Кыргызстанда энелердин өлүмү курч маселелердин бири. Бул көйгөйгө эл аралык саламаттыкты сактоо мекемелери тынчсыздануусун билдирип келет. Cоциалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеванын айтымында, былтыр 85 аял төрөт учурунда каза тапкан. Бул 2013-жылга караганда 26 пайызга көп. 2013-жылы төрөт учурунда өлкө аймагында 61 аял көз жумган.
«СИӉДИМДИ КЕСАРЕВО ЖОЛУ МЕНЕН ТӨРӨТҮШ КЕРЕК ЭЛЕ...»
Үстүбүздөгү жылдын 10-апрель күнү Ала-Бука райондук төрөтканасында 39 жаштагы Айгүл Асылбекова каза тапкан. Анын өлүмүнө туугандары ак халатчандарды күнөөлөп жатышат. Маркумдун эжеси Шарипа Мамакова окуя тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
-Биз Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Кош-Алмурут айылынан болобуз. 12 бир туугандын улуусумун, Айгүл болсо сегизинчи кыз. Ал Алайга келин болуп, үй-бүлөсү менен Бишкекте жашап жаткан. Кош бойлуу кезинде борбор калаадагы менчик бейтапканалардын биринен текшерүүдөн өтүп, айы-күнү жакындаганда «апамдын жанына барып төрөйүн» деп айылга келгенине 1 айдай болгон. Айылдагы ФАПка каттоого туруп, көрүнүп жүрдү. Ден соолугу жакшынакай эле болчу. 10-апрелде ары-бери басып жатканынан «эмне болду?» деп сурасам, «суу кетип жатат» деди. Толгоосу башталды окшойт деп райондук төрөтканага алып барсак, бизди Эркинай деген дарыгер кабыл алды. Айгүлдү УЗИге тартуу үчүн алып кирип, палаталардын бирине жаткырып коюшуптур. Барсам Эркинай чыгып, «6 синэстрол (толгоо чакыруучу дары) ийнеси менен алып келиӊиз. Аны саат сайын сайып туруш керек. Курсагындагы баласы өлүп калыптыр, табигый жол менен төрөтөбүз» дегенинен айткандарын алып келип бердим. Биринчи ийнени саат 14:00дө сайды да, жардамчыларына «саат сайын сайып тургула» деп кетип калды. Дагы 2 жолу ийне сайышты. Улам барып сурайм, «төрөткөнү алып кеттик» деп башка эч нерсе айтышпай кирип-чыга беришкенинен төрөтүп жатышкан го деп ойлодум. Бир кезде хирургду чакырышты, анан кайра чыгып «Мейман деген гинеколог эже жумуштан кетип калды эле, ошону алып келе каласыздарбы, кесарево кылабыз» дегенинен аны күйөөм барып үйүнөн алып келди.
Ошентип бизди сыртка чыгарышып, эшиктердин бардыгын жаап алышты. Саат 19:00 чамасында Тумара деген дарыгер чыгып, «сиӊдиӊиздин абалы оор, жандандыруу бөлүмүнө алып кирдик» деп кайра кирип кетти. Дагы күттүк. Жандандыруу бөлүмү 3-кабатта эле, ал жакка чыксак эч ким жок. Бир маалда бирөөсү чыгып «сиздерди дарыгер чакырып жатат» деди. Барсак дарыгерлер чогулуп отурушуптур. «Бишкектен келе жатканда бала бир нерсеге урунуп өлүп калган, жол жүрбөш керек эле, вакуум менен сордурдук, жасалма дем алдырдык, кан көп кетип, болбой калды» дешкенде эле менин кан басымым көтөрүлүп отуруп калдым. Анан «кош бойлуу аялды соймоюнча бербейбиз, туугандарыӊарга угузуп, эртеӊ келип алып кеткиле» дешип сиӊдимдин денесин өлүкканага киргизип коюшту. Биз айылга барып 75 жаштагы апабызга суук кабарды араӊ угуздук. Айылдагы аксакалдар «өлгөн кызды союп бир эмес, эки өлтүрмөк беле, алып келгиле» дегенинен туугандар чогулуп барып алып келдик.
«МЫНДАЙ ОКУЯЛАР БУГА ЧЕЙИН ДА КӨП КАТТАЛГАН»
Ал эми маркумдун сиӊдиси Батма Асылбекова буларды айтат:
-Эжем саат 16:30да эле каза болгон экен. Төрөткананын дарыгерлери улуу эжебизге угузушкандын ордуна айылдагы ФАПка чалып, «силерден келген Айгүл Асылбекова каза болуп калды. Муну эмнеге каттоого алдыӊар эле? Силердин айыӊардан ызы-чуу болуп жатат. Айгүлдүн канча бир тууганы бар, кандай турушат, кийин доо кылышпайбы?» деп сурашканын ал жакта иштеген кызматкерлер кийин айтышты. Дарыгерлерди күнөөлөп жатканыбыздын себеби алар бизге ар нерсени айтып жатышат. Бирок айткандарын текшерсек, калп болуп чыгууда. Мисалы, биз барып эжемди эмнеге видеокөзөмөл орнотулган палатага жаткырбаганын сурасак, Тумара «ал палата бош эмес болчу» деди. Видеокөзөмөлдү текшертсек ал учурда бош экен. Эжемди жандандыруу бөлүмүнө жаткыргандары да жалган болуп чыкты. Биздин оюбузча, эжемдин курсагынан баласын кесарево жолу менен алыш керек эле. Алар төрөтөбүз деп синэстрол деген дарыны улам-улам сайышып, эжемдин жүрөгү көтөрө албай калган. Анын үстүнө ал дары төрөтканада колдонулууга тыюу салыныптыр. Булар ага карабай колдонушкан. Дагы айта кетчү нерсе, эжем каза болгондон 2 күндөн кийин ошол эле төрөтканада Ала-Бука районунун Өрүктү айылындагы бир келин да төрөт учурунда каза болуптур. Мындай окуялар буга чейин да көп катталыптыр.
«БИЗДИ СЕБЕПСИЗ КҮНӨӨЛӨП ЖАТЫШАТ»
Биз Ала-Бука райондук төрөтканасынын жетекчиси Тумара Базарбаева менен байланышып, анын да оюн уктук:
-Биздин төрөтканага келип түшкөндө Айгүлдүн курсагындагы бала өлүк экен. Энесинин өмүрүн сактап калуу үчүн 1 саатка чукул колубуздан келишинче аракет жасадык, тилекке каршы, өмүрүн сактай албадык. Келин каза болгондо «экспертизага текшертели» десек, эжелери кайра туугандары менен келип «сойдурбайбыз, дообуз жок» деп кол коюшуп, сөөктү алып кетишкен болчу. Эми минтип бизди күнөөлөп жатышат. Эксгумация кылган соӊ чындык билинет. Келин каканак суусунун кан тамырга өтүп кетишинен каза тапты. Курсактагы бала өлүп калса кесарево жолу менен төрөтүүгө тыюу салынган. Синэстрол деген дары балага зыян деп колдонууга тыюу салынган, бирок ичтеги бала өлүк болгондуктан биз ал дарыны колдонгонбуз. «2 күндөн кийин төрөттөн дагы башка келин каза болду» деген маалымат жалган.
Биз эки тараптын теӊ өз чындыгына кулак төшөдүк. Эми окуяны иликтеп, акыйкат чечим чыгаруу милдети ак халатчандардын анабашыларынын колунда.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg