БИР БҮРКҮМ

  • АЗАМАТ САРЫБАЕВ «Адамга эмне керек?» деген ырына клип тарттырууда.
  • 30-апрель күнү Чаткал районунда ТААЛАЙБЕК БЕКТУРГАНОВДУ эскерүү кечеси болуп өттү. Кечеде ырчынын чыгармаларын мыкты аткаргандардын арасында сынак жарыяланды.
  • KG ЭЛЬМУРАТ, БАКТИЯР ТОКТОРОВ жана «NO NAME» командасы Жеӊиш күнүнө карата Москвадагы кыргыздарга концерт коюшат.
  • Драматург БЕКСУЛТАН ЖАКИЕВ эл аралык «Руханият» сыйлыгы менен сыйланды.
  • ГҮЛЖИГИТ КАЛЫКОВ Бишкекте, ДИНАРА АКУЛОВА Ошто өтчү концерттерине даярданышууда.
  • БАКЫТ ОСМОНКАНОВ уулуна тушоо той берди.
  • МИРБЕК АТАБЕКОВ 27-28-майда 10 жылдык отчёттук жеке концертин берет.
  • АКБАР СҮЙҮНБАЕВ чыгармачылыкка жаӊы кадам таштаган Бурулай аттуу ырчы кыз менен «Бул махабат» деген ырды жаздырып, клип тарттырууда.
  • «КУРМАНЖАН ДАТКА» тасмасы учурда Тегеран шаарында 33-жолу өтүп жаткан «Фаджр» эл аралык кинофестивалында көрсөтүлүүдө.
  • Ырчы АНЖЕЛИКА үчүнчү наристесин күтүп жүргөн кези.
  • Учурда Ош мамлекеттик университетинин педагогика илимдери боюнча аспирантурада окуп жаткан ырчы АЙПЕРИ КУЛБАЕВА кандидаттык диссертациясын жактоодо.

Гезитибиздин № 651-санында чыккан «Добулбас» тобу тарады» деген анонско «топ тараган эмес, анын бир гана мүчөсү кеткен» деп тактоо беребиз.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
sergo
2015-05-04 18:38:47
Иий Анжелика уул тороп алсын эми
+1
№ 652, 1-май-7-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан