«ЭРИНИНДЕ КАЛЫ БАР АСИЯНЫ ИЗДЕЙМ»
– 2008-2009-жылдары Астана шаарында батирде чогуу жашаган Асия деген кызды издейм. Ал 1994-жылы 30-январда Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Үстүнкү эрининде калы бар болчу.
Мамбекова Айсулуу,
тел.: 0558 88 99 10
«АПАМДЫ ТАПСАМ ДЕЙМ»
– Мен Арзыкан Жумалиева деген аялды издейм. Ал менин апам экен. Мындан 42 жыл мурун мени төрөгөн соӊ Абылгазы Бекматовго таштап кетиптир. Эмне үчүн таштап кеткенин билбейм. 2 жашка чыкканымда ал мени издеп келсе, баккан апам өлүп калган деп коюптур. Баккан апам мындан 3 жыл мурун каза болгон. Ал өлөр алдында мага «сени төрөгөн апаӊды тап» деп керээз калтырды эле. Угушумча, төрөгөн апам мурунку премьер-министр Кубанычбек Жумалиевдин бир тууган карындашы болот жана менден улуу агам да бар экен.
Анара Бекматова,
тел.: 0771 40 83 55
«АПА, КАЙДАСЫЗ?»
– Мен 1996-жылы 17-майда Бишкектеги 2-төрөт үйүндө төрөлүптүрмүн. Апам таштап кеткенден кийин мени шаардагы балдар үйүнө тапшырышыптыр. Ал жерден окууну аяктап, учурда борбордогу лицейлердин биринде билим алып жатам. Апам ким, ал кандай аял экени туурасында такыр маалыматым жок. Мен айткан датада кайсы аял 2-төрөтканага төрөп таштап кеткен болсо, аны кызы издеп жатканын билип байланышар деп сиздерге кайрылдым.
Гүлира,
тел.: 0707 33 60 71
«АТА-ЭНЕМДИ ИЗДЕЙМ»
– Качандыр бир кезде таштап кеткен ата-энемди издейм. Атым Арзыбаева Айсулуу Жалаловна, 1989-жылы Ош шаарында төрөлгөм.
Тел.: 0771 54 06 54
«КУРБУМ АЛИНА, БАРСЫӉБЫ?»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезитинин жамааты! Мен 2000-2001-жылдары Токмоктогу Чүй айылында №15-мектепте англис тили сабагынан мугалим болуп иштеп кеткен 1976-жылкы Алина аттуу курбумду издейм. Жолдошунун аты Марс. Айжан аттуу сиӊдиси бар.
Азиза,
тел.: 0707 34 46 84
«ДОСУМДУ КАЗА БОЛДУ ДЕП УКТУМ»
– Мен Москва шаарындамын. Ырыскелди деген досум бар эле, Бишкек шаарында жашачу. Аны 2 жыл мурун каза болду деп уктум. Ата-энеси Аскер байке менен Жыпар эжеге жолугуп, жайына барып гүл коюп, Куран окутсам деген ниетим бар. Аскер байке, Жыпар эже, окуп калсаӊыздар мени менен байланышып коюуӊуздарды суранам.
Элиза,
тел.: +79295843068 lizaaa9292@mail.ru
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28