И.Жунусовдун уйу,булар 1000доллардан аренда толойт.2чиден Асан акени И,Жунусов директор кылып ишке койгон. 3-дон Смараны да ырчы кылып чыгырган,которгон ушул И.жунусов болот. Эми уялбай ошол адамдын уйун меники деп кантип айтып жатышат,
0
men_da_kattaldym_xexe
2015-05-24 12:58:26
AKILBIRS15, тим эле уйунун документин коруп койгонсуй бересинерби? белгилуу адамдан сатып алдык деп турат
0
aiperishka87
2015-05-13 11:37:26
Ииий анна сагаа эми дагы кызыга турган болдум хаха хаа
0
zolushka77
2015-05-15 01:49:58
1000 $ калп болуш керек аренда деген.60000 табам деп концерт койуп атыптыр да байкуш .Тез кочуп кет карызга малынып калба.Айтам эмнеге концерт койот десе квартплат толоп круп аткан турбайсынбы
0
zuura15
2015-05-20 10:59:22
Супер инфо Кенже Дуйшееванын да уйуно коноко барыныздарчы?
0
KGPRESIDENT
2015-05-20 16:02:47
Саламатсыздарбы Супер инфо, Б.Бадыеванын уйуно конокко барыныздарчы, сураныч.
0
admin_media
2015-05-20 17:46:07
KGPRESIDENT, zuura15, саламатсыздарбы! Сунушуңуздарга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирип коебуз.
0
momuntay
2015-05-24 14:35:44
Бир нерсеге тан калдым. Уктоочу керебетке покрывал жабабыз го. Же Самара жаппайт экенби? Же атайын покрывалсыз тарттырганбы. Айтор танмын.
0
admin_superstan
2015-05-25 11:13:31
men_da_kattaldym_xexe, ар бир колдонуучу өз оюн эрежелерден чыкпай жазууга укуктуу!
0
№ 652, 1-май-7-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан