КАРНАВАЛ ТҮНҮ

Тасма таржымалы

Жаңы жылдын жарчысы эмне? Албетте, көңүлдүү ыр, көтөрүңкү маанай жана карнавалдык костюмдар... Шедеврге айланган тасмалардын арасында советтик “Карнавалдык түн” да бар. Кызыгы, бул тасманын башкы каарманы жашоодо да тасмадагыдай беш мүнөттө популярдуу болуп чыга келген.

Жанры – Комедия
Режиссёру – Эльдар Рязанов
Сценарийин жазгандар – Борис Ласкин, Владимир Поляков
Чыккан жылы – 1956-жыл
Башкы ролдордо – Людмила Гурченко (Лена Крылова), Игорь Ильинский (Серафим Иванович Огурцов) Юрий Белов (Гриша Кольцов Ленага ашык болгон кызматташы)

КЫСКАЧА...
Жаңы жылга аз убакыт калган. Маданият үйүнүн кызматкерлери жылда боло турган Жаңы жылдык майрамга даярданып жатышкан. Кечеде жекече чыгуулар, түркүн бий жана оюндар, цирк трюктары, алтургай жаз оркестри да болмок. Лена Крылова баштаган жигердүү жаштар майрамга кызуу даярданып жатышкан болот. Бул арада маданият үйүнүн директору иш сапарына кетип, анын ордуна жаңы директор келери анык болот. Жаңы жетекчи жолдош Огурцов майрамга даярдалган программага каршы чыгат. Ал майрамды 40 мүнөт доклад, жарым саат отчёт жана илимий лектордун 2 сааттык доклады коштогон “жогорку деңгээлде” уюштурулушун талап кылат.
Албетте, демилгечи жаштар шаңдуу майрамды кургак сөздөр менен олуттуу түрдө өткөргүсү келбейт. Айтор, алар амалкөйлүк менен ар кимиси Огурцовду алаксытып отуруп, өздөрүнүн номерин аткарганга үлгүрүшөт. Ошентип, жаштар Жаңы жылды план боюнча унутулгус кылып өткөрүүгө жетишишет.

ЖАШТЫК+ОПТИМИЗМ = ИЙГИЛИК
Советтик жаштар тууралуу мыкты тасма тартууну “Мосфильмдин” директору Иван Пырьев жаш режиссёр Эльдар Рязановго ишенип тапшырат. Алгач Рязанов сценарийди окуп, анын супсак экенин көрүп баш тартмакчы болот. Бирок бул тасма тартуудан эмес, өз сүйгөн кесибинен баш тартуу эле. Мындай тажатма кино тартуудан эч кандай пайда болбосун билип, Рязанов дал өзүнө болгон мамилени шылдыңдоо, каймана түшүнүк менен бергиси келет да, сценарийге юмор кошот. Кийин бул тууралуу режиссёрдун “Сталинчил-бюрократтардын жүзүн Огурцовдун ролу менен ачып көрсөтүп бергим келген” деп айтканы бар. Убакыт өзү тастыктап бергендей, тасма көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынып, болуп көрбөгөндөй ийгиликке жеткен. Ийгилигинин сыры – тасмада жаштыкты, оптимисттикти, курчтукту символдоштуруп, эскичилдикти, акылсыз жетекчилерди юмор менен мыкты чагылдырып бергендигинде эле.

5 МҮНӨТТӨ ПАЙДА БОЛГОН ДАҢК
Тасмада башкы ролду ойногон Людмила Гурченко менен “5 мүнөт” ыры ушул убакка чейин популярдуу. Гурченко тасмага актриса керек болуп жатканын угуп кинопробага келип, күчүн сынап көрүүнү чечкен. Бирок кинопробадан өтпөй калат. Анын ордуна сулуу, келишимдүү кызды кабыл алышат. Бирок режиссёр ал кыздын көзүнөн учкундарды көрө албайт. Анын үстүнө, музыкалык да жөндөмү жок болчу. Ошол күндөрү “Мосфильмдин” коридорунда секирип, жыргап келе жаткан Гурченкону көрүп, өзү таппай жүргөн каарман экенин сезет. Музыкалык билими бар, бийик үндүү Гурченко дал ошол изделип жаткан баш каармандын өзү эле. Фильм жарыкка чыккандан кийин түндө жөнөкөй кыз болуп уктаган Гурченко эртеси атактуу болуп ойгонгон. Ал эми тасма ошол жылдары кинотеатрларга коюлуп, 48 миллиондон ашуун билет сатылган. Бул советтик кинематографияда абсолюттук рекорд эле.

«КАРНАВАЛДЫК ТҮН-2» ЖЕ 50 ЖЫЛДАН КИЙИН
Арадан туптуура 50 жыл өткөндөн кийин 2006-жылы атактуу тасманын уландысы тартылган. Алгач атактуу “5 мүнөт” ырын Алла Пугачёва ырдайт деген маалыматтар тараса да, кайрадан Людмила Гурченко өзү ырдаган. Ал эми Лена Крылованын ролун Алёна Бабенко аткарып, ага ашык болгон үн оператордун ролун Сергей Безруков аткарган. Бирок кино сынчылардын айтымында, экинчи тасма биринчи тасманын деңгээлине жеткен эмес.

ТАСМАДАГЫ УЧКУЛ СӨЗДӨР

  • “Бабу Ягу со стороны брать не будем. Воспитаем в своём коллективе”.
  • ”Эта ваша музыка? Даёт она что-то? Нет, не даёт. А надо, чтобы давала. Нужно, чтобы музыка тебя брала, нужно, чтобы она тебя вела, но в то же время и не уводила”.
  • ”Докладчик сделает доклад, коротенько так, минут на сорок...”
  • ”Я и сам шутить не люблю и людям не дам”.
  • ”Зачем нашим советским людям скрывать своё лицо?”

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 372, 18-24-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан