20-апрель күнү ырчы Алина Жетигенованын уулу Азиз Жетигенов уулдуу болду. Уул неберелүү болуп сүйүнүп жүргөн Алина эжекебиз учурда бир аз сыркоолоп бейтапканада. Ал өз сөзүндө: «Неберем менен келинимдин ден соолугу жакшы. Наристе 3 килограмм салмакта төрөлдү, бою 52 сантиметр. Үйдөгүлөр неберебизге ысым койбой, мени күтүп жатышат, бейтапканадан чыксам эле өзүм ат коём»,- дейт.