«УУЛУМДУ ТЕБЕЛЕТИП КЕТКЕН АЙДООЧУ ТАБЫЛБАЙ ЖАТАТ»

Уулун машина сүзүп, тебелеп кетип, анын өлүмүнө себепкер болгон адам табылбай жатканын айтып Анаркүл Тулебекова редакциябызга кайрылды. Айтымында окуянын чоо-жайы мындайча экен.

«ТОВАР ТОЛСО ЭЛЕ ЖОЛГО ЧЫГАМ ДЕГЕН»
-Уулум Айдар 2014-жылдын 16-ноябрында түштөн кийин Таластан Бишкекке жөнөгөн. Балам Мерседес Спринтер кичиавтобусун ижарага алып, соодагерлердин товарын ташып иштечү. Ошол күнү кечинде «шаарга жеттим» деп телефон чалган. 17-ноябрь күнү келиним кечки саат алтыларда телефон чалса, «товар толбой жатат, толсо эле жөнөйм» деген экен. Ошол боюнча телефону өчтү. Туугандардын баарынан сураштырып чыктым. Минтип жоголуп кетчү эмес эле деп сарсанаа болдум. Бир убакта келиним «апа, Айдар бир нерсе уурдап милицияга түшүп калыптыр» деди. Өмүрүндө бирөөнүн буюмуна тийбеген жан кантип эле уурулук кылсын деп шаарга барганга камданып жатсам, күйөө балам телефон чалып, «биз Айдарды алып баратабыз, шаарга келбей эле туруӊуздар» деди. Көрсө, күйөө балам, келинимдин атасы, инилери болуп баламдын сөөгүн өлүкканадан алып келе жатышкан экен. Алар келип «Бишкектин Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишинен машина тебелеп кетиптир» дешти.

«ЖАЛГЫЗ УУЛУМ ЭЛЕ, ӨЗҮНҮН УУЛУ ДА ЖАЛГЫЗ КАЛДЫ»
-Айдар 3 кыздын арасында чоӊойгон жалгыз уулум болчу. 1989-жылы туулган. Мээрим төгүп, адал эмгек менен багып чоӊойтуп, мына эми бизди багат, сый-урматын көрөбүз деп турган учурда үйгө баламдын көкүрөгүнөн жогору жагы жанчылып, мээси чачырап калган жансыз денеси келди. Уулумдун сөөгүн жерге бергенден көп өтпөй анын өлүмүнө эмне себеп болду экен деп шаарга келдим. Аламүдүн РИИБине келсем, ал боюнча кылмыш иши козголуп, Азат Сырдыбаев аттуу тергөөчү карап жатыптыр. Уулум менен бирге жүргөн кыздарды, кишилерди алып келип суракка алышты. «Айдар жигитим болчу» деген Айжамал аттуу кыз ошол күнү баламдын жанында болуптур. Анын колунда уулумдун телефону менен унаанын ачкычы бар экен. Кимге чалган, кандай СМСтер келген баарын өчүрүп, телефонду тазалап туруп карматты колума. Уулумдун артында 2 кыз, 1 уулу жетим калды. Тергөө жакшы жүрбөй, 5 айдан бери эч кандай жыйынтык болбой жатат.

«ЖҮК ТАШУУЧУ МАШИНА СҮЗҮП, ТЕБЕЛЕП КЕТКЕН»
Бул окуяны караган Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү Азат Сырдыбаевге байланышсак, окуя жөнүндө буларга токтолду:
-17-ноябрдан 18ине караган түнү саат 3:30дар чамасында 102 кызматына бир кыз телефон чалып, көчөдө бир адам жатканын билдирген. Нөөмөттө турган кызматкерлер айтылган жерге барып, жолдун четинен машина сүзүп, көкүрөгүнөн жогору жагын тебелеп кеткен кишини көрүшкөн. Жансыз дененин өздүгүн такташ үчүн бизге телефон чалган Айжамал Алмазбек кызы аркылуу маркумдун тааныштарын, туугандарын чакырдык. Жыйынтыгында ал адам 1989-жылы туулган Талас облусунун тургуну Айдар Тулебеков болуп чыкты. Анын өлүмүнө эмне себеп болгондугун аныкташ үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында жүк ташуучу унаа сүзүп, анан тебелеп кеткени аныкталды. Бирок ал машинаны көргөн күбө жок. Бул боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу) жана 121-беренеси (коркунуч абалда калтыруу) боюнча кылмыш иши козголгон.

«АЙЖАМАЛ ЖЕӉИЛ ОЙЛУУ КЫЗ»
-Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Айдар Тулебеков Бишкектен Таласка жүк ташып иштечү экен. Айжамал Алмазбек кызы «Айдар экөөбүз бир топ айдан бери таанышпыз, шаарга келген сайын жолугушуп турчубуз» деп билдирди. Бул сапар жолугушууга Айжамал айылдаш жеӊеси менен барган. Кафеде отурушканда аларга коӊшу столдо отурган эки жигит да келип кошулган. Түнкү саат үчтөр чамасында кафеден кыздын жеӊеси менен аларга жаӊы кошулган жигиттердин бири сыртка чыгып кетет. Артынан калгандары чыгып экөөнү таппай калышат. Айдар Тулебеков келинди ээрчитип кетип калган жигиттин шеригинен алар кайда кеткенин, кайсы жакта жашаарын сураганда, ал бала «менин каякта жашаганымды ата-энем да билбейт» деп жолдун аркы бетин көздөй чуркайт. Анын артынан Айдар кууп кетет. Айжамал Алмазбек кызы аларды күтүп, келбегендиктен артынан издеп жөнөйт. Айланма жолдон ары өтүп, Алматы көчөсү менен Эне-Сай жаӊы конушу тарапка издеп барып таппай артына кайтат. Ошол тараптан жолдо жаткан кишини көрүп, жанына жолой албай, милицияга телефон чалып чакырган.
Маркумдун жанында жүргөн Айжамал Алмазбек кызы 1991-жылы Талас облусунда төрөлгөн. Жеӊил ойлуу кыздардын катарында болгондуктан ар жерде жашап күн көрөт экен. Ошол себептен бизге туруктуу жашачу жеринин дарегин берген жок. Ошол күндөн бери үч жолу телефон номерин алмаштырды. Тергөөнүн жүрүшүндө ал кыздардын жана жигиттердин Айдар Тулебековдун өлүмүнө тиешеси жоктугу аныкталды. Алар күбө болгондуктан биз менен байланышта болуп турушат. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Бул адамды сүзүп кеткен унаа табылмайынча иш жабылбайт.
«Жалгыз уулум эле» деп сыздаган эненин ыйын көрүп жанында чыдап тура албайсыӊ. Байкуш эне ичи сыздап, баласынын өлүмүнө себепкер болгон адамды издеп, Талас менен Бишкектин ортосунда жүрөт. Адамдык баалуулукту унутуп койгон бул заманда ар бирибиз өзүбүзгө этият болуп жашайлы.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Уулумду өлтүргөндөр табылбай жатса, тергөөчү көзү ачыкка баргыла деди"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
seed
2015-05-04 09:52:38
Cheksiz meerimduu Allahym bilip bilbei kylgan kunoolorun kechirgen bolsun. Kylmyshker tabylyp oz jazasyn alsyn
+1
edu.kg.
2015-05-04 09:56:54
Олуп калганы окунучтуу..... уйбулосу бар экен аягы суйук кыз менен байланышпай эле койбоптурда. Аягы суйук деп бекеринен айтылган эмес,баарибир бир балееге кезиктирет.
+5
mery.89
2015-05-04 12:11:46
Корбогон нерсени айтуу кыйын,бирок ошол Айжамал уюштурганга окшоп турат.Себеби уйбулосу бар Айдар ал кызды алмак беле,суйгонуно жетпеген кыз куйуттон ушундай жолго баргандыр дейм да.(жеке оюм)
Эмнеси болсо да аллахым ыйман,сабыр берсин.
+2
sabyr1977
2015-05-04 13:42:17
mery.89, кайсы машина келип аны тебелеп бермек еле.кичине ойлонуп жазсан боло.уйуштурса тепкилеп же бычактап кетмекта.
0
Wave.
2015-05-04 12:15:40
Жаш жигит боюнча кетиптир. Аллахым куноолорун кечирип, жаннаттан жай насип этсин...
0
fanatka19
2015-05-04 15:16:21
жаткан жери жайлуу болсун.кылмешкер табылып калсын.эркектер Аялынарды алдап,балдарынарды уйго отургузуп койуп ойногонду токтоткула.
+3
kadamjai90
2015-05-04 16:20:09
Jaiy jannattan bolsun. Allahym sabyr bersin ata enesine
0
Sagidko88
2015-05-04 17:04:02
Жаман адамдын кесепети тиет. Жайы жаннатан болсун.
+1
raxatka
2015-05-04 22:08:48
Аялын балдарын алдап жургону учун кудай жазалады деп эсептейм, байкуш келинчегине эки сокку болуптур да.
+1
jazgul80
2015-05-05 01:31:05
Жайы жаннаттан болсун . Бирок адам жаман журсо кусуру жакынына тиет дешет . Озунун башына корунот деген кептер бар . Озунун башынале копунгону жакшы балдарына корунбой . Тообааа Кудайым озун сакта жамандыктардан .
0
aruuzat88
2015-05-05 02:43:40
Аллах жазасын берсин.Арты кайырлуу болсун....

Үй бүлөсү бар экен,кайдагы кыздарды ээрчибей тынч жүрсө болмок экен.
+1
karona
2015-05-05 14:57:01
Жаткан жери жайлуу болсун. Адам баласы туз журуп, куноо иштерге барбай эле журсо мындай кырсыктардан да алыс журот. Эн негизгиси ыймандуу бололу, достор!
0
deva
2015-05-05 15:06:10
Көп бассаң бок басасың деген ушул жигитке айтылгандай. Үй-бүлөсү бар туруп кыздарга балээ барбы?
Байкуш энеге эле боорум ооруду. Акыйкаттык үчүн баарын ачык айтыптыр.
+1
Meka1811
2015-05-06 14:37:54
Казанга жакындасан карасы жугат демекчи,балким ал кызга жолукпай оз ишин кылганда андай болмок эмес белее.эмнеси болсода жайы жаннаттан болсун.
+1
Gulnaz.GS
2015-05-07 15:25:55
Кудай жазалайт деп ойлойм туз журбосок.аялына боорум ооруду.жини келип таарынып айталбай калды да
+1
peki
2015-05-10 17:24:33
Козу ачыкка барыныз деп жакшы ой менен айтса керек ал тергоочу деле. Албетте эми эне оз баласынан куноо таппайт. Эмнеси болсо да баланын кылган куноолорун Аллах таалам кечирген болсун. Аллах таалам кечиримдуу мээримдуу зат!
0
№ 652, 1-май-7-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан