ТЕМИР САРИЕВ – ЖАӉЫ ӨКМӨТ БАШЧЫ

30-апрель күнү Жогорку Кеӊеште жаӊы өкмөт башчылыкка акыркы 4 жылдан бери Экономика министрлигин жетектеп келген Темир Сариевдин талапкерлиги жактырылды. Көп жылдан бери саясатта келе жаткан «ак шумкарчы» Темир мырзанын бейне сүртүмдөрүнө кайрылалы дедик.

ЭРКИН КҮРӨШ МЕНЕН МАШЫГЫП ЧОӉОЙГОН
Темир Сариев 1963-жылдын 17-июнунда Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Төш-Булак айылында туулган. Ата-энеси колхоздо иштешкен. Жети жашка чыкканда Бишкек шаарындагы спорт интернатына келип окуй баштайт. Окуучулук курагын Темир мырза «Супер-Инфого» берген маегинде минтип эскерген: «Аскердегидей эле тартип менен чоӊойдум. 2-класста эркин күрөштү тандап алып, күнүнө 4 сааттан машыкчумун. Казакстан, Өзбекстанга чейин барып, мелдештерге катышып, жеӊишке жетишкен күндөрүм болду».
10 жашында «Атадан калган туяк» тасмасына тартылып, эпизоддук роль ойногон. Ал ролу үчүн 172 рубль гонорар алган. «Кино тартабыз деп келген топ жабалактап турган балдардын ичинен тыӊ экен деп мени тандап алышыптыр. Алгачкы маянам болгон бул акчаны энеме алып келип бергем. Ал аябай сүйүнүп, бир туугандарыма мектепке кийим-кечек сатып берген. Кийин 4-класста кырманда иштедим. Негизи, жумуштан каччу эмесмин»,- дейт Сариев.
Интернатты аяктагандан кийин 1981-1983-жылдары Украинада аскердик кызматын өтөгөн. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, экономист кесибине ээ болуп чыккан. Эмгек жолун «Аламүдүн» тери иштетүүчү заводунда экспедитор болуп иштөө менен баштап, ал жерде башкы экономистке чейин көтөрүлгөн. «Тырмышып жүрүп бир бөлмөлүү үйгө жеттим. Анан Орто Азияда биринчилерден болуп товар биржасын уюштуруп, ишкерликке ооп кеттим. Бутка турам деп жүрүп кеч да үйлөндүм. Келинчегимдин аты Айжан. Англис тилинен мугалим. Бир кыз, бир уулубуз бар»,- деп эскерет премьер-министр өз алдынчалыкка кандайча жеткенин.

«ӨЛҮМГӨ БЕТ АЛГАНЫМДЫ БИЛИП ЭЛЕ КЕЛДИМ»
Темир Сариев чоӊ саясатка 2000-жылы Жогорку Кеӊешке депутат болуп шайлануу менен келген. Кийинки III чакырылышта да эл өкүлү болуп шайланып, бюджет жана финансы комитетинин активдүү мүчөсү болгон. 2007-жылы «Реформа үчүн» кыймылынын, «Ак шумкар» партиясынын теӊ төрагалыгын моюнуна алган. 2008-жылы Бириккен элдик кыймылынын катарына кошулуп, 2010-жылы болуп өткөн Апрель окуясында бакиевдик кланды бийликтен түшүрүүдө башкы ролдордун бирин аткарган.
Ал кандуу күндөр тууралуу биздин гезитке берген маегинде минтип баяндап берген: «2010-жылдын 5-апрелинде Москвага кеткем. Эртеси оппозиция лидерлеринин камакка алынганын уктум. Мага «сени да камап коюшат, келбе» деп жатышты. Бирок өлүмгө бет алганымды билип туруп, намыс үчүн, эл үчүн келе бердим. 7-апрель күнү Бишкекти көздөй учтум. Мени аэропорттон абакка алып кетишти. Сурак жүрүп жаткан учурда сыртта ызы-чуу эле. Жактоочумдан «бир нече кишини атып салышты» деген билдирүү келди. Тергөөчүдөн өтүнүп, мени Марат Бакиевге алып барышты. Ага «Атаӊа айт, токтотсун! Эл кырылып жатат!» дедим. Бир кезде эл УКМКга келип, бизди чыгарды. Иса Өмүркулов экөөбүз башкалардан эрте чыкканбыз. Ак үйгө Данияр Үсөнов менен сүйлөшүүгө бардык. Ага «Атууну токтоткула, оппозиция лидерлерин бошоткула!» деген талаптарды койдук. Ошол каргашалуу күнү эл бийлик менен кечке алышты. Мындай кан төгүлөт деп ойлогон эмеспиз. Акыры Бакиевдин бийлиги жеӊилди, оппозиция лидерлери Убактылуу өкмөттү түздүк, жоопкерчиликти моюнубузга алдык. Убактылуу өкмөт өзүнө алган жоопкерчиликтерди акырына чыгарды».
2010-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча Темир Сариевдин «Ак шумкар» партиясы марага жетинчи болуп келип, Жогорку Кеӊеште орун алууга илинбей калган. «Биздин партиянын жаӊы бийликке келүүгө моралдык укугу бар болчу. Ар түрдүү жол менен шайлоодон өтпөй калдык. Мен деле ызаланып, аркы жээкке туруп алып кыйкыра берсем болмок. Мүмкүн, мага ошол көбүрөөк жарашмак. Убагында мен принципиалдуулукту көргөзүп жүргөм. Добуш берген көпчүлүктүн тандоосу жагабы-жакпайбы, биз аны кабыл алышыбыз шарт»,- деген эле Сариев.
2011-жылдын 24-декабрында экономика министри болуп дайындалган.

ЖӨӨ БАСУУДАН ЫРАХАТ АЛАТ
Темир мырза 51 жашта. 2010-жылдан тарта активдүү интернет колдонуучусу, Фейсбук баракчасы аркылуу түз эле өзүнө кайрылып, жооп алууга болот. Телефондон Самсунгду, машинадан Тойотаны, ал эми эс алууну бийик тоолордо өткөрүүнү жактырат. Бул тууралуу мындай дейт: «Альпинисттерге окшоп кар баскан мөӊгүнүн алдында да түнөп көрдүм. Ысык-Көлгө барганда дайыма таӊ атпай бороон-чапкынга карабай сууда сүзөм. Жөө басуудан ырахат алам».

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
tiletork
2015-05-04 15:39:20
сизди колдойм, мен ойлогондой болду, эми кыргыз элине ак эмгек жасап берет деп ишенем
0
namys
2015-05-04 23:47:54
Sariev кудай буюрса бир кун келет сен жооп бересин Аша экоон
+1
as.fanat
2015-05-06 10:41:29
...бул жагы кечирип кой болуптур го...өлдү эми, жегичтердин жегичи өкмөт башына келиптир, куратат эми!!!
0
Kara-kulzha
2015-05-06 15:17:17
2000 жылдан бери алгылыктуу бир иш жасаган эмес.
0
joker8787
2015-05-07 14:01:27
Биздин бийликтин адамдары туп тамырына чейин карупсянерлер жегичтер эл камын эмес оз гомочуно кул тарткан адамдар ишенип иш тапшырышыптыр коро жатарбыз кандай болорун
0
gitaris93
2015-05-09 10:17:35
Эмне сариевтен башка адам жок бекен жаштардан койбойсуңарбы сариев иштесе мурун эле иштемек бакиевдин убагында да жүрдүго колунан б.к келбейт.
0
№ 652, 1-май-7-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан