ӨКМны БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ ЖЕТЕКТЕЙТ

14-декабрда президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаев Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) болуп дайындалды.

36 жаштагы Бакыт Төрөбаев буга чейин “Ак жол” партиясынан Жогорку Кеңеште депутат болуп эмгектенип келген. Аны министрликтин эмгек жамаатына Өкмөт башчы
Данияр Үсөнов тааныштырды. Мурдагы ӨКМнын жетекчиси Камчыбек­ Ташиев өкмөт жыйынында премьер-министр Д.Үсөнов менен иштеше албастыгын айтып, кызматтан кетүү боюнча арызын президентке жолдогон. Арызынын негизинде президент 11-декабрда К.Ташиевди кызматтан бошоткон эле.


“КАМБАР-АТАДА” ТОО ЖАРДЫРЫЛАТ

22-декабрда “Камбар-Ата-2” ГЭСинде сууну бөгөө үчүн чоң масштабдагы жардыруу күтүлүүдө.

“Ак жол” фракциясынын депутаты Юрий Данилов парламенттин 17-декабрдагы жыйынында жардырууну «жеринен көрүп байкоо салам» деген депутаттарды чогуу барууга чакырды. Жардыруунун радиусу 2,5 чакырым болору айтылууда. “Камбар-Ата” суу сактагычынын көлөмү 70 миллион м3ду түзүп, дамбанын бийиктиги 65 метрге жетет.
Бул күнү ГЭСке жакын жашаган Кара-Жыгач айылынын тургундары мал-жандары менен бир күнгө башка жакка көчүрүлөт. Сууну бөгөө үчүн тоону жардырууда пайда болгон уулуу булут 4,5-5 чакырымга чейин тарашы мүмкүн.
Буга байланыштуу 22-декабрда Бишкек–Ош кан жолунун 260 жана 455-чакырым бөлүгүндө жол каттамы убактылуу буулат.


ОК ЖАНА КОНВЕРТ. ЖАҢЫ ЖЫЛГА БЕЛЕК.

Белгисиз адамдар “Ош шамы” гезитинин редакциясына Жаңы жылдык конверт таштап кетишкен. Анын ичинен ок жана алакандай кат-кабар чыккан.

Куттуктоонун ордуна: «Ваша болтовня ничего не стоит. Может, стоит. Может, стоит только ценой вашей молодости. Вот это наш «предновогодний анонс». А остальные две, пока находятся в магазине АК. Пока считайте это самым гуманным подходом!!! Но тот, кто не благодарный когда-то должен быть наказан!!!»- деп жазылган. Ал эми автоматтын огу оролгон баракчага: «Вот это понюхайте, чем пахнет. Это сильнодействующий «препарат» для очищений ваших мозгов. Не забудьте, что вы находитесь под прицелом. Так что одумайтесь!!! Хватит с вами церемонится»,- деген опуза жазылыптыр.
Шаардык басылманын жамааты муну журналисттерди коркутуу, сөз эркиндигин тыюу катары баалоодо. Анткени “соңку учурда биздин гезит бийликтеги адамдарды сындаган макалаларды көбүрөөк жарыялоодо” деп билдирет журналист Кубаныч Жолдошов. Кошумчалай кетсек, аталган журналист 1-ноябрда белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалган.


ТАГАЕВ ЭМИ БАТКЕНДИН ГУБЕРНАТОРУ

Ажобуз Курманбек Бакиевдин 17-декабр­дагы­ жарлыгына ылайык, Жогорку Кеңештин спикери Айтибай Тагаев Баткен облусуна губернатор болуп дайындалды.

Бул буйрукту ЖКнын жыйындар залында президенттин аппарат жетекчиси Каныбек Жороев билдирди. Анын айтымында, президент Айтибай мырзанын буга чейинки саясаттагы ишмердүүлүгүн баалап, Баткен облусун жакшы билерин белгилеп, губернатор катары жакшы иш аткарарына ишенимин билдирген.


ДАНИЯР ҮСӨНОВДУ КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ЖЕҢЕБИ ЖЕ...

“Мен ээлеген кызмат менин менчигим эмес, мамлекеттики. Бирөө келет, бирөө кетет. Өкмөт башчысы менен бирге иштеше албасымды билдим. Өз каалоом менен жумуштан кеттим”,- деп жазат кайрылуусунда Өзгөчө кырдаалдар боюнча экс-министр Камчыбек Ташиев.

Ал мамлекеттик мүлккө кол салбаганын, учурда айрым адамдар атайлап каралап жатканын айтат. “Кызматтан кеткен адамды каралоо бизде адатка айланып баратат. Чынында, пайдаланылбай жаткан мык, зым өңдүү каражаттарды колдонуу менен кызматкерлерге үй салып бердик. Кызматкерлердин абалын жакшыртуу – уурдоо эмес”,- деп билдирди Камчыбек мырза. Ошондой эле кайрылууда министр­ликтин кызматкерлери четтен келген гуманитардык жардамдардын эсебинен 5 миллион сом өкмөткө салык кошушканын, ал каражат кийин мыйзам боюнча облус губернаторунун эсебине которулгандыгы айтылат. Экс-министр эгерде уурдоо же туура эмес чечим кабыл алынган фактылар болсо, мыйзам алдында жооп берүүгө даяр экендигин кошумчалайт.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги текшерилүүдө. Эсеп палатасынын кызматкерлери текшерүү учурунда министрликте 58,5 миллион сомдун максатсыз жумшалгандыгын аныктаган. Каржы полициясынын тергөө башкармалыгынын башчысы Нурбек Кадыровдун маалыматы боюнча министрликти күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыз кылуудагы мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке 4,6 миллион сом зыян келтирилген.

P.S. Камчыбек Ташиевге байланыштуу кенен маалыматты келерки сандан окуй аласыздар.


“АТА МЕКЕНГЕ” ИШЕНИМ АРТКАНДАР КӨППҮ?

15-декабрда президент Курманбек Бакиев “Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөттү.

Маалыматка караганда, мыйзам долбоору мамлекеттик башкаруу системасындагы реформа багытында Президенттин, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын аныктамакчы. Ошондой эле аталган долбоор өкмөттүн структурасын жана курамын уюштурууну жөнгө салууга багытталган. Бул мыйзам долбоорунун парламентте жакынкы күндөрү каралары күтүлүп жатса, айрым талдоочулар “Баш мыйзамды өзгөртүү менен Жогорку Кеңеш да кайра куралат” деген божомолдорду айтышууда. Ошондон улам 24.kg маалымат агенттиги “эгер эртең ЖКга шайлоо болсо, кайсы партияга добуш берер элеңиз? Калк кайсы партияга ишенет деп ойлойсуз?” деген суроолордун негизинде сурамжылоо жүргүзө баштады. Учурда көпчүлүк добуштар “Ата Мекен” партиясына берилүүдө.


Коомдук парламент: “ӨКМӨТ КЫЗМАТТАН КЕТСИН!”

Саясий сахнада көптөн бери дайыны чыкпай кеткен коомдук парламент 15-декабрда жыйын өткөрдү. Жыйында энергетикага баалардын көтөрүлүшү негизги маселе катары каралды.

Жыйында отун-сууга тарифтердин кымбатташы талкууланып, элдин социалдык жактан кандайча корголору айтылды. Катышуучулар 15 жыл аралыгында электр тармагын оңдоп-түзөөгө жана жабдыктарды жаңыртуу үчүн эл аралык уюмдардан келип түшкөн 400 миллион доллар өлчөмүндөгү кредиттердин кандайча, каякка кеткенин талкуулашты. Жыйындын аягында коомдук парламент резолюция кабыл алды. Анда энергетикага болгон бааларды жокко чыгаруу, азыркы өкмөттү толук курамы менен кызматтан кетирүү жана энергетика тармагын кыйроого алып келген мурдагы аткаминерлерди жазалоо талабы жазылып, өлкө башчысы Курманбек Бакиевге жолдонду.


БОРБОР КАЛААНЫН ТҮШТҮК МАГИСТРАЛЫ АЧЫЛДЫ

Жолдун ачылышына президент Курманбек Бакиев катышып, бул жол Бишкектин түштүгү менен түндүгүн байланыштыруучу транспорттук айлампанын башталышы болорун билдирди.

2005-жылдан бери Кыргызстанда 2242 чакырым жол, эл аралык магистралдын 590 чакырымы ишке киргизилди. Ушул тапта дагы 382 чакырым жол курулуунун үстүндө. Бишкектеги түштүк магистралы борбор калаанын Бах жана Байтик баатыр көчөлөрүн бириктирип турат.


Саясий божомол

АДАХАН МЫРЗАНЫ КАЙСЫ КЫЗМАТ ОРДУ КҮТҮП ТУРАТ?

Адахан Мадумаров бийликтин бийик бутактарында аралашып жүрөт. Учурда убактылуу кызматсыз жүргөнү маалым. Андыктан анын алдыдагы саясий ишмердүүлүгү кайда жана кайсы багытта өнүгөрү тууралуу сурап, айрым саясат таануучуларга кайрылдык.

Кубанычбек Идинов,
экс-депутат, саясат таануучу:
“ГУБЕРНАТОР БОЛУШУ МҮМКҮН”

– Мен Адахан Мадумаровду эл башына иш түшсө найза болуп сайыла турган эр, сөзү так, ою таза, акылы тунук жигит деп билем. Саясатта жакшы ийгиликтерге жетишти. Эл аралык дипломатияны билгени менен “ашканасына” аралаша албай чабалыраак болуп турат. Бул жигит учурда кызмат күтүп бош жүрөт да. Менин оюмча, президент менен ээн сүйлөшкөн болушу керек. Үн катпай күтүп жатканы да ошондон кабар берет, болбосо кыйкырып чыкмак. Мадумаров келечекте кайсы бир белгилүү мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын толук ыйгарым укукт­уу элчиси болуп дайындалат. Болбосо губернатор же министр катары көрүп калышыбыз мүмкүн.

Чолпонбек Сыдыкбаев,
саясат таануу илиминин кандидаты,
КУУнун доценти:
“ЭЛЧИ БОЛОТ ЖЕ...”

Мадумаров убагында оппозицияда экинин бири болгон лидер эле. Саясий лидерлер иштөө стили боюнча үчкө бөлүнөт: демократиялык, авторитардык, либералдык болуп. Адахан мырза өзүн авторитардык лидер катары көрсөтө алды. Андан лидерликке тиешелүү бардык сапаттарды көрө алабыз: чечендик, реалдуулук, топту баштай билүү дагы ушул сыяктуу. Орустарда “меняются времена, меняются и люди” деген сөз бар. Ошол сыңары саясатта сөз менен иш ар дайым айкалыша бербесин Мадумаровдун соңку жылдардагы саясий ишмердүүлүгү айгинеледи. Спикер болуп турганда ЖКнын аппаратында, чарбалык иштеринде тез арада тартипти орното алды. Бирок ошол инерция менен ээлигип кетип, депутаттардын чыгып сүйлөө тартибин өзгөртүү, кимдин качан чыгып сүйлөшүнө чейин мен чечем дегени, айрым учурларда кесиптештерин кагып-силккени аша чаап кетти.
Учурда бош жүргөн Адахан Кимсанбаевич жогорку эшелондогу кызматтардын бири сунушталмайын анча-мынчасына канааттанбайт. Элчиликке кетип же жөн гана кызматтан четтеп турушу да мүмкүн. Балким, Ак үй тараптан пландалып жаткан жасалма оппозициянын туусун көтөрүп чыгар?..

Айбек Кочкоров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Robingud
2009-12-22 18:27:34
4ynynda ele okmot biylikten ketsin!!!
0
Асанбеков
2010-01-11 17:53:53
ООба кетсин, а жогорку кенеш таркап кетсин да филармонияга келип ырдап журо беришсин, кыйратып деле эч нерсе чече алышпай алдары жетпей жана окмот аларды угуптта койбойт
0
№ 372, 18-24-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан