КОРООӉУЗДУ КӨК ШИБЕР МЕНЕН КӨРКТӨНДҮРҮӉҮЗ

Жаздын келишин эӊ алгачкылардан болуп эшиктин алдындагы жана көчөлөрдөгү көк шибер кабарлайт. Корооӊуздун жомоктогудай кооз көрүнүшүн кааласаӊыз, анда түрдүү гүлдөр менен катар көк шибер (газон) өстүрүүнү да билип алганыӊыз жакшы.
Көк шиберди өстүрүү тууралуу Бишкек шаарындагы «Ёлки Зелёные» компаниясынын адиси Алексей Бойцов кеӊеш берет.

КӨК ШИБЕРДИН ТҮРЛӨРҮ
1. Тандамал көк шибер – мындай уруктан өзгөчө камкордукту талап кылган, баркыт сымал көйкөлгөн шибер өсүп чыгат. Муну корооӊузду көрктөндүрүү үчүн айдап, үстүн тебелетпей, бапестеп кароо керек. Жаш балдары эшиктин алдында ойногон үй-бүлөлөр үчүн пайдасы жок.
2. Тепсендиге туруктуу көк шибер. Көп балалуу үй-бүлөлөргө ылайыктуу. Үстүнө түрдүү спорт оюндарын ойноого, жатып алып китеп окуганга, ал тургай велосипед тепсе да болот. Жалбырактары бир аз жазы келип, жыш өсөт.
3. Көлөкөгө ылайыктуу көк шибер. Көпчүлүк өсүмдүктөр күн нурун сүйүшсө, көк шибердин бул түрү көлөкөдө деле өсө берет. Муну көбүнчө көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна жана бак-шактуу аянттарга өстүрсө болот.
4. Микроклевер көк шибери – аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө туруктуу, кургакчылык болсо деле өсө берет. Курт-кумурскаларга жана отоо чөптөргө да туруштук берет.


Кыргызстанга көк шибердин уругу Германия, Украина, Орусия, АКШдан алынып келинет. Уруктун сапатына жараша ар түрдүү баада болот. Бишкек шаарындагы атайын айыл-чарба дүкөндөрүндө бардык жерде өсүп кетүүгө жөндөмдүү көк шибердин уругунун 1 килограммынын болжолдуу баасы 450 сомдон 550 сомго чейин. Ал эми спорттук аянттарга ылайыкталган көк шибердин 1 килограмм уругунун баасы 600-650 сом.

КӨК ШИБЕР ӨСТҮРҮҮГӨ БЕЛСЕНДИӉИЗБИ? АНДА ЭСИӉИЗДЕ БОЛСУН!

  • Кумурска көк шибер үчүн өтө коркунучтуу. Бул эмгекчил жандыктар өстүргөн көк шибериӊиздин 70 пайызын тез эле ары-бери ташып, жол салып, кожоюндук кылып алышат. «Мурацид», «Гром-2» сыяктуу химиялык каражаттар курт-кумурскалардын алдын алат.
  • Көк шибердин уругун себерден бир жума мурун жерди азот менен азыктандыруу керек. Ал үчүн азофоска каражатын 3 литр сууга 15-20 грамм (1 чарчы метр үчүн) кошуп чачасыз. Ошондой эле отоо чөптөрдү өстүрбөө үчүн да зыянсыздандыруу маанилүү. Жер семирткичтерди 1 сезондо 3 жолу: май, июнь, июль айларында кайталап берүү керек.
  • Жаш шиберди текшилейм деп кыркып салганыӊыз жарабайт. Көк шибер 7 сантиметр болуп жетилгенге чейин текшилөө, кыркуу иштерин токтото туруӊуз.
    Күн сайын сөзсүз сугарып туруу керек! Сугаруу процесси эртеӊ менен эрте жана кечке жуук күн кирип бара жатканда жүргүзүлгөнү жакшы. Агымы же кубаты күчтүү суу менен сугарууга болбойт!
  • Көк шибер толук жетилип, 7 сантиметрден ашкан соӊ айына эки жолу текшилеп кыркып туруу керек. Болбосо майсаӊдын көркү кетип, ар кайсы жери ачылып калат.
  • Эӊ алгачкы текшилөөдөн кийин көк шибердин үстү аркылуу басууга болбойт. Жаш көк шибер жабыркап, өсүүсүн токтотуп коёт.
  • Көк шибердин уругу себилгенден соӊ эки жумадан кийин гана баш көтөрөт.
  • Көк шибердин уругун тандоо алдында сиз анын көп жылдык же бир жылдык экенинен маалымат алып алыӊыз. Көп жылдык көк шибердин уругун күзүндө, жер тоӊо электе себүү керек. Анын уругу кышкы суукка чыдамдуу келип, жаз алды менен кайрадан өсүп чыгат.
  • Эккен шибериӊиз чыкпай калган жерге эмки жылы табигый чөп өспөй, бозоргон боюнча калышы толук мүмкүн. Анткени көк шибер себердин алдында отоо чөпкө каршы себилген дарылар жерге зыянын тийгизет.
  • Көк шибер табигый шиберге караганда көмүр кычкыл газын аз сиӊирип, кычкылтекти да көп чыгара бербейт. Ошондуктан мал аны табигый чөптү жегендей жебейт.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Rakaevislam
2015-05-05 08:33:14
жакшы экен
0
Ajar.
2015-05-05 17:16:45
"Микроклевер" которулбайт бекен? "Клевер" беде да, "микрону" "майда" деп туруп, "майда беде" деп койсо болбойбу?
0
Abdullatif
2015-05-07 09:01:02
менин жумушум го
0
kirgizstan
2015-05-09 23:19:20
Айылдагыларга керек эмес себеби алар бир жылда эки жолу оруп алышаты кышкысын малга жем сатсан акча кече жакында эле элдик кабардан малдар ачка болтат бир боосу мынча сом болтат деп какшап атышкан газон болбогон эле нерсе
0
acer7250
2015-08-24 22:36:32
Газондун устундо же китеп окуш керек же футбол ойнош керек.
0
№ 652, 1-май-7-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан