КЫРГЫЗСТАН «ЖАӉЫ ТОЛКУНГА» ӨТПӨЙ КАЛДЫ

Жыл сайын Юрмала шаарында өтчү «Жаӊы толкун» эл аралык жаш таланттар сынагына бул жылы Кыргызстандын атынан эч ким катышпайт. Анткени мекенибиздин атынан барган катышуучулардын бири да сынактын тандоо турунан өткөн жок. Бул тууралуу былтыр ушул сынакка катышып келген
«Style Mix» триосунун продюсери Миргүл Эсеналиевага кайрылганыбызда: «Сынакка катышууну каалаган ырчылар алгач интернеттен видеолорун, резюмелерин жиберишет. Сынактын комиссиясы тарабынан жактырылган ырчылар гана чакырылып, Москвадагы тандоо турунан өтүшчү. Бул жылы Кыргызстандын атынан тандоо туруна 5-6 ырчы барып, финалга өтпөй калганын уктум»,- деди.
Өтпөй калган ырчылар тууралуу билүү үчүн Маданият министрлигине кайрылганыбызда, аталган министрликтин алдындагы улуттук маданий борборунун башкы директору Рыскул Боронбаев: «Бул сынакка катышуучуларды жиберүү жоопкерчилигин биздин министрлик албайт. Анткени «Жаӊы толкун» сынагынын уюштуруучулары бул тууралуу бизге расмий кат менен кайрылышкан эмес. Каалоочулар катыша беришет»,- деп жооп берди.
Белгилей кетсек, аталган сынактын бул жылдагы өзгөчөлүгү – «Жаӊы толкун» быйыл Юрмала шаарында эмес, Сочи шаарында өтөт. Уюштуруучулар мунун себебин былтыр Латвия өлкөсү Валерия, Олег Газманов, Иосиф Кобзон сыяктуу ырчыларды кара тизмеге кошуп, өлкөсүнө кирүүгө тыюу салганы менен түшүндүрүшкөн.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
sergo
2015-05-04 15:19:16
гулжигит калыков, Нурлан Насиптин вокалный данныйлары бар ошолор катышса болбойбу. Нурлан чет элдик ырларды ырдабайтда уну жакшы. Гулжигит барса болмок.
0
princessa
2015-05-06 16:02:57
sergo, "Жаңы толкун" болгондуктан,ал жакка жаңы чыгыр келе жаткан таланттар катышат. Гүлжигит, Нурлан Насип алар элге таанлып көптөн бери ырдап келишет. Сынактын да өз талаптары бар))
0
zara-919
2015-05-04 18:42:15
финалдан өтпөй калышса жакшы болуптур ким болсо да... лампочкалар десе
+1
bliznesy
2015-05-05 16:26:12
ото турган татыктуулар барса болмок.
0
Pantherka
2015-05-06 18:01:10
Барганда деле кыйратышпайт, оз уну менен урдаган урчылар саналуу эле анан дискке жаздырып алгандарды тандаган жок да.
0
islam14
2015-05-07 14:21:20
Нурлан Насипти айтпай эле койчу!!!
0
bakaiBBBB
2015-05-08 18:41:28
Музыкалык билими бар адам катары айтайын Нурландын уну жок вокал деген создон тее алыста эле турат.
0
peki
2015-05-10 17:20:45
Стил микс тобу эч жакпады мага улыбайся дегенди которуп ырдап атышат кокккуй эми мынчалык эмес даа
0
jypar.i
2015-05-15 20:37:31
Гүлжигит Калыков Евразия жылдызы конкурсун жеңип келбеди беле."Жаңы Толкунга" барса утмак, ал таланттуу, харизмасы күчтүү ырчы.Сахнада да өзүн жакшы алып жүрөт.
0
№ 652, 1-май-7-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан