Экономика министрлиги тараткан маалыматка караганда, өлкөбүздүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү келишиминдеги көпчүлүк протоколдор макулдашылган. Бирок Кыргызстан үчүн маанилүү болгон негизги 2 маселеде тараптарды канааттандырган бир да пикир жок болуп жатат.
Биринчиден, кыргыз тарап Кытай өлкөсү каржылап жаткан биргелешкен инфраструктуралык долбоорлордун негизинде аталган өлкөдөн биздин мамлекетке алынып келе турган товарларга бажы жеӊилдиктерин талап кылууда. Экинчи маселе ветеринардык көзөмөлгө байланыштуу. Башкача айтканда, Кыргызстан ветеринардык көзөмөлдү өзү жүргүзгөндөн кийин анын үстүнөн кошумча аудит болот деген эрежеге каршы.
Мындай пикир келишпестиктерден улам тараптар 8-майга чейин Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча документтерди ратификациялоого жетишпей калуулары мүмкүн экендиги айтылууда. Эске салсак, 9-майда биримдикке мүчө мамлекеттер келишимге кол коюшмак.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg